Он жетинчи сан

Мазмуну
Алдыда биз мусулмандардын көптөн күткөн эң улуу, эң шаңдуу майрамы КУРМАН АЙТ келе жатат. Курман айт – ынтымак-ырашкерликти, биримдикти, ыкласмандыкты жана сүйүүнү даңазалаган улуу майрам. Курман айт – чоң-кичине, ооруу-соо, бай-кедейдин ортоктош кубанычы.
Андыктан АК БАШАТ журналы жалпы окурмандарын келе жаткан КУРМАН АЙТ майрамы менен чын дилден куттуктайт! Алла Таалам эки дүйнөдөгү өмүрүбүздү айт күнүндөгүдөй шаңдуу кылып, кайгы-кападан, жаманчылык, кара кырсыктардан Өзү сактасын!
Урматтуу окурмандар! Сиздерден келип жаткан кат-кабарлар, телефон аркылуу айткан ыраазычылыктарыңыздар демибизге дем кошуп, ушул АК жолдо кызмат кылууга болгон ынтызарлыгыбызды дагы да арттырып келет. Сиздердин сын-пикирлер эске алынып Ак Башат барган сайын түрдүү тармактагы маалыматтарды бергенге жан үрөп, өзүңүздөр күбө болгондой асемдик жана сапаттык жактан мыкты деңгээлге жетүүнүн аракетинде.
Бул санда «КАЙДЫГЕРЛИК!!!» темасы козголду. Учурда башкаларды мындай кой айрым бир диндештерибиз өз динине, ибадаттарына, мусулмандык милдеттерине карата кайдыгер мамиле жасап келиши жалпыга маалым. «Биз мусулманбыз. Ата-бабабыз мусулман болгон» дегенден башка мусулмандык эч кандай деле жышаан көзгө учурабайт. Күнүмдүк турмушта Европаны туурап жашоо жана мода куумай, өзгөчө жагдайларда болсо шаманчылыктан калган ырым-жырымдардын колдонулушу дале болсо калбай келе жатканына күбөбүз.
Экинчи жагы болсо ыйманга, өмүргө, ден-соолукка, Алла Таала ыроологон мал-мүлккө болгон кайдыгерлик кооптуу дарттай болуп ырбап, мунун кесепети катары ысырапкорчулук, ачкөздүк, дүнүйөкорлук тамыр жайып баратат. Ар бир окурман бул сандагы кайдыгерлик тууралуу макалаларды окуп, турмушта жүзөгө ашырып, анан да кайдыгерликке сүңгүп бараткандарды ойготууга себепчи болор деген үмүттөбүз.
Жана да дин боюнча мыйзамдын зарылдыгы, диний билим берүүнүн маанилүүлүгү, зарылдыгы жөнүндө маектер уюштурулду. Сиздер бул багытта Кыргыз Республикасынын эки эл акыны Сооронбай Жусуев менен Надырбек Алымбеков, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков менен болгон кызыктуу маектерди окуй аласыздар. Мындан сырткары калыптанып калган рубрикаларыбыз өз нугунда уланып, мусулман баласы билүүгө тийиш болгон зарыл маалыматтарды сиздерге сунмакчы.
Урматтуу мекендештер! 2009-жылдын январынан баштап чыга турган сандар үчүн бир жылдык жазылуу өнөктүгү башталды. Андыктан баарыңыздарды жазылууга чакырабыз!