Он жетинчи сан

Мазмуну
Азирети Айша Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васалла) өмүрлүк жары болгон. Ал өзүнүн илимге болгон ынтаасы, жөндөмдүүлүгү жана ислам динин жайуудагы аракети, ак кызматы менен Ислам укугунун негизделүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын хадистеринен эң көп риваят кылган кутман сахабалардын катарынан орун алган болуп эсептелет. Ал Пайгамбарыбыздын 2210 хадисин мусулмандарга жеткирген.
Азирети Айша улуу көчтөн сегиз жыл илгери, тагыраак айтканда 614-жылы Меккеде мусулман үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Абу Бакир Сыддык, ал эми энеси Умму Румман бинти Аамир аттуу ардактуу сахабалардан болгон. Анын Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен баш кошуусу Алла Тааланын буйругу болгон. Бул окуя Ислам тарыхы китептеринде төмөнкүчө түшүндүрүлөт. Азирети Хадижа эне бул дүйнөдөн көз жумган соң
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) түшүндө Жабрейил периштени көрөт. Ал Алланын элчисине «Эй Алланын элчиси! Бул кыз сенин өмүр жолдошуң. Сенин кайгыңа жана жалгыздыгыңа арачы болмокчу» деп айтат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул түштөн Алла Тааланын буйругу менен Айшага үйлөнөөрүн түшүнөт. Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздын ал-жайын сураганы Усман бин Мазун (р.а) жана анын аялы Хавла бинти Хаким (р.а.) келет. Ошондо Хавла көңүлүндөгү сунушун Пайгамбарыбызга (с.а.в.) айтканда Алланын элчиси көргөн түшүнүн негизинде Азирети Айшага жуучу кылып Хавланын өзүн жиберет. Азирети Абу Бакир жана анын үйбүлөсү макулдугун берет.
Бул учурда Меккелик бутпарастардын мусулмандарга жана Пайгамбарыбызга (с.а.в.) көрсөткөн зордук-зомбулуктары күндөн күнгө күчөп бараткан эле. Алланын элчиси мындай зордук-зомбулуктардан тынчы кетип, Меккеден башка бир жерге байыр алып исламды ошол жерде жайууну көптөн бери көздөп жүрөт. Ал үчүн алгач Алланын буйругун күтүү керек эле. Ошол күндөрдүн биринде көптөн күткөн буйрук да келет. Алланын сүйүктүү элчиси сүйүнгөнүнөн Азирети Абу Бакирдин үйүнө барып кубанычтуу кабарды айтып, чогуу сапарга даярданып Меккеден Медина шаарына көчүшөт. Мединага жайгашкандан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Зайд бин Харис менен Абу Рафини, Азирети Абу Бакир (р.а.) болсо Абдуллах бин Урайкитти (р.а.) үй-бүлөлөрүн алып келүү үчүн Меккеге жиберишет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Азирети Абу Бакирдин үй-бүлөсү Меккеден Мединага келген соң Алланын элчиси (с.а.в.) Азирети Айша менен баш кошот.
Бардар үй-бүлөдө жашаган Айша (р.а.) энебиз Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен тогуз жыл чогуу жашаган. Азирети Айша (р.а.) Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен канчалаган кыйынчылыкты, жокчулукту баштан кечирбеди! Үйүндө жегенге эч нерсеси калбаган күндөр өттү. Бирок Айша энебиз мунун айынан эч качан Пайгамбарыбызга арызданган жок. Тескерисинче, сүйүктүү жолдошун капа кыла турган нерселерди айтпоого аракет кылып, Ислам динин үйрөнүүгө жана аны менен жашоого умтулуп, ар дайым Пайгамбарыбыздын айткан куттуу сөздөрүн кунт койуп угуп, жаттап алчу. Түшүнө албаган маселелерди дароо сурай турган. Анын диний маселелерди түшүнүүсү, жөндөмү жогору болгондугу үчүн Алланын элчиси ага өзгөчө мамиле жасаган. Аны ар дайым илим алууга үгүттөй турган. Айша энебиз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Пайгамбарыбыздан көп суроо сурап, Исламды жакшы үйрөнүүгө аракет кылган.
Учурунда Азирети Айшага айрым бир караөзгөйлөр тарабынан жалган жалаа да жабылган. Бул окуя Ислам тарыхында «ифк окуясы» деген аталыш менен жалпы мусулман дүйнөсүнө маалым. Окуя төмөнкүчө жараян эткен: Бу окуя Мурайси жүрүшүнөн кайтып келатканда болгон. Алла Элчисинин өмүрлүк жары Азирети Аиша1 кошуун эс алган жерден бираз алыстап кетет. Кайра артка кайтып келгенде кошуун эбак эле жылып кеткен болот. Анткени ал учурда аял киши төөнүн өркөчүнө отургузулган «хавдаж»дын ичине отура турган. Ошондуктан кошуун жылган кезде сахабалар Азирети Аишаны төөнүн үстүндөгү хавдажда деп ойлошкон. Азирети Аиша кошуундун аркасынан түшүп жоголуп кеткенден көрө, ошол жерде күтүүнү эп көрөт. Сапардан абдан чарчагандыктан отурган жеринде көзү илинип кетет. Ал учурда кошуундан калгандарды алып баруу үчүн атайын жооптуу адамдар дайындала турган. Мында бул озуйпаны аркалаган Савфан бин Муаттал Азирети Аишаны көрүп:
«...Биз Аллага таандыкпыз, кайра Ага кайтабыз...» (Бакара, 156) –деген аятты окуп ойготот.
Азирети Аиша үндү угаары менен ойгонот. Савфан бир да сөз сүйлөбөстөн төөнү чөктүрөт. Азирети Аиша энебиз төөгө минет. Түшкө маал кошуунга жетип келишет. Муну көргөн эки жүздүү караөзгөйлөрдүн чырагына май таамп, ооздоруна келген жалган жалааларды чыгара баштайт:
- Булар бирдин ичинен чыгышты - дешет. Алтургай Абдуллах бин Убай:
-Мына, Пайгамбарыңардын жубайы башка адам менен түн өткөрүп... - дегенге чейин барат.
Жалган ушак тез арада кошуунга жайылып кетет. Азирети Абу Бакир катуу кайгырып, ыйламсыраган үн менен:
-Валлахи, биз мындай жалааны караңгылык доорунда да көргөн эмеспиз!... -деген экен.
Азирети Савфан да эмне дээрин билбей, муңканып түнөрөт. Ал Алла Элчисинин:
«Сен жөнүндө жакшылыктан башка эч нерсе билбейм!..»-деген мактоосуна арзыган сахаба эле.
Бул окуя баарыдан да Алланын акыркы Элчисине өтө оор тийет. Бу окуядан кийин ал үйүнөн көп сыртка чыгалбай, элдин жүзүн карай албас болот. Бу жаатта атайын изилдөө жүргүзөт. Азирети Аишанын күнөөкөр болгонуна кыпындай да белги, себеп жок эле. Бирок эки жүздүүлөр ооздоруна алы жетпей бар күчү менен Азирети Аишаны жаманатты кылууга жандалбас урушат.
Окуяны эң акыркылардан болуп Аиша энебиз угат. Мындай оор жалааны угаар замат апкаарып калтаарып калат. Эл арасына шамалдай жайылган жалааны үйүнөн укканда өзүн жоготуп кое жаздайт. Ошентип Пайгамбарыбыздан уруксат сурап, атасынын үйүнө окуянын жөн жайы туурасында маалымат алуу үчүн барат.
Пайгамбарыбыз окуя тууралуу Аиша энебиз менен сүйлөшкүсү келет. Абу
Бакирдин үйүнө барып өмүрлүк жарына:
Эй, Аиша! Сен жөнүндө мага сөздөр келип жатат. Эгер күнөөң жок болсо, Алла сени таза чыгарат -дейт.
Алла Элчисинин да жалган жалаадан түйшөлүп турганын байкаган сезимтал Азирети Аиша ата-энесин карап калат. Ата-энеси экөө тең эч нерсе унчукпай турганын көрүп, көзү жашылданып Алла Элчисине:
-Валлахи, жакшы түшүнбөдүм. Силер айтылып жаткан (ушактарды) угуп, ишенген өңдүүсүңөр. Азыр мен күнөөм жок десем –Алла муну билет- силер ишенбегендейсиңер. Бирок Алла Таала менин күнөөсүз экенимди эң жакшы билет. Мен ошол ушактарга каршы Алладан гана жардам сурайм - дейт.
Ошентип, иштин аягы Кудайы вахийге гана калат. Көп өтпөй Алла Таала бул окуя тууралуу аяттарын түшүрөт. Эл арасында айтылып жаткан ушак-айыңдардын баары тең элбузар караөзгөйлөргө таандык болгондугу ачыкка чыгат. Жараткандын аяттары
Азирети Аишаны жалаадан оолак кылып, эки жүздүүлөргө тийиштүү азабын кабарлап катуу эскертүү берет.
Жараткан Алла бул жагдай туурасында төмөнкү аяттарын түшүргөн эле:
«Чындыгында, бул жалааны ойлоп тапкандар өзүңөрдөн эле чыккан топ. Аны өзүңөр үчүн жамандык деп ойлобогула, тескерисинче, ал силер үчүн жакшылык. Алардын ар бири күнөөгө ээ болду. Аларга башчылык кылган адам үчүн чоң азап бар. Аны (жалааны) укканыңарда момун эркектер жана момун аялдар бири-бири жөнүндө жакшылыкты ойлоп: «Бул айдан ачык жалаа!»- деген болсо (өздөрүнө жакшы болор эле). Алар ага төрт күбө келтириши керек эле. Албетте, алар күбө (далил) келтире алышкан жок. Мына ушулар – Алланын алдында жалганчы адамдар. Эгер силерге бул дүйнө менен акыретте Алланын жакшылыгы, ырайымдуулугу болбогондо, албетте, жалган жалаа жапканыңардын айынан зор азапка дуушар болмоксуңар. Ошол убакта өзүңөр билбеген нерсени (жалааны) өзүңөр анык билбеген нерсени сүйлөп (жайылтып) ага жеңил карадыңар. Чындыгында ал (жалаа) Алланын алдында чоң күнөө. Аны уккан чагыңарда: «Бул (имишти) сүйлөш бизге жарашпайт. Оо, Жараткан, Сен аруусуң. Бул чоң жалаа!» десеңер болбойт беле?! Эгер момун болсоңор, анда Алла мындайды эч качан кайталабашыңарды эскертет. Ошондой эле Алла силерге Өз аяттарын баян кылат. Алла - Билүүчү, Даанышман! Ырас, ыйман келтиргендердин ичинде чагымчылык, жалаа жайылышын каалагандарга дүйнөдө да, акыретте да жан чыдагыс азап бар. Алла билет, силер билбейсиңер. Эгер силерге Алланын жакшылыгы, ырайымдуулугу болбогондо (катуу жазага дуушар болмоксуңар). Чындыгында, Алла - Боорукер, Мээримдүү! Эй, момундар! Шайтандын жолу менен жүрбөгүлө! Ким шайтандын жолу менен жүрсө, анда, албетте, (шайтан) бузукулукка, жамандыкка буйруйт. Эгер силерге Алланын жакшылыгы, мээрими болбогондо, эч бириңер эч качан (күнөөдөн) тазалана алмак эмессиңер. Бирок, Алла Өзү каалаган пендесин күнөөдөн арылтат. Алла – Угуучу, Билүүчү» (Нур, 11-21)
Бул аяттар түшүрүлгөн соң Алланын Элчисинин жүзүнө жылмаюу кирип, Азирети Аишага келип:
-Сүйүнчү, эй, Аиша! Алла Таала сени жалган жалаадан арылтты! – деп кубанычын жашыра албайт.
Анда Азирети Аиша аяттарды өз көзү менен окуган соң үнү калтырап:
-Мен сыяктуу алсыз кул жөнүндө аят түшө турганын эч ойлогон эмесмин. Мен Алла Элчисинин жүрөгүнө бир илхам келип, бардыгы ачыкка чыгат деп ойлогон элем! - деп көзүнөн жашын тыя албай, Жараткан Аллага шүгүр келтирген экен.
Азирети Айша Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин кырк жети жыл жашаган. Ал 66 жаш курагында мусулман жылсанагы боюнча 57-жылы Рамазан айынын он жетисинде одүйнө салган. Алла Таала жаткан жерин жайлуу, топурагын торко кылып, жанын жаннаттан кылсын! Алла ага ыраазы болсун!
1Алланын Элчиси ар жүрүштө жубайларынан бирөөнү чек таштоо менен алып бара турган. Мурайси жүрүшүндө чек Азирети Аишага түшкөн эле.