Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

«Миңдеген кишилердин бул динге кирип жатканы Исламдын бүтүндөй принциптеринин тууралыгында»

Акылбек Халбеков: Ассаламу алейкум, Сооронбай агай. Төр маегибизге кош келипсиз. Анда кепти чыгармачылык жолуңуздан учкай маалымат менен баштасак.

Сооранбай Жусуев: Мен он сегиз жашымда 1943-жылы армияга алынып, согушка аттанганмын. Башта мектепте ыр жаза коюп, дубал гезиттерге чыгара коюп жүрчү элем. Таланттын көрөңгөсү бар экени өзүмө да сезилчү. Ошентип мекенден алыста, кан майданда, өмүр менен өлүм кармашкан жерде жүргөндө шык козголуп биринчи ырымды жазып жөнөтүп жибергенмин. Ал жөнүндө дайым айтып жүрөмүн. Ошондо Советтик Кыргызстан деген адабий журнал бар эле. Кийин ал Ала Тоо болду. Ошол 1943-жылы «Алдыда жүргөн кыргыздар» деген биринчи ырым журналга чыккан. Кийинки жылы эки ырым чыкты. Ошол кезде эң улуу акындардын бири Жоомарт Бөкөнбаев эле. Ал кишиге жазып жиберсем, ал мага «... мындан кийин да ырларды жазып тур...» деп жооп кат жазып жибериптир. Согуш убагында көп жазалбадым. Согуштан келгенден кийин Совет (Каракулжа) районунун гезитинде жооптуу катчы болуп иштедим. Областтык Ленин жолу гезитинде бөлүм башчы болуп иштедим. Дал ошондо Ошто адабий ийрим бар болчу. Камчы Жунусов деген агайыбыз ошол ийримге башчылык кылчу. Гезитке ай сайын адабий бет чыкчу. Ошол адабий бетке бир ырыбыз чыгып калса, аябай кубанчубуз. Ал кезде мен Оштогу мугалимдер институтунун кыргыз тили жана адабияты деген факультетинде окуйт элем. Эки жылдан соң Ленин жолу гезитинде кайра иштеп калдым, ырларым да көп чыга баштады. Ошентип чыгармачылык жол башталды. 1947-жылы Кыргызстандын жаш жазуучуларынын биринчи кеңешмеси болуп, кээ бир жазуучулар менен таанышкам. Жазган ырларыбыз ошол жерде талкууланып, сынчылардын пикирлери айтылчу. Кыргызстан жазуучулар союзунда Узак Абдукаимов деген жаштар боюнча кеңешчи бар эле. Ал өтө чоң котормочу болгон. Жазгандарымды ошол кишиге жиберип турчумун. Менин ырларымды талдап, тандап өзү редактор болуп 1950-жылы «Эмгек күүсү» деген жыйнагымды чыгарган. Бул менин биринчи ырлар жыйнагым эле. Бул китебим чыгаардан бир жыл мурда ошол кишинин сунушу менен 1949-жылы 14-январда Кыргыз СССР жазуучулар союзуна мүчө кылып кабыл алышты. Ошондон бери мүчөмүн, мына жазып келе жатабыз. 1951-жылы Москвада Максим Горький атындагы адабий институтта окудум

Мени менен кошо Байдылда Сарногоев да барган. Экөөбүз ошол жерде беш жыл окуп, бүтүп келгенбиз. 1957-жылдан баштап өзүмдүн биринчи ырларым чыккан Ала Тоо журналына редактор болуп калдым. Ал жерде эки жыл иштедим. Ошондо Ч. Айтматов менен таанышып, анын «Бетме бет» деген аңгемесин журналга чыгарганбыз. Кийин бул повест болгон. 1958-жылы «Обон» (Жамийла) деген чыгармасын жарыялаганбыз. СССР адабий фондунун каражаты аркылуу жазуучуларга ушул биз отурган үй курулган. Ал кезде үй аябай тартыш болгон, көп жазуучулар үйсүз жүргөн. 1957-жылы 3-ноябрда үй жазуучуларга берилген. Ошондо Чыңгыз Айтматов экөөбүз жазуучулардын эң жашы экенбиз, бизге үй жетпей калган. Эки үй-бүлөнү бириктирип туруп бир квартирага киргизген. Ушул мен отурган бөлмө менен коңшу бөлмөдө Айтматовдун үй-бүлөсү, аркы эки бөлмөдө менин үй-бүлөм турган. Ошентип бир квартирада үч жылдан ашык жашаганбыз. Ынтымакта жашайт элек. Аларга конок келсе бизди чакырат эле, бизге конок келсе алардын үй-бүлөсүн чакырат элек. Айтматов жөнүндө да бир топ ырларды жазгамын. Анын сексен жылдыгына арнап китеп чыгарып колуна тапшырайын деп аткам. Менин үч китебим чыгып 31-майда китеп тоюн өткөрдүк. Айтматов жөнүндө чыккан китебимди өзүнө берейин, ошол китеп тоюнда Айтматов төрдө олтурса деп ойлоп жүргөндө ооруп калды деп уктук. Ошентип китептин бет ачар аземи өттү. Китепти жазуучуларга таркатып бердим. Арадан он күн өткөндөн кийин эле Айтматов дүйнөдөн өттү деген суук кабар келип калды. Чыгарган китебимди анын колуна бере албай калдым.

Узак жылдардан бери поэзия майданында эмгектенип келе жатам. Көптөгөн китептерди, ырларды, поэмаларды жаздым. Алган темаларымдын негизгиси согуш, тынчтык болгон. Себеби өзүм согушту өз көзүм менен көрүп, катышып келгенден кийин жазбай койо албайт экенсиң. Экинчи бир темам тоо болгон. Тоолор жөнүндө абдан көп ырларды жаздым, дагы да жаза бермекчимин. Кыргыз үчүн тоонун мааниси өтө чоң.

А. Х: Адам баласынын жан азыгы, рух муктаждыгы кандай дөөлөттөр менен шөкөттөлүшү керек деп ойлойсуз? Себеби, учурда адам баласы рух муктаждыгын наркомания, аракечтик сыяктуу жосунсуз жоруктар менен толтурганга жандалбас уруп келет.

С. Ж: Байыртан бери кыргыз эли ичкилик дегенди билген эмес. Орус туугандарга кошулгандан кийин ошолордун таасири менен ичкиликке берилип кетти. Муну менен кыргыздын рухий дүйнөсү бузулду. Кыргыздар ичкиликсиз эле кымыз, максым, жарма, ичип келген. Өзүнүн рухий дүйнөсү да, үй-бүлөлөр да жакшы сакталган. Илгери кыргызда баш кошуу көп болуп, ал эми ажырашуу өтө эле аз болгон. Азыркы заманда көбүнчө ичкиликтин таасиринен көп эле жаштар ажырашып кетип жатышат. Туруксуз үй-бүлөлөр көбөйүп, жалпы эле биздин рух дүйнөбүзгө зыян келтирип жатат. Азыркы жаштарды бул нерселерден сактоого дин маселеси жакшы ролду аткарат деп ойлойм. Азыр мына кийинки жылдары Исламдык мектептерде, институттарда окуган жаштарыбыздын өзүнүн ойлоо процесси, элге мамилеси жакшы болуп жатат.

А. Х: Демек сиздин көз карашыңызда адамдын рух муктаждыгын, тарбиялык өнүгүүсүн, дегеле үй-бүлө аркылуу улуттун угутун сактап калуу үчүн динге кайрылышы керек турбайбы?

С. Ж: Албетте биздин кыргыз эли Исламга кайрылышы керек. Анткени Исламда араккечтик, ажырашуу, баңгилик жана башка азыр ылганбай адал катары турмушта колдонулуп жүргөн терс жолдор арам деп эсептелет.

А. Х: Сиз жана Айтматов тууралуу кеп кылып кеттиңиз. Курдашыңыз Чыңгыз Төрөкулович акыркы сапарга узап кеткенден кийин ар кандай басылмаларда «ал киши мусулман болгонбу же атеист беле?» деген сыяктуу ар кандай пикирлер айтылып келе жатат. Эми сиз чыгармачылык жолдо чогуу басып, бир үйдө чогуу жашап жүрүп билсеңиз керек.

С. Ж: Ал менен чыгармачылык жактан жакын мамиледе болуп жүрдүм. Көп жолу окурмандар менен жолугушканда Кудай барбы, Кудайга ишенесизби? сыяктуу суроолор берилиптир. Ошоно Чынгыз мен билгенден мындай деп жооп берген экен: «Кудайдын бар же жок экендигине өзүңдүн көңүлүңдө ишенишиң керек. Көңүлүңдө ишенсең, демек Кудай бар». Өзү Кудай жок деп айткан да эмес. Кийин айтып калчу: «Мен бардык адамзатты жакшы көрөмүн, сүйөмүн. Кудайга көңүлүңдөн ишенишиң керек. Кудайды урматташың керек. Өзүңдүн көңүлүңдө ишеним болуш керек» деп айтып калчу. Ал эми Кудайды жок деп айтканын укканым жок.

А. Х: Коммунизм, социализм доорунда жашап, ошонун тузун таткан биздин улуу муундун көптөгөн каймактары атеизмди жактап «кудай жок» деп келишти. Сиздин бул багыттагы көз карашыңыз кандай?

С. Ж: Окуучу кезден баштап баарыбызды атеист кылып, динге каршы тарбиялап келди өткөн система. Чыңгыз Айтматов менен дүйнөдөн өтөөрдөн бир топ илгери бир жерде отуруп калдык эле. Казат Акматовдун энесине Куран окутканы барганбыз. Бизди аксакалдардын катарына отургузду. Ошондо Чынгыз: «Сооронбай көп кишилер ажыга барып жатат. Сен кандайсың?» деп сурап калды. Мен: «Бизди бүт атеист кылып тарбиялаган. Ошонун таасири азыр деле кете элек. Ошондуктан өтө эле динчил болуп кетээримди элестете албайм. Жашым да бир топ өйдөлөп кетти. Ажылыкка бара албайм го...» деп жооп бергемин. Бирок миң атеист болуп тарбиялансаң да, руханий баалуулуктарга жүрөгүң ачык болуп, көңүлүң ийкемдүү болушу керек. Ислам эч качан жамандыкка эмес, жалаң гана жакшылыкка, бактылуулукка үндөп келген.

А. Х: Демек, көңүлүңүздөн Алланын бар экендигине ишенесиз?

С. Ж: Ооба.

А. Х: Эми улуттук көйгөйлөргө келсек, айрым мекендештерибизден башка секталарга өтүп кетип, эл арасында чыр-чатактар болуп жатат. Мына ушуларга көз карашыңыз, айтаар насаатыңыз.

С. Ж: Биздин кыргыз калкы негизинен Исламды кабыл алганбыз. Ушул диндин негизинде жүрүп, Ислам динин урматтап, дүйнөдөн өтүп кетсе туура болот эле. Кайсы динди карманаары ар адамдын ыктыяры деп койдук мыйзамда. Мындан пайдаланган айрым секталар көп коркунучтуу кырдаалдарды жаратып жатат. Өздөрүнүн динине өткөн кишини сатып алып жатышат. Адамдар аларга өз ыктыяры менен өткөн жок. Материалдык муктаждыктан кетип жатышат. Оокаты өтпөй алган, аз иштеп тапкан адамдар ошого өтүп кетип жатат. Кыргыздардан башка диндерге өтүп кеткендерди мен көп эле көрүп жүрөм. Секталардын чогулуштарына көп жаштардын барып жүргөнүн да байкап жүрөм. Мына, өткөн жылы Куланакта башка динге өтүп кеткен бир бала өлгөн экен. Ошону мусулмандардын көрүстөнүнө койбой чоң чатак чыкты.

Ошондуктан менин оюмча Ислам динин кармап, ушул динди урматташыбыз керек. Жанагы ар кандай динге берилип кеткендик – адамдын өзүнүн туруксуздугу, эки жүздүүлүгү деп айтаар элем мен. Бул абдан начар көрүнүш. Ошондуктан биздин диний мекемелер бул нерсеге көбүрөөк көңүл бурушу керек. Ал эми ишти бошоң алып барышса, мусулмандардын катары азайа берет.

Бизде мурда чоң аянтта намаз окулчу. Ошого тыю салып, эски аянтка көчүрбөдүбү. Ушуну туура эмес кылды. Жөн эле чоң аянтка уруксат берип коюш керек эле. Миңдеген кишилер келип ошол жерде намаз окуйт. Азыр таптакыр кысып атат. Ислам динин кысуунун кажети жок. Анын эч зыяны жок эле. Кайра ынтымакчылык оожалып, бийликке ишеним пайда болмок. Ошону биздин өкмөт туура эмес кылды.

А. Х: Азыр атеизмди алдыга сүрөгөн система жок. Кыргызстан демократиялуу, эркин мамлекет болуп калды. Мамлекет да динге жардам бергиси келип жатат. Бирок, өзүбүздүн эле элден чыккан айрым билимдүү, интеллигент сөрөйлөр жана башка өлкөлөрдөн келген айрым уюмдар Исламга тоскоолдук жаратып жатышат. Мисалы ыйман, адеп жана дин таануу сабагынын керексиздигин айтып дегендей. Сиздин оюңузча мурдагыдай адам маймылдан жаралган же Кыргызстандын аймагына бир үйүр маймыл келген деген сыяктуу эски системанын калдыктары окутула бериши керекпи?

С. Ж: Ашынган билимдүү адамга деле дин керек экендигин адамдын табияты, мезгил өзү көрсөтүп жатпайбы. Мамлекет өзү демилге көтөрүп коркпой эле башталгыч класстардан баштап эле ыйман сабагын киргизиш керек. Анан айрыкча, диний билим берүүдө жеңилден татаалга карай деген ырааттуу программаны түзүшү керек биздин дин адистери. Башка жактан келип динди бузуп жаткандарды жакын жолотпош керек, алар менен күрөшүш керек. Азыр деле дин башка, мамлекет башка деген баштагы эле кесепеттүү саясатты колдонуп жатабыз. Динди жакындатыш керек.

А. Х: Батыштык массалык маалымат каражаттары көп мезгилден бери Ислам динин каралап, террордук, экстремисттик дин катары таанытып жалган жалаа жаап келе жатышат. Бирок ошого карабай элдин Ислам динине болгон мамилеси жакшы эле болуп жатат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Балким, Исламдын таза, аруулугундадыр?

С. Ж: Биз Россия менен бир болгон кезде, октябрь революциясынан кийин динге каршы мамиле өтө катуу болгон. Диний кызматкерлерди, диний топторду жок кылып жиберишкен. Чиркөөлөрдү, мечиттерди кыйратып жиберишкен. Ошол кезде Россияда абдан чоң зыян келтирилген. А биздин мечиттер канча талкаланды. Ошого карабастан эл динди урматтап келген. Башта облустук же райондук борборлордо гана болсо, азыр ар бир айылдарда мечиттер курулуп жатат. Ислам динин кабылдаган мусулмандардын саны өсүп жатат. Ошол сыяктуу эле Европада да, Россияда да Исламды кабыл алгандар көбөйүп жатат.

Диндердин эң жашы, прогрессивдүүсү жана интелетуалдык көрөңгөсү өтө эле бийиги Ислам дини болуп эсептелет. Дүйнө эли да сокур эмес. Алар да билип, окуп, ошонун натыйжасында мусулмандардын саны арбып жатат. Европалыктар башта таптакыр эле жек көрүп келген. Миңдеген кишилердин бул динге кирип жатканы Исламдын бүтүндөй принциптеринин тууралыгында.

А. Х: Өзүңүз деле бош кезиңизде диний чыгармаларды окуйт болсоңуз керек?

С. Ж: Чынын айтыш керек, такай эмес, анда-санда Мухаммед Пайгамбардын тарыхын жана башка китептерди окуп жүрөм. Мына, Куран тетигинде турат. Ага тиш өтпөйт. Куранды китептердин эң ыйыгы деп эсептеп, колубузду жууп келип кармайбыз. Ыйык болбосо, ичиндеги идеялар туура болбосо, Ислам дини ушул убакка чейин жашай алмак эмес.

Башына