Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Кыямат

Качандыр бир жер дүңгүрөп үн чыкканда,
Качандыр бир бийик тоолор ураганда,
Качандыр бир топон суу каптаганда,
Качандыр бир караңгы түн жабылганда,
Качандыр бир көз жумгандар тирилгенде
Качандыр бир чоң сурак башталганда
Ошондо жооп бересиң амалыңа
Бир гана Аллах Таала алдында.
Азыр барбыз, эртең жок бул ааламдын койнунда,
Ишенип кой, баарыбыз бир Кудайдын колунда.
Азыр күчтүү, эртең жок, алсыз болуп калабыз
Ишенип кой, күч бизде эмес, бир Кудайдын колунда.
Азыр деле, эртең деле болсо да,
Жалынгын сен бир Кудайга Аллаага.

Башына