Он жетинчи сан

Мазмуну
Ак Башат казынасынан(уландысы кийинки санда)
Худ (алейхиссалам) Нух пайгамбардын уулу Самдын неберелеринен чыккан. Ал Ахкаф чөлкөмүндө туулуп өскөн.
«Худ» сөзү арап тилиндеги «хавадат» деген уңгудан чыгып, «сылык-сыпаа, токтоо, ынтымакка данакер» деген маанилерди билдирет.
Руханий жактан бышып жетилген соң Алла Тала Азирети Худду (алейхиссалам) Ад коомуна пайгамбар кылып жиберет. Жараткан тарабынан кыйратылышы менен бүтүндөй адамзатка сабак катары тарыхта калган Ад коому байырлаган Ахкаф аймагы азыркы Йемен, Аден жана Оман өлкөлөрү турган жерде жайгашкан.
Ад коомун жыйырма үч уруудан турган арап насили түзөт. Нух пайгамбардын небереси Аддын ысмы ушул коомчулукка энчилүү ат болуп калган. Булар болжол менен Азирети Нухтан сегиз кылымдан кийин жашап өткөн.
Жазма булактарда Ад коомунун адамдары узун бойлуу, алп денелүү, олбурлуу жана узун өмүрлүү болгондугу айтылат. Аймактын топурагы семиз келип, мол түшүмдүү болгон.
Ад коому аскаларды оюп үй жасап, кооз имараттарды курушкан. Ошол имараттардын ичине миң түркүн бак-дарактарды өстүрүү, суулары атырылып туруучу кооз көлмөлөрдү жасоо алардын сүйүктүү иши болгон. Мына ушулардын баары бир көргөн адамдын көз жоосун алып, кайра кайра көрүүнү саматчу экен. Шөкөттөп көркөмдөө жагынан жогорку деңгээлге жетип, байлыктарынын көптүгү, кооздугу жана жасалгалуулугу менен кадыр-барк, атак-даңк күтүп калышкан.
Алла Таала ченебей берген дүнүйө-мүлктү көтөрө албай, убакыт өткөн сайын бул коомдо текеберлик, менменсинүү күч ала баштайт. Сан-миң нематтардын көптүгүнө алданып, байлыктын артынан сая түшүп алышат. Сыноо үчүн берилген байлыкка манчыркап, көздөрүн май басып, куйтулук, зыянкечтик жана башаламандык ырбагандан ырбап, чыныгы динден оолактап кетишет. Ата-бабаларынын башын жалмаган топон-суу алааматынан сабак алуунун ордуна, аны эстен чыгарып коюшат. Алла Таала алар тууралуу мындай деп буйурат:
«Эми Ад (уруусуна) келсек, ошондо алар жер жүзүндө текеберленип бой көтөрүштү. Алар: «Бизден да күчтүү ким бар?» дешти. Акырында Жараткан Алла өздөрүнөн да күчтүү экенин билишпедиби алар! Алар ошондой эле Биздин аяттарыбызды танып жокко чыгарышты» (Фуссилат сүрөсү, 15-аят).
Ад коому рухий өңүттөн да Кудайдан безе качып Самад, Самуд, Сада жана Хаба аттуу буттарга сыйына башташат. Адилетсиздик күч алып, алсыздардын укугу тебеленгенден тебеленет. Убакыттын өтүшү менен бул жорук көнүмүшкө айланып, ырайымсыз, зөөкүр коомго айланышат. Алсыздарды кордоп бийик имараттын үстүнөн түртүп жиберип, андан өзүнчө ырахат ала турган деңгээлге жетишет.
Азирети Худ болсо бул коомго уруулук жагынан гана байланышы бар болуп, жашоо өңүтүнө келгенде алар менен эч кандай алакасы жок болгон.
Ад коому ашкере бузулуп, ак жолдон чыгып кеткендиги себептүү Алла Таала аларга Азирети Худду пайгамбар кылып дайындаган.
«Ад коомуна өз насили-тууганы Худду пайгамбар кылып жөнөттүк» (Худ сүрөсү, 50-аят).
Бул вахий билдирилген соң Худ (алейхиссалам) коом топтолгон жерге басып келет. Ал келген кезде коомдун падышасы Халжан алтын тактысында отурган болот. Азирети Худ сөз алып, максатын жар салат:
“Эй, эл-журт! Аллага ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан өзгө кудай жок. Анын азабынан коркпойсуңарбы?!” (Араф сүрөсү, 65-аят).
“Эл-журт, Жараткан Алладан кечирим сурагыла. Ага тообо кылгыла, ошондо Ал үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырып, дагы күч-кубат кошот. Күнөөкөрлүккө батып Андан жүз үйрүбөгүлө!” (Худ сүрөсү, 52-аят).
Дөөлөткө дөөрүп, байлыкка башы айланып манчыркап турган Халжан жана анын айтканын эки кылбаган Ад коому Худ пайгамбарды теңсинбей, тескерисинче ага наалат айтып, чакырыкка моюн толгошот.
“Алар айтышты: Худ, сен бизге (өзүңдүн пайгамбарлыгыңды тастыктай турган) бир далил көргөзгөн жоксуң. Сенин куру сөзүңө моюн сунуп, кудайларыбыздан баш тарта койчу биз эмеспиз!” (Худ сүрөсү, 53-аят).
“Биз болгону: «Сени кудайларыбыздан бирөө жарымы катуу урган!» дегенден башка сөз айта албайбыз” (Худ сүрөсү, 54-аят).
“Ал айтты: Эл-журт, мен наадан эмесмин. Тескерисинче, бүткүл ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын!” (Араф сүрөсү, 67-аят).