Он жетинчи сан

Мазмуну
Ак Башат казынасынан
Үй жаныбарларын жана тирүүлөй кармалган жаныбарларды адалдоо үчүн шариятта көрсөтүлгөн мууздоо таризине кылдат мамиле жасоо кажет. Мууздоо иши жаныбар тирүү турганда жүзөгө ашышы керек. Башкача айтканда, өлүк жаныбарды мууздоо менен аны адалдоого болбойт. Балык түрүндөгү жаныбарларды мууздоонун кажети жок (Абу Давуд, Тахарат, 41).
-Мууздоонун алдында «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп Алланын атын айтуу керек.
Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Алланын аты айтылбай мууздалган малдын этинен жебегиле!» (Анаам сүрөсү, 121-аят). Имам Аазам агымы боюнча, малды мууздоо учурунда «Бисмилла» атайын айтылбаса, анда союлган малдын эти желбейт. Бирок айтуу ниетте болуп, айтылбай унутта калып союлуп калса, анда анын этинен жегенге болот. Союлуп жатканда Алланын ысымдарынан бир ысмын айтса да болот.
- Малды мууздоодо малдын кокосундагы эки чоң кан тамыры (күрөө тамыры), кекиртеги (кызыл өңгөчү) жана дем алуу түтүгү (кокосу) кесилиши керек. Союлган малдын адал болушу үчүн булардан жок дегенде үчөөсү кесилиши кажет. Эгер бул тамырлардын эң азынан үчү кесилбей калса, анда ал мал тарп өкүмүнө кирип калат.
-Бычак абдан курч болушу керек, малды кыйнабай мууздоо зарыл.
-Малды сойгон адам мусулман же болбосо «ахли китап» (китеп ээлери) болушу кажет.
Бирок китеп ээлери тарабынан союлган мал шариятта көрсөтүлгөн мал мууздоо таризине ылайык болушу кажет. Бутпарастар, атеисттер жана башка диндердин өкүлдөрү сойгон мал желбейт. Китеп ээлери биздин пайгамбарыбызга ишенбесе да, Азирети Муса жана Азирети Иса алып келген диндерге ишенишет. Алар иудейлер менен христиандар. Куранда мындайча буюрулат: «Бүгүн силерге таза жана пайдалуу нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин тамактары силерге адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал» (Маида сүрөсү, 5-аят). Бирок бүгүнкү күндө мал-жандыкты адал мууздоо таризине кошкөңүл мамиле жасаган христиандар тарабынан союлган малдын этин жеш туура эмес. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде, христиан жана иудейлер тарабынан союлган малдын адал болушу үчүн шариятта көрсөтүлгөн мал мууздоо таризине ылайык болушу керек.
-Электр тогу, тапанча же газ менен өлтүрүү, барскан менен мал-жандыкты башка уруп өлтүрүү арам болуп эсептелет. Мындай жолдор менен өлтүрүлгөн малдын эти желбейт.
-Союлган малдын курсагынан чыккан баласы жандуу болсо, аны сойуп жесе болот. Өлүк чыкса, желбейт.
- Мал-жандыкты мууздаар алдында аны сол ыптасы менен жаткызуу, кыбыла тарапка каратуу зарыл. Бычакты алдын ала курчутуп койуу керек. Мал мууздалган соң жаны толук чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу керек.
-Үй жаныбары карматпай качып, аны кармоого мүмкүн болбосо, кийикти аткандай атып алууга уруксат берилет.
-Жогоруда эти адал деп эсептелген жапайы тоо жаныбарларын курал менен же атайын аңчылык үчүн тапталган ит менен кармоо учурунда кармалган жаныбардын эти адал болот. Жапайы жаныбар кармалган маалда жаны болсо, шариятта көрсөтүлгөн тариз менен мууздалышы керек. Бул учурда мууздалбаса, ал адал болбой калат. Эгерде кармалган маалда өлүк болсо, анда ал адал болуп эсептелет.