Он жетинчи сан

Мазмуну
Курмандык – бул белгилүү учурда белгиленген шарттардын негизинде Жаратканга жакындоо, Ага ибадат кылуу ниети менен чалынган мал. Имам Аазам агымы боюнча, белгиленген өлчөмдө мал-мүлккө ээ мусулман адам үчүн Курман айттын алгачкы үч күнүнүн биринде курмандык чалуу важип болуп саналат. Калган үч мазхап боюнча, курмандык чалуу сүннөт.
Куранда:
«Эгеңе (сыйынып) намаз оку, курмандык чал» (Кавсар сүрөсү, 2).
«Курмандык мал-жандыктарын силер үчүн Алланын белгиси катары жараттык...» (Хаж сүрөсү, 36) деп буюрулат. Азирети
Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Мүмкүнчүлүгү жете туруп, курмандык чалбаган адам биздин мечитке жакындабасын» (Ибн Маажа, Адахи, 2).
Имам Аазам агымынын аалымдары мына ушул хадиске таянып, курмандыктын важип болгондугун айтышат.
Курмандык - бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тооба келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-нематтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.
Курмандык чалуунун важип болушу үчүн зарыл шарттар
Имам Аазам агымы боюнча, төмөнкү шарттарга жооп берген адам үчүн курмандык чалуу важип болуп эсептелет:131
- Мусулман болуу
- Акыл-эси соо, балагатка жеткен болуу
- Сапар учурунда болбоо
- Айт күндөрү негизги муктаждыктарынан тышкары курмандык чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу. Тагыраак айтканда, негизги муктаждыктарынан сырткары эң азынан 80 грамм алтын өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болуу.
Курмандыктын рукуну (түркүгү)
Курмандыктын рукуну – мал-жандыктын мууздалышы. Мууздалбаган малдын өзүн же анын акчасын садага кылуу менен курмандык ибадаты орундалган болбойт.
Курмандык чалуу ибадат болгондугу үчүн ага ниет кылуу шарт.
Курмандык чалуунун убагы
Курмандыкты курман айттын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү чалууга болот. Аны айттын биринчи күнү чалуу абзел. Айт намазы окулган жерлерде курмандык айт намазынан мурда союлбашы керек. Бул азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын буйругу. Айт намазы окулбаган жерлерде айт күнү багымдат намазынын убагынан баштап курмандык чала берсе болот. Курмандыкты айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга мүмкүн.
Кайсы мал-жандыктар курмандыкка чалынат?132
Курмандык кой, эчки, төө жана уй түрлөрүнөн гана чалынат. Буйволдор, топоздор да уй тукумуна кирет. Курмандыктын жашы боюнча төмөнкү шарттар талап кылынат: кой-эчки 1 жаш болушу керек. Эгер 8 айлык козу 1 жашка чыккан токтудай тулку бою ири жана семиз болсо, аны курмандыкка чалууга уруксат берилет. Уй түрү эки жашты толуктап үчүнчү жылга кирген болушу кажет. Ал эми төө беш жашка толгон болушу керек.
Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок-өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт. Себеби курмандык – бул өзүнчө ибадат. Аны аткаруу таризин азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз өзү көрсөтүп кеткен. Мына ошол көрсөтмө боюнча гана союлган мал курмандык болуп саналат.
Мал-жандыктын курмандыкка тоскоолдук жараткан кемтиктери
Мал-жандыктын курмандыкка жооп беришине негизинен төрт жагдай тоскоолдук жаратат. Демек, бир көзү сокур, ылаңы бар, аксак же көтөрүм мал курмандыкка жарабайт. Мына ушул жагдайларга салыштырма жолу менен аныкталган кошумча кемтиктер төмөнкүлөр: көпчүлүк тишинин жок болушу, кулактарынын кесик болушу, бир же эки мүйүзүнүн тең түбүнөн жок (сындырылган) болушу, куйругунун жартысынан көбү жок болушу, эмчегинин учтары кесик болуу. Мындай кемтиктер мал-жандыктын курмандыкка чалынышы үчүн тоскоолдук жаратат.
Курмандыкты биргелешип чалу
Кой-эчкиден бир гана курмандык болот. Ал эми уй жана төө түрүнөн болсо эң көп жети курмандык болот. Демек, кой-эчкини биргелешип курмандыкка чалууга болбойт. Аны бир гана киши чалышы керек. Уй же төө түрүндөгү курмандыкты эң көп жети киши биргелешип сойууга болот.
Курмандыкка биргелешкен адамдардын баары мусулман, Жаратканга ибадат кылуу ниетинде болушу керек. Ошондой эле бардыгы важип же мандуп болгон курмандыктардын бирине ниет кылуулары кажет. Эгер араларынан бири гана эт алуу үчүн ортоктош болсо, бардыгынын курмандык ибадаттары жараксыз болуп саналат.
Ортоктош союлган курмандыктын этин таразага тартып бөлүшүү зарыл. Курмандык көз божомол менен бөлүнбөйт.
Курмандыкты чалу
Алгач курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алпаруу кажет.
Малды мүмкүн болсо өз ээси сойгону дурус. Мүмкүн болбосо дайындаган өкүлү сойот. Малды сойо турган адам курмандыкты кыбыла тарапка карата жаткырып, «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп мууздайт. Курмандыктын ээси жанында туруп төмөнкү аятты окуйт: «инна солаатии ва нусукии ва махйаайа ва мамаатии лиллаахи роббил-ааламиина лаа шариика лаху» (Анаам сүрөсү, 162). Аяттын маанисин дуба иретинде да айтса болот. Аяттын мааниси төмөнкүчө: «окуган намазым, курмандыгым жана башка ибадаттарым, жашоо-өмүрүм жана өлүмүм ааламдардын эгеси Алла Таала үчүн гана. Анын эч бир шериги жок»
Шариятка ылайык мууздоо үчүн мал-жандыктын дем алуу түтүгүн (кокосун), кызыл өңгөчүн жана бул экөөнүн жанында орун алган эки кан тамырды (күрөө тамыр) кесүү зарыл. Имам Аазамдын пикиринде, мунун эң азынан үчү кесилсе жетиштүү болуп саналат.
Малды өткүр бычак менен мууздап, жаны чыкканга чейин башы денесинен бөлүнбөшү керек. Ошондой эле жаны чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.
Мал-жандыкты кыбыла тарапка каратып мууздоо сүннөт болуп эсептелет. Уй жана кой түрү сол ыптасынан жаткырылып, ал эми төө алдыңкы сол буту байланып өйдө турган калыбында мууздалат.
Курмандыктын эти
Курман айтта союлган курмандык малдын этинен өз ээси да, башка адамдар да пайдалана алат.
Курмандыктын этин үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө калтырып, экинчисин жоро-жолдошторуна, үчүнчү бөлүгүн кедей-кембагалдарга таратуу мустахап болуп саналат. Муктаж болсо, эттин бардыгын өз үй-бүлөсүнө калтырса да болот. Кааласа, бардыгын кайыр-садага кылып жиберүү да мүмкүн.
Курмандыкты ээсинин атынан сатууга же ээсине киреше алып келчү башка бир нерседе колдонууга шариятта уруксат берилбейт. Курмандыктын этин же терисин өз ээси сатса, андан түшкөн акчаны кайыр-садага кылышы керек.
Касапчынын акысы курмандыктын этинен берилбейт. Ага өзүнчө акча төлөп берүү кажет.
Курмандыктын терисинен жайнамаз ж.б. жасоого болот.
Курмандыктын этинен мусулман эместерге да берсе болот.
Курмандык чалууда өкүл дайындоо
Курмандыкты өзүнүн ээси да башка бир мусулман да чалса болот. Бирок ар кимдин өзүнүн сойгону абзел. Ээсинин уруксатысыз даяр турган курмандык башка бирөө чалган болсо да кабыл болот. Ошондой эле эки мусулман жаңылыштык менен бири биринин курмандыгын өздөрүнүн атынан чалган болсо да важипти аткарган болушат.
Курмандыкка байланышкан айрым маселелер
Курмандык чалууга милдеттүү адам курмандык чалбай айтты өткөзсө, анын мойнунан бул милдет түшпөйт.
Айттын биринчи күнү чак түшкө чейин айт күнү болгондугу билинсе, айт намазы окулат, курмандык чалынат. Чак түштөн кийин билинсе, ал күнү курмандык чалынат. Ал эми айт намазы эртеси күнү окулат.
Курмандыкка чалынчу мал тууса, баласы менен кошо мууздалат. Эгер баласы мууздалбаса, анын наркы садага иретинде берилет.
Курмандыкка союлчу малдын сүтү саалса, аны садага кылуу керек.
Курмандык чалуунун ордуна анын акчасын садага иретинде берүү курмандык болуп эсептелбейт.