Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Алла Тааланын ысым сыпаттары

Ал-Мусаввир

Алла Тааланын бул ысмы «жандуу-жансыздарга эң жогорку чеберчилик менен Өзү каалагандай таризде шекил, турпат, келбет берүүчү» деген маанини түшүндүрөт.

Куранда «ал-Мусаввир» ысмы ысым катары Хашр сүрөсүнүн 24-аятында бир жолу кездешет. Анда төмөнкүчө буюрулат: «Ал Алла - Жаратуучу, Түзүүчү, келбет берүүчү. Ал эң көркөм аттарга ээ. Аны асман менен жердегилердин баары аруулап, даңазалайт. Ал – Улуу Кудурет, Даанышман!»

Ошондой эле аяттарда бул ысымга уңгулаш сөздөр да бар. Алар этиш иретинде өтөт. Буга«Ал силерге энеңердин курсагында жаткан кезиңерде Өзү каалагандай келбет берген. Алладан башка кудай жок! Ал – Улуу Кудурет, Даанышман!» (Аали Имран сүрөсү, 6-аят). «Ал асман менен жерди жаратты. Ошондой эле силерге эң мыкты деңгээлде келбет жаратып берди...» (Тагаабун сүрөсү, 3-аят) деген аяттарды мисал келтирсек болот.

Бул ысым Жараткан Алла Тааланын кандай гана чексиз Кудуреттүү, кандай гана чебер, кандай гана Улуу, Аруу болгондугун даңазалайт. Адам баласы тээ алмустактан бери ушул күнгө чейин ийненин көзүндөй бир тал кирпикти да жасай алган эмес жана да жасай албайт. Бул деген сөз адам баласы Кудай Тааланын алдында канчалык алсыз, кандай гана күчсүз болгондугун айгинелейт. Ошондуктан адам баласы алгач өзүн жакындан таанууга, турган турпатындагы Жараткан тарабынан ыроолонгон баа жеткис баалуулуктарын аңдап-билүүгө аракет кылышы керек. Өзүн тааныган адам Жараткан Алланы тааныйт, Ага бет алат, Ал көрсөткөн адал жол менен кадам шилтейт, бул дүйнөдө адам катары өз максатына ылайык өмүр кечирүүгө күчүнүн жетишинче жанүрөйт.

Ал-Гаффар

«Ал-Гаффар» ысмынын уңгусу арап тилинде «гафр» делип, «кечирүү, ыраакым этүү» деген маанилерди туюнтат. Ал эми «ал-Гаффар» ысмын кыргыз тилине «пенделердин бардык күнөөлөрүн кечирүүчү өтө Кечиримдүү улуу Зат» деп оодарсак болот. Бул ысым-сыпат Куранда беш жерде өтөт. Алардын биринде мындай буюрулат:

«...Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!» (Бакара сүрөсү, 182-аят).

Күнөө жасоо адам баласынын жөндөмдүүлүктөрүнүн бири болгондой эле, анын күнөөлөрүн жабуу, кечирүү да улуу Алла Тааланын кадыресе сыпаттарынан болуп эсептелет. Бул жерде эскерте кетчү жагдай «андай болсо каалашымча күнөө жасай берсем болот турбайбы» деген чолок ойго алдырбоо кажет. Себеби адам баласына, жалпыга маалым болгондой, жакшы-жаман эки шык-жөндөм ыроолонгон. Бул эки жөндөм сынак жашоонун талабы. Эгер адам баласына бир жактуу гана шык-жөндөм ыроолонгондо сынак жашоонун эч кандай мааниси болмок эмес. Ырас, күнөө жасоо – бул адам баласынын терс өңүттүү жөндөмү. Негизи күнөө эч кимге кереги жок зыяндуу нерсе. Ал аны жасаган адамдын өзүнө да, коомго да зыян алып келет. Ал эми жеке адамга, коомго, дегеле айлана-чөйрөгө физиологиялык жактанбы, психологиялык жактанбы, айтоор, ар өңүттөн зыяндуу нерсенин баары күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан түбөлүк бакытка жеткиси келген адам бул сыноо жайында аны жасабаганга аракет кылышы керек, «адам» деген атка татыктуу болуу үчүн «адал-арам» деген эрежеге кылдат мамиле жасап, Жараткандын адал жолу менен жашоого умтулушу кажет.

Башына