Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Кабарлар

Бул жылы ажылыкка 3 млн. адамдын барышы күтүлүүдө

Ажылык иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Салих бин Абдуррахман ал-Хусейн бул жылы ажылык ибадаты декабрь айынын башында башталып, ага дүйнө жүзүнөн үч миллион адамдын келиши күтүлүп жаткандыгын билдирди. Ажылардын коопсуздугун, негизги муктаждыктарын камсыздоо, анын ичинде аларды унаа менен, таза суу менен камсыз кылуу жана тазалыкты сактоо сыяктуу кызматтар башкармалыктын атайын даярдалган «бардыгын камтуучу» планында каралган.

БИУнун баш катчысы мусулмандардын көрүстөнүнүн үстүнө «Толеранттуулуктун музейи» деген аталыштагы музейдин курулушуна каршы

Бириккен Ислам Уюмунун баш катчысы, профессор Экмеледдин Ихсаноглу Иерусалим шаарындагы «Маман-Аллах» деген тарыхый көрүстөндүн алынып салынышына жана ал жерге «Толеранттуулуктун музейи» деген аталыштагы музейдин курулушуна чечим чыгарган израилдик соттун чечимин сынга алып, ага кескин түрдө каршы чыкты. Учурда курулуш иштери башталды. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, көрүстөндө миңдеген мусулмандардын, анын ичинде кутман сахабалардын, шейхтердин жана аалымдардын сөөктөрү жатат. БИУнун баш катчысы Ихсаноглу Израилдин мындай кадамга барышы – бул адамзат тарыхында болуп көрбөгөн окуя, деп баалайт. Баш катчы аталган маселе боюнча БУУнун башкатчысы жана ЮНЕСКОнун башчылары менен сүйлөшө баштады. Ихсаноглу ошондой эле мусулман коомчулугун да Израилдин мындай кылмышына жол бербөө үчүн кийлигишип, кылымдарды карыткан сахабалардын жана Исламдын улуу аалымдарынын тарыхый көрүстөнүн аман алып калууга чакырды.

Пакистанда майда дин өкүлдөрүнүн укугун коргоо министрлигине башчы болуп католик дайындалды

Пакистандын тарыхында биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрь күнү майда диндердин укугун коргоо боюнча министрликтин башына католик агымын карманган парламенттин депутаты Шахбаз Бхатти келди.

Келээрки жылы Дүйнөлүк Ислам уюмунун ана кеңешинин жыйыны Чеченстанда өтмөкчү

Өткөн аптада Чеченстандын муфтийи Султан Мирзаев Ливияга иш сапары менен барып келди. Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен Чеченстандын муфтийи Султан Мирзаевдин жолугушуу учурунда Каддафи муфтий аркылуу Чеченстандын президенти Рамазан Кадыровду Ислам коомчулугунун чоң жыйынына катышууга чакырды. Ливияга болгон сапарынан кайтып келген Султан Мирзаев Дүйнөлүк Ислам уюмунун ана кеңешинин жыйыны 2009-жылы Грозный шаарында болуп өтөөрүн билдирди.

Башына