Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Алла Таала камкор пендесине жардамын үзбөйт

«Пенде пендеге канчалык көп жардам берген сайын Алла Таала ал камкор пендесине жардамын үзбөйт» деген хадисти ураан катары карманган Түркиялык кайрымдуу инсан Осман Нури Топбаш көптөгөн мусулман өлкөлөргө рухий жактан да, материалдык жактан да көмөк көрсөтүп келет. Осман Нури Топбаштын 30дай китеби 9 тилге которулуп мусулман элдерин рухий чаңкоосун кандырып, ахлактык жана маданий өнүгүүгө зор салымын кошуп келе жатат. Атап айтсак, залкар жазуучунун 15 китеби казак тилине, 17 китеби орус тилине, 14 китеби кыргыз тилине которулуп, калың элдин жүрөгүнөн түнөк таап олтурат. Ардактуу Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафанын (саллаллаху алейхи васаллам) үлгүлүү өмүр жашоосунан жолго чыккан жазуучу китептеринде негизинен чыныгы мусулман болуп жашап өтүүнүн, камкордуктун, кайрымдуулуктун жана биримдиктин маанилүүлүгүн, жол-жобосун кеңири түшүндүрүп келет.

Ошону менен бирге Осман Нури Топбаш аксакал ишкер адам катары Түркияда болсун, башка өлкөлөрдө болсун кайрымдуу мусулмандардын башын бириктирип, кайрымдуулук уюмдарын жетектеп, колунда жокторго жардам берип, тапкан кирешелеринин көптөгөн бөлүгүнө заманбап жогорку окуу жайларын куруп, жаштардын билим алуусуна мыкты шарттарды түзүп сооптуу иштерди жасап келе жатышат.

15-октябрда Бишкеке келген Осман Нури Топбаш «Ак Башат» журналынын редакциясында «Алланы Тааланы таануу жана сүйүү», «Исламдын изги маданияты» аттуу кыргыз тилине которулган китептеринин бет ачыр аземине катышты. Жолугушууга өлкөбүздүн белгилүү акын, жазуучуларынан Калканбай Ашымбеков, Рамис Рыскулов, Анатай Өмүрканов, Надырбек Алымбеков жана көптөгөн окурмандар, журналисттер жана студенттер катышты. Аземдин аягында окурмандар залкар жазуучунун колунан кыргыз тилине которулган бардык китептерден кол тамгасы менен белекке алышты.

1998-жылдан бери Казакстандагы «Казак-Түрк жаштарды колдоо коомдук фонду» менен тыгыз иштешип келе жаткан Осман Нури Топбаштын он бештей китеби казак тилине которулган. Ушул жылдын 17-октябрында Алматы шаарынын борбордук мечитинде Казакстандын муфтийи профессор Абдусаттар Дербисалы ажы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин атынан Казакстандын эл агартуу айдыңына кошкон албан салымы үчүн Осман Нури Топбашка «Астананын 10 жылдыгы» аттуу медалын жана ыраазылык дипломун салтанаттуу түрдө тапшырды.

Башына