Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Тапкан байлыгыбызды жоготуп албайлы

Саналуу күндөр көз ачып жумгуча өтүп кетти. Мээримдүүлүктүн, берекенин жана кечиримдүүлүктүн айы саналган Ыйык Рамазан менен кошо кармаган орозобуз акыл-эсибизге, жана ден-соолугубузга өзүнүн пайдалуу издерин таштап кетти. Күндүзгү орозо, күүгүмдөгү ифтар менен таравих, түн бир оокумдагы саарлык бизге кадимкидей жаңы келбет, жүзүбүзгө жарык нур берип, айрым бир ооруларды айдап салды. Куттуу айдын сан жеткис пайдалуулугунан, шарапатынан баар таап, өзүбүздү жакшы сезип калдык.

Рамазан айында орозо аркылуу тапкан саламаттыгыбызды сактап калалы десек, мындан кийинки мезгилдерде ичкен-жегенибизге аяр мамиле кылалы. Бир ай бою аз тамактануу менен өзүбүздү жакшы сезип калганыбызды, көп жеген сайын ар кандай ооруга чалдыгаарыбызды орозо жана андан кийинки убакыттар өзү көрсөтүп жатат. Оозубуздан кирип, бүкүлү бойдон ашказанга жүгүргөн түркүн тамак-аш үч чоң илдеттин негизги себеби болуп саналат. Тактап айтканда жүрөк ооруу, мээнин шал болушу жана рак ооруларына чалдыгуунун бирден бир себеби эрежесиз, көзөмөлсүз тамактанууда жатат. Өткөн жүз жылдыкта дабаасы табылбаган бул үч коркунучтуу илдеттен кутулуунун жолун издеген дабаагерлер акыр-аягында жеп-ичүүгө кылдат мамиле кылуу, эреже менен тамактануу менен мунун алдын алса болоорун аныкташкан.

Маселен жей турган тамак-аш азыктарына көңүл буралы. 45-50 пайыз карбонгидрат, 20-30 пайыз протеин жана 15-20 пайыз майлуулукту камтыган жана пайызы мындан ашпаган азыктарга, жашылча-жемиштерге, минералдуу жана витаминдүү азыктарга маани берели.

Ошол эле учурда орточо көлөмдө тамак сузуп, аны майдалап көпкө чайноо, бала-бакыра, жоро-жолдош менен олтурганда баарлашканча шашылбай, жайбаракат тамактануу абдан пайдалуу. Үй-бүлө менен жарык маанайда, көңүлдүү олтуруп тамактануу инсандын курсагын да тойгузат, ошондой эле психологиялык чаалыгып-чарчоону жазып, учурдун коркунучтуу дарты саналган стресстен арылтат.

Куттуу орозо сунган албан пайданы сактап калуу үчүн кум шекер, туз, картошка, күрүч сыяктуу кант ооруусуна (сахарный диабет) жол ача турган азыктарды азыраак жейли. Мүмкүнчүлүк болсо жаңгак, бадам, мейиз, өрүк жана кургатылган мөмө-жемиштерден көбүрөөк жегенге аракет кылуу витаминдүүлүктү арттырып, ден-соолукка жакшы натыйжа алып келет.

Кандай тамактарды качан жешибиз керек?

Ар дайым эрте мененки жеңил тамак менен жаңы күнүбүздү демдүү баштайлы. Эрте мененки тамакта дасторконубузда кебектүү нан, жашылча жемиштерден жасалган салат, майы аз сыр, айран, жумуртка, шекерсиз чай, жаңы сыгылган накта сок жана сүт сыяктуу азыктардын кезек-кезеги менен болгону дурус.

Түштө болсо ченеми менен тамактанганыбыз дурус. Маселен, эттен, жашылчалардан жасалган суюк же кою күчтүү тамактарга кошумча салат, айран жана мөмө-жемиштерди жесек жакшы болот. Эскерте кетчү нерсе, камыр же күрүчтүү тамактарга караганда витамиге жана калорияга жана башка пайдалуу заттарга бай гречка, буурчак, нокот, капуста, майы аз эттүү тамактар ден-соолукка пайдалуу.

Ал эми түнү жакшы уктап, жакшы эс алуу жана эрте менен сергек туруу үчүн кечки тамактануу өтө жупуну жана жеңил болушу абзел. Баштан бери айтылгандай таризде тамактануу менен биз ден-соолугубузду коргоп, кайраттуу жана сергек жашоо менен бирге орозо кармап колунда жок мекендештерибиздин жашоо шартынын кыйындыгын жон терибиз менен сезгенге мүмкүнчүлүк алабыз. Натыйжада коомчулукта боорукерлик, мээримдүүлүк сезимдер ойгонуп, кайрымдуулук жанданып, биримдик, ынтымак-ырашкерлик оожалат.

Башына