Он жетинчи сан

Мазмуну
Дүйнө илими канчалык өнүгүп, канчалык терең изилденбесин, табигаттын сырлары ошончолук сырдуулугун, табышмактуулугун ашкере далилдеп, улам жаңы ачылыштар менен бирге андан аркы катылган сырларын бизге тартуулап келет. Технологиянын өсүп-өнүгүүсү асмандагы ай-жылдызды изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөнү менен күнүмдүк турмуштагы күбө болуп жүргөн айрым көрүнүштөрдүн себебин табалбай келет. Мына ошондой табышмактуу көрүнүштөрдүн бири катары жаныбарлардын «камуфляжы» эсептелет. Башкача айтканда, жаныбарлардын жырткыч душмандарынан корунуусу же курмандыктарын торго түшүрүүсү үчүн айлана чөйрөгө же башка бир жаныбарга окшош болуусу окумуштууларды ойго салып келет. Бүгүнкү кызыктар дүйнөсү рубрикабызда айрым жаныбарларда бул система кандайча ишке ашарын карап көрөбүз.араша «кийинүү»
Мындай камуфляж устасы катары бизге кеңири белгилүү болгон жаныбарлардын бири – хамелеон болуп эсептелет. Ал өзү турган чөйрөгө жараша терисинин түсүн өзгөртө алат. Чынында эле хамелеон мындай жөндөмдүүлүккө ээ болгон башка жаныбарлардан айырмаланып, жалпы денесинин гана эмес, денесинин белгилүү бир бөлүгүн өзгөртүүгө да жөндөмдүү келет. Бирок, кызыгы – денесиндеги бул өзгөрүүлөр анын ойлонуу жана башкаруу системасынан көз карандысыз. Себеби, анын организми түскө жана жарыкка өтө сезгич келип, бир нече секунддун ичинде чөйрөнүн ар кандай түсүн алууга жөндөмдүү, б.а. бул процесс анын терисинин алдындагы пигменттеринин температурасынын өзгөрүшүнөн, жарыктын таасиринен же жаныбардын коркконунан улам ишке ашат. А негизи, алар жашаган чөйрөсүнө жараша жашыл, саргыч жана күрөң түстө болушат.
Ал эми кадимки биз көрүп жүргөн миң түрлүү көпөлөктөрдүн канаттарындагы сүрөттөрдүн баары эле кооздук үчүн эмес экен. Алардын көпчүлүгү ээсин душмандарынан сактап калуучу сапатка ээ, б.а. өсүмдүктөргө конгондо аларды билгизбей жашырып калган ошол сүрөттөр болот. Ал гана эмес, айрым көпөлөктөрдүн канаттарындагы кадимки көзгө окшогон чоң ачык түстүү сүрөттөр чоң эле душмандарын качырууга жөндөмдүү. Ал эми жашыл түстөгү чегирткелерди жана башка коңуздарды жайында жалбырактардын арасынан көрүү кандай кыйын болсо, күзүндө да ошондой эле кыйынчылык туудурат. Себеби, алардын түсү сары-күрөң түскө айланып, чөйрөгө ыңгайланышып калат.
Ал эми айрым жаныбарлардын түсү жыл мезгилдерине жараша өзгөрүп турат. Бул өзгөрүү алардын душмандарынан коргоочу негизги табигый каражат катары кызмат кылат. Алсак, түндүк уюл тарапта жашаган кекиликтердин, коендордун түсү кышында аппак болуп, кар үстүндө аларды эч качан «сатпайт». Ал эми ошол эле жердин кекиликтерин жана коендорун жылдын башка убагында да көрүү кыйын. Себеби, чөйрөгө жараша ак «тону» топурактын, тоо-таштардын түсүн алып, аларды өтө чеберчилик менен жашырып калат.
Ушундай эле чебер усталарынан суу алдындагы чөйрө да кур калган эмес. Биз билген кадимки эле осьминогдор да коркунучту сезгенде түсүн коргонгон жердин түсүнө окшоштуруп өзгөртүүгө жөндөмдүү.
Ал эми айрым балыктар, кичинекей жыландар суу түбүндөгү балырларга түсү гана эмес, формасы менен да окшош болуп, бул окшошуу алардын жашоо чөйрөсүнүн туруктуу болушун шарттайт.
Камуфляж чеберлери өздөрүнүн артыкчылыгын коргонуу үчүн гана колдонбостон, аң уулоодо, курмандыгынан өзүнүн жаткан жерин жашырууда да колдонушат. Мындай камуфляж усталарын курт-кумурскалардын ичинен да көп кезиктирүүгө болот. Мисалы, кадимки мантистин түсү (жаа) өзү жердеген өсүмдүктүн түсүнө жараша айрымдары жашыл, айрымдары сары, кызыл түстө болот. Алсак, орхидея гүлүн жердеген сары мантис анын гүлүнө түсү жагынан гана эмес, формасынын түзүлүшү жагынан да окшош болгондуктан, анын «жеми» кантип ажалдын так оозуна барып конгонун билбей да калат.
Ал эми жыландардын чаар, кара чаар же жашыл болушун, мышык түркүмүндөгү жырткычтардын темгилдеринин жайгашуусун так ушул себеп менен түшүндүрүүгө болот.
Ошентип, камуфляж чеберлери ушул убакка чейин адамдарды кандай кызыктырып келген болсо, мындан кийин да ошондой эле кызыгууну жараткан табигат сыры болуп кала берери бышык.