Он жетинчи сан

Мазмуну
Ак Башат казынасынан
Ислам дининдеги чоң күнөөлөрдүн бири – кумар ойноо. Исламда адал киреше табуу жолдору белгилүү. Мусулман адам өз маңдай тери менен иштеп, эмгек кылып акча табышы зарыл. Ислам дини кумар оюндарына ачык-айкын тыйуу салган. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жайган лотерея, оюн автоматтары, «картошка» ойундарынын баары кумарга кирет. Ошондой эле ат жарыш, биллиард сыяктуу спорт түрлөрүнө карата эки адамдын же топтун ортосундагы мелдешүү, ставка койушуу да кумарга кирип, арам болуп эсептелет. Кумар ойноо, ойнотуу жана мындай жерлерден акча табуу чоң күнөөгө кирет.
Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Оо, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштеринен болуп саналат. Мындан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар. Шайтан арак, кумар менен ортоңорго кек салып от жагып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт...» (Маида сүрөсү, 90-91-аяттар). Кумар дин Исламда өзгөчө баса белгиленген адал киреше табуу, адам укугу, адилеттүүлүк сыяктуу жагдайларга эч дал келбейт. Кумар – бул эч кандай эмгек кылбастан башка адамдардын акыларын жөн жерден алуу дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү күнү кумардын түрү абдан көбөйүп көптөгөн адамдарды өз таасирине алып коомдук көйгөйлөрдү жаратып жаткан чакта мындай жолдордон оолак болуу ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Кумардын зыяны айтпаса да айдан ачык. Ошондой болсо да бир-эки ооз сөз айтсак ашыкча болбос. Кумар адамды кебез менен мууздаган, өтө тез ырбап, тез жуккан жугуштуу оору сыяктуу. Ушунчалык берилип кеткен кумарпоздор акчасы түгөнүп калганда үй-жайын, машинасын жадагалса аялын, кыздарын коюп жибергенин угуп-көрүп жүрөбүз. Ал ар дайым адамдар ортосуна от жагып, келишкис душманга айлантып, андан ары коомдук бейпилдикке, тынчтыкка доо кетирип, коомдук ынтымактын ыдырашына чейин алпарат. Кумар адамдын жеке өзүн да, үй-бүлөсүн да туңгуюкка бууп, өзүн-өзү өлтүрүүгө, үй-бүлө келечегине ар кандай коркунучтардын жаралышына шарт түзөт. Ошондуктан бул өтө орчундуу маселе.
Бүгүнкү күндүн эң иридеги көйгөйлөрүнүн бири – бул «акча тапсам болду, калганы мени кызыктырбайт» деген чолок ойдун кеңири кулач жайышы. Мусулман баласы эч качан мындай ойго кирбеши кажет. Ал тек гана адал жолго багыт алышы керек. Ал өз акысынан тышкаркы арам кирешенин эртең эле акыретте тозок отуна айланып алдынан тосуп чыгарына кынтыксыз ишениши зарыл. Акы-укук, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк жана калыстык - Ислам дининин эң маанилүү негизги эрежелеринен болуп саналат.