Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Бир суроо рубиркабыздын кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович болду

Акылбек Халбеков: Асылбек мырза, өткөндө дин боюнча сунушталган мыйзамды биринчи окууда кабыл алдыңыздар. Айтсаңыз, ошол мыйзамда кылымдарды карыткан кыргыздын жаркын келечегине оң таасирин тийгизе турган кандай өзгөчөлүктөрү бар экен же, купулуңузга толбогон жактары да көзгө учурадыбы? Дегеле ошол мыйзамга болгон көз карашыңызды билсек.

Асылбек Жээнбеков: Биздин мамлекетибиздеги Исламдын бара жаткан жолунда мыйзам менен колдоого алынган реформа керек болуп жатат. Союз урагандан кийинки өткөөл мезгилге ылайыкталган жол менен кетүү көптөгөн карама-каршылыктарды жарата тургандай көрүнүп калды. Ошондуктан бүгүнкү нукка жараша, бүгүнкү өнүгүү жолуна жараша мусулман чөйрөсүнүн илгерилеши, элибиздин рухий муктаждыгынын бир нукта кетиши үчүн жаңы мыйзам керек болуп турат. Жалпы мекендештерибизге маалым, учурда өлкөбүздө көп секталар, ошол эле Ислам динибиздин ичинде да айрым бир кооптуулукту жаратып жаткан агымдардын пайда болгону бул мыйзамдын жаралышын шарттады.

Биз ата-бабабыз тутунуп келген динди тутунуп, мусулман бойдон кетишибиз керек. Бирок болгондо да мусулманчылыктын эң таза, туура, салттуу делген жолун тутунушубуз керек. Азыр көптөгөн жарандар мусулманчылыктын кайсы жолунда кетип жатканын билишпейт. Ким аларга кандай түшүндүрмө берсе, ошого багыт алып жатышат. Ошолорго ким багыт берет, ким илим-билим берет деген маселелер менен биздин муфтият алек болушу керек. Анан дагы айта кетчү нерсе, өзүнүн, эл-журтунун коопсуздугуна коркунуч келтирбөөгө, асыресе мусулманчылыкка да коопсуздук келтирбей, агымдарга бөлүнүп кетпөөгө мамлекет өзү кызыкдар болуш керек. Мамлекет керек болсо муфтиятка каражат жагынан да, ийкемдүү мызмдарды кабыл алып моралдык жактан да жардам бериши керек. Диний агымдар менен күрөшүү үчүн же ошол агымдарды көзөмөлдөш үчүн органдар муфтият менен чогуу иштешиш керек. Бул келечектеги тынчтыкты, ынтымакты сактайт.

Ал эми закон аркылуу эмнеге чектөө киргизүү керек? Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө терс көз карашта болгон белгилүү бардык кыймылдар, бардык агымдардын иш жүргүзүүсүнө чек коюп, уруксат алгандарына мыйзам чегинде катуу көзөмөл кылуу керек. Эмне үчүн деген суроо албетте туулбай койбойт. Биз өзүнүн карт тарыхы бар, өзүнүн баалуулуктары бар өз алдынча мамлекет болгондон кийин келечекке арканды узун таштап, жаштарыбызга туура багыт беришибиз керек. Ушул кабыл алына турган мыйзам менен мамлекеттүүлүктү чыңдоо, көпчүлүктү түзгөн мусулмандарга көмөк көрсөтүп, ошол сексен беш пайыздан азайбасын деген саясат болушу керек. Кыргызда ата-бабабыздан келе жаткан эң баалуу, рухий байлыгыбыз бул – мусулманчылык. Кыргыз баласы төрөлгөндө эле кулагына азан айтылып ат коюлат, сүннөткө отургузулат, үйлөнгөндө никеси шарият менен кыйылат, өлгөндө да жаназа намазы окулуп жерге берилет. А чыныгы мусулман мекендештерибиз намаз окушат, орозо кармашат, зекет берип, курмандык чалып, жыл сайын төрт миңден ашуун жарандарыбыз ажыга барып жатышат. Күн сайын адеп-ахлактуу жаштарыбыз мечиттерге барып намаз окуп жатышат. Бул деген өлкөбүздүн мусулман экендигинен кабар берет.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө тилекке каршы терс көрүнүштөр да болуп жатат. Башка диндерге, бузулган агымдарга өтүп кеткен мекендештерибиз болуп жатат. Бул көрүнүш эртең кыргыздын ичинде бөлүнүү болот дегенди билдирет. Мен бул жерде дин менен улутту да байланыштыргым келет. Бизге көмөк көрсөтүмүш болгон башка үлкөн өлкөлөрдүн көмүскөдө кооптуу саясаттары болушу да мүмкүн. Маселен, башка дин, башка агымдар бизге бөтөн өлкөлөрдөн келип жатпайбы. Мунун артында улутту жок кылуу үчүн аларды ар кайсы динге бөлүп салуу керек деген кутумдук да болушу ыктымал. Акыл калчап, таразалай турган болсок, түрдүү диндерге бөлүнгөн бир улуттун өз ара кагылышуусунун натыйжасында ар кимиси ар башка жакка сиңип улут жок болот. Себеби пикир келишпейт, ырк кетет, көз караш башкача болот. Бул деген глобалдуу маселе. Буга мамлекет кайдыгер карабашы керек. Мамлекеттин коопсуздугунун сакталышын кааласак дин жөнүндөгы мыйзамды, айрым бир кысымдарга карабай, коркпой эле кабыл алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө кысымдар бар. Мына кече жакында ОБСЕ өкүлчүлүгү чукул жыйын өткөрүп, мыйзамды жактырбагандай түр көрсөтүштү. Анткени башка диндердин Америка баш болгон дүйнө өкүлдөрү кирген агымдар биздин өлкөдө ушу тапта иштеп жатат да. Бул агымдарды ошол мамлекеттердин эң бай адамдары кармап турушу ыктымал. Ошолордун акчасы иштеп жатат. Биз эми өзүбүздүн мамлекетибизди карашыбыз керек. Америка эмне дейт, Европа эмне дейт деп отура берсек, эртең кыргыз эмне болот, мамлекет эмне болот? Ошон үчүн мен бүгүнкү күндө коллегаларымды бул мыйзамга пайдалуу толуктоолорду киргизүүгө жана тез арада кабыл алууга ачык эле чакырып жатам. Биз үчүн башкалардын акчасы эмес, илгертен түптөлүп калган салттуу динибиз, келечектеги тынчтык, мамлекетибиздин бейпилдиги, элибиздин ынтымак-ырашкерлиги манилүү.

А. Х: Мыйзам жагынан кандай чектөөлөр болушу мүмкүн?

А.Ж: Сырттан бир киши келип эле өзүнүн уюмун, сектасын түзүп жатат. Элибиздин материалдык, экономикалык кыйынчылыгынан пайдаланып, керек болсо кээ бир мекендештерибиздин карызга батып же ооруп жатканынан пайдаланып өзүнүн уюумуна тартып жатат. Ошентип каражатка көз каранды болгондордун саны убакыттын өтүшү менен беш, он киши, жүз киши болот экен. Алар муктаж адамдарды каражат менен өздөрүнө тартат экен. Ошол себептен мыйзамда каралган түзүүчүлөрдүн санынын 200 болгону абдан туура мамиле. Мына биз өзүбүз беш жылдан бери баптисттердин уюмун көзөмөлдөп жатабыз. Адегенде коркуп, чочулап, эки жакка алаңдап өздөрү келип жатышты. Эки, үч жылдан бери коркпой эле, кичине балдарын ээрчитип, майрамга келгендей эле келип жатышат. Адамдарды өздөрүнө киргизип алгандан кийин жоопкерчиликти ошолорго жүктөп койуп өздөрү кетип калып жатышат. Кокус тополоң чыгып кетсе түзүүчүлөр жооп бербей келишет. Буга жанагы Нарындагы жана Каракулжадагы, Ноокаттагы окуялар күбө. Биз ошол өлкөбүзгө келип, агымды, сектаны уюштургандар уюмдун терс кадамдарына да жооп берсин деп жатабыз. Ошон үчүн чектөөлөрдү ойлонуштуруп жатабыз. Ошол уйумга кирген жарандар дагы конфликти алып келгенине жооп бериши керек.

А.Х: Булардын баары диндин мамлекеттен тышкары болушунун жемиши эмеспи?

А.Ж: Туура айтасың. Биз: «Дин өзүнчө боло берсин, мамлекет кийлигишпесин, дин мамлекетке кийлигишпесин» деп атабыз. Бул туура эмес. Мамлекет бизде салттуу калыптанган Ислам менен Христианчылыктын провасловиясына ошол диндердин эреже-жоболорун бузбагандай ийкемдүү мыйзамдар менен көмөк кылыш керек. Союз убагында динди жок кылабыз деп аракет кылышкан. Муну баары эле билет. Бүгүнкү күндө кааласак да, каалабасак да дин атеисттерден башка бардык үйгө керек. Атеисттер көп болсо өлкөдө бир пайызды түзсө керек. Токсон тогуз пайыз элибиздин үйүндө, аң-сезиминде дин болот. Ошол токсон тогуз пайыз биздин мамлекеттин жарандарыбы? Демек, жарандарды биз мамлекеттен кантип бөлөбүз. Ошон үчүн менин оюм законду кабыл алып жатканда баарыбыз буга көңүл бурушубуз керек.

Көп эле нерселерди киргизебиз деп жатабыз. Жогорку Кеңеште да мусулмандар бар, христиандар бар, жана башта айтып өткөн секталарды тутунган адамдар да болушу мүмкүн, атеисттер бар дегендей. Ошон үчүч пикир келишпестик болот. Кыргызстаныбыздын эртеңки келечегин тилеген кесиптештерим бул мыйзамга кайдыгер карабайт деп ойлойм.

А.Х: Сиздер кабыл ала турган мыйзамдарда диний билим берүү жагы каралганбы?

А.Ж: Албетте каралган. Бирок купулума толо бербеди. Учурда диний билим берүү жаатында да көптөгөн көйгөйлөр бар. Ошондуктан адеп-ахлак, дин таануу, диндердин тарыхы аттуу сабактарды киргизишибиз керек.

Экинчи бир тарабы, диний кызматкер, дин мугалими дүйнө таанымы кенен, түшүнүгү терең, жогорку билимдүү, жогорку маданияттуу адам болуш керек. Айрыкча улуттук баалулуктарыбызды, каада-салттарыбызды, маданий, адабий мурастарыбызды билген, улутун сүйгөн мекенчилдер болушу керек. Ошондо гана биздин мамлекетибизде жаркын түшүнүктөгү адамдар арбып, жанагы «дин–бул караңгылык, диний кызматкерлер сабатсыз» деген кептер суу кечпей калат. Бирок ушу тапта жогоруда мен айткан сапаттарга ээлик кылган, илимдүү-билимдүү динаятчыларыбыздын саны көбөйүп эле калды. Анткени мамлекеттик деп эсептелген жогорку окуу жайларыбыздагы теология факультеттери, Ислам университети да жыл сайын бүтүрүүчүлөрдү чыгарып жатат.

А. Х: Бизде дагы бир маселе бар экен. Бешинчи-алтынчы класстардагы окуу китептеринде адам маймылдан жаралган деген сыяктуу диний түшүнүктөргө терс келген көз караштар бар. Эми медреселерге светский сабактарды окутабыз деп ошол китептерди берсе балдардын башы айланып калбайбы? Ушундай жагдайларды жою үчүн кандайдыр чаралар көрүлүп жатабы?

А. Ж: Негизи бул боюнча тиешелүү мекемелер чараларды көрүшү керек. Дагы кайталап айтайын; дин таануу деген сабакты мектептерге киргизиш керек. Мусулмандарга Исламдын, Христиандарга ошол диндин баалуулуктарын окутуш керек. Бирок диндерге кысым көрсөтпөө зарыл. Маймылдан жаралды деген нерселерди биз деле союздун убагында мектептен окуганбыз. Менин атам 12-13 жашынан баштап бир да намазын калтырбай окуган. Өзү коммунист болсо да диний кызматкерлер менен тыгыз байланышта болуп, колунан келсе жардам берип, орозодо элге ооз ачтырат эле. Мен ошондой үй-бүлөдө өскөмүн. Бизге ошондо мектепте «Кудай жок» деп окутат эле, а үйгө келгенде «Кудай бар, жамандык жасаба Кудай көрүп турат, Кудайдан корк!» деп таалим берчү. Биз үйдөгү тарбияга байланыштуу мусулман бойдон калдык. Ошон үчүн бүгүнкү күндө деле ата-энелер үйдөгү тарбияга басым жасашыбыз керек. Азыр дүйнөдөгү белгилүү академиктер, илимпоз адамдар деле айтып жатышат «кантип эле адам маймылдан жаралып калсын» деп. Ошого окшогон нерселерди китептен алып эле коюш керек деп ойлойм.

А. Х: Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн сизге чоң ыраазычылык билдирем. Алла сизге ыраазы болсун. Мыйзамдын кабыл алынышы болсун, мыйзамдан кийинки мыйзамдын жемиштери болсун, мындан ары тыгыз байланышып турабыз деген үмүттөмүн. Кыргыз элине, кыргыз жерине, динине, тилине, кыргыздын баалуу кенчтерине күйгөн азаматтарыбыз менен Ак Башат журналы ар дайым кызматташкысы келет.. Алдыда дагы кыргыздын жаркын келечеги үчүн диний жаатта болсун, билим берүү жаатында болсун, кыскасы баардык тармакта өзүңүздөрдүн изги сапаттарыңыздарды көрсөтүп, кыргыз үчүн күйүп-жана бериңиздер.

Суроо салган Акылбек Халбеков

Башына