Он жетинчи сан

Мазмуну
Өлкөбүздөгү диний кырдаалдардын курчуп бараткандыгы баарыбызга маалым. Мунун эң негизги себеби түрдүү диний конфессиялар болуп эсептелет. Дин эркиндигинен пайдаланып чар жайыт калган түрдүү диндин өкүлдөрү, алакандай кыргыз элин «рак-щука-лебедь» сыяктуу туш тарапка тартып жатат. Бул нерседен кутулуунун жападан жалгыз жолу элдин диний сабатын жойуу болуп эсептелет.
Анын башаты орто мектептер менен жогорку окуу жайлары болушу керек. Орто мектептерден баштап жогорку окуу жайларына дин таануу, адеп-ахлак жана диндердин тарыхы боюнча предмет киргизилиши маселени чечүүгө бир топ жардам бермек. Ушундай эле демилгени жогорку кеңештин депутаты Орзубек Назаров жана Чолпон Баековалар да көтөрүп жатат. Анткени дүйнөлүк диндердин тарыхын окуп билүү жаштарыбыздын динди туура тандашына өбөлгө түзөт. Тигил же бул динден кабары жетиштүү даражада болбогондуктан жана чала болгондуктан жаштарыбыз ар кандай диний агымдарга кирип кетип жатат. Мунун натыйжасында фанатизм келип чыгат. Анткени динден түшүнүгү жок болгон кишилер жаңыдан динди тутунганда фанаттык негизде берилип кетет. Өлкөбүздө мунун айынан бир топ проблемалар келип чыккан. Анын алдын алуу үчүн ар кандай чаралар, сунуштар айтылып жатат. Бирок алардын натыйжасы азырынча алына элек. Анткени бул проблеманы түп тамырынан чечмейин мындан ары курчутуп алуу турган иш.
Диндердин тарыхы предметин орто мектептерге киргизүүдө анчалык проблема чыкпайт. Анткени бул илим обьективдүү болгондуктан орус жана кыргыз мектептерине бирдей программа менен киргизсе болот. Диндердин тарыхы предметин орто мектептерге жана жогорку окуу жайларына киргизүүдөгү дагы бир маанилүү нерсе бул – жаштардын динге болгон кызыгуусунун күн сайын артышы болуп эсептелет. Демек буга жаштардын арасында талап бар. Жаштардын бул талабын канааттандыруу мамлекеттин жана буга тиешеси бар кишилердин негизги милдети катары кабыл алынышы керек.
Дүйнө практикасы көрсөткөндөй элдердин ортосундагы кагылышуулар, согуштар кээ бир учурларда диний ажырымдардын ортосунан келип чыккандыгы жалпыга маалым болсо керек. Биздин өлкөбүздөгү диний конфессиялардын көптүгүнөн мезгил мезгили менен жер жерлерде айрым бир кагылышуулардын болуп жаткандыгы да массалык маалымат каражаттары тарабынан жарыяланып жатат. Мунун баары диний сабатсыздыктын айынан экендиги талашсыз.
Дүйнөлүк диндерден маалыматы бар кишилер түрдүү диндин өкүлдөрү менен тил табыша алат. Алдына чыккан ар кандай секталарга же диний агымдарга анализ жүргүзө алат жана өзүнө керектүү болгон динди тандап алат. Кур эле дегенде ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болот. Диндерди таануу тигил же бул динге таандык болгон кишилердин улуттук мүнөзүн, каада-салтын, үрп-адатын жана дүйнөгө болгон көз карашын таанууга барабар. Анткени улуттардын күнүмдүк жашоо турмушундагы кыймыл-аракеттеринен тартып жеп-ичүү, жадагалса кийингенине чейинки адаттар негизинен диний ишенимдердин негизине карата куралган.
Биз жаштарыбызга диндердин тарыхын үйрөтүү менен бөтөн элдердин маданиятын да тааныткан болобуз. Башка элдин маданиятын тааныганда гана алар менен туура саясат жүргүзүүгө болот. Азыркы учурда дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө бул предмет расмий түрдө жогорку жана орто окуу жайларында окутулат. Биздин өлкөбүздөгү кээ бир окуу жайларда бул предмет философия предметинин ичинде кыска гана окутулат. Бирок бул өзүнчө бир илим болгондуктан аны өзүнүн программасы менен окутуу жакшы натыйжаны бермек.