Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Ажылыктын рухий мааниси

«Төө ажы болбойт барганы менен Меккеге, эшек дербиш болбойт суу ташыса да мечитке». Бул макалдын мааниси мындай: жалпыга маалым болгондой, илгери ажыга төө менен барышчу. Бирок төө адам сыяктуу аң-сезимдүү болбогондуктан Меккеге барганы менен ажы боло албаганы сыяктуу ажылыктын максатын түшүнбөй, андагы рухий сезимдерди аңдаганга дарамети жетпегендердин ажылыгы ажылык эмес.

Абу Насыр Сарраж ат-Тууси (ө. 378/988) «ал-Луъма» аттуу чыгармасынын «Сопулардын ажылыктагы адеби» деген бөлүмүндө ажылыктын рухий маңызы тууралуу мындай дейт: «Ажыга барган адам (харамдын чегинен кирерде) ихрамды кийерден алдын үстүндөгү кийимин чечип жатып, дүнүйөкорлукту, кекчилдикти, кызганычты жана башка терс мүнөздөрдүн баарын жүрөктөн чыгарып таштоосу керек. «Лаббайк» деп талбийа айтуу менен калган өмүрдө напсинин жана шайтандын азгырыгынан узак болууга сөз берет. Кара ташты өөп жатып Алла Таалага кулдук кылуу милдетин сезет. Сафа дөңсөөсүнө келгенде, жүрөгүн карарта турган жамандыктардан алыс болууга аракет жасайт. Сафа менен Марванын аралыгында ары-бери баскан учурда шайтандан качып жаткандыгын, ал эми Арафатта турганда кыяматтан кийин тирилип, Алла Таала менен беттеше турган күндү эстейт. Чачын алдырып жаткан кезде текеберликти да, кайдыгерликти да алдырып таштаганын билет. Ал курмандык чалуу менен өз напсисин курмандыкка чалганын билдириши керек» (Sarrâc Tûsî, el-Lüma‘ (nşr. Abdulhalîm Mahmûd- T.A. Sürûr), Kahire 1960, s. 227-229).

Имам Мухаммад Газалинин (ө.505/1111) айтымында ажылык үчүн азык акыретке пайдалуу такыбаалыкты, ажылык үчүн атка минерде табытты, ал эми ак кездемеге оронуп ихрамга кирерде ак кепинди элестетүү керек. Ихрамга киргенден кийин «лаббайк» (буйругуңа баш ийем) деп талбийа айтып жатып Алла Тааланын буйугуна ылайык келгендигин эстеп, Каабаны көргөндө Жараткан Алланы көргөндөй сый-урмат көрсөтүшү керек. Аны айланып таваф кылып жатканда болсо Аршты айланып, Кудай Тааланы улуктаган периштелерди көз алдына келтирүү керек. Каабанын бурчундагы кара ташка колун сүрүп жатып Жараткан менен баарлашып жаткандай жана Анын буйруктарына баш ийүүгө сөз берип жатканын эстеши керек. Сафа жана Марванын аралыгында басып баратып эки нерсени сезүү керек. Биринчиси: падышага барып ага өз талабын билдирген соң, сарайдын айланасында сабыры түтөй «падыша менин талабымды орундатаар бекен?» деген ойдо жооп күтүп жаткан адамдагы тынчсызданууну сезүү. Экинчиси: акыретте күнөө менен сооп тартылып жаткан таразаны. Арафатта болсо, махшар күнү адамдардын чогулганын жана алардын пайгамбарларынан шапаат күтүп жатканын элестетүү керек (İmâm-ı Gazâlî, İhyâü ulûmi’d-dîn, Beyrut 1990, I, 352-359).

Нэматуллах Нахживани (ө. 920/1514) Каабаны «сырткы жана ички көрүнүшү» деп эки өңүттөн карайт (Nahcıvânî, el-Fevâtihu’l-ilâhiyye, İstanbul 1325/1907, I, 58). Ихрамды кепинге салыштырган Нахживани өлгөндөн кийин ак кепинге оролгон адам кандай абалда болсо ихрамга кирген адам да ошондой абалда болуусу керек, тагыраак айтканда көз жумган адам арам иштерге баралбагандай эле ихрамга кирген адам дагы ар кандай жамандыктардан алыс болуусу керек, дейт (Nahcıvânî, el-Fevâtih, I, 67).

Мавлана Жалалиддин Руми: «Ажылык – бул бир үйдү, тагыраак айтканда Каабаны зыярат кылуу. Ал эми ал үйдүн ээсин зыярат кылуу – бул өзүнчө эрдик. Бул нерсе ар бир пендеге насип боло бербейт» (Mevlânâ, Mesnevî, c. IV, beyit: 15).

Осмон падышачылыгынын доорунда жашап өткөн аалым жана белгилүү сопу Юнус Вахби (ө.1913) «Асрар-и Манаасик-и Хажж-ы Шариф» аттуу чыгармасында мындай дейт: «Ажылыктын максаты дененин Каабаны гана зыярат кылуу эмес. Ошол эле учурда Каабанын ээсин чын жүрөктөн зыярат кылуу». «Шайтанга таш ыргытуу – ар кандай азгырыктарды, дүнүйөкорлукту жана башка терс сапаттарды жүрөктөн чыгаруу».

Сопулар ажы ажылык ибадатын аткарам деп коомдогу башка милдеттерин да таштап салбашы керек деп айтышат. Ошону менен эле бирге коңшусу ач турганда же жардамга муктаж ата-энеси болсо, аларды таштап ажыга кеткендерге туура карашпайт. Анткени сопулардын көз карашында, адамзаада ааламдагы эң маанилүү макулук, ошондуктан олуттуу, тиешелүү адамдын көңүлүн алуу, аларга жардам берүү өтө зарыл жоопкерчилик. Бул туурасында сопулар жазма булактарында кеңири токтолуп кетишкен. Алардын биринде төмөнкү окуя баяндалат:

«Абдуллах бин Мубарак (ө.181/797) ажылык парзын өтөп болгон соң Меккеде жатып түш көрөт. Түшүндө асмандан эки периште түшөт. Алардын бири экинчисине: «Бул жылы ажылыкка алтымыш миң адам келди. Ушулардын баарынын ажылыгы Шамда (азыркы Дамаск шаары) бут кийим оңдоочу болуп иштеген Али бин Муваффак аттуу кишинин кылган шарапаттуу амалынынын урматына кабыл болду» дейт. Буга аябай таң калган Абдуллах бин Мубарак Шамга сапар алып, периштелер сөз кылган кишини издеп табат да, анын ажылыкка барбаганын билет. Буга аң-таң калган Абдуллах мындай шарапаттуу амалды кантип жасаганын сурайт. Анда Али бин Муваффак ага береги окуяны айтып берет: «Отуз жылдан бери ажылыкка барууга аракет кылып жүргөм. Бут кийим оңдоп үч жүз дирхам топтодум. Бул жылкы ажылыкка ниет кылып камылга көрө баштадым. Аялымдын боюнда бар эле. Бир күнү ал коңшубуздун үйүнөн эттин жыты келип жатканын айтып, барып кичине сурап келишимди өтүндү. Коңшуга чыгып эт сурадым. Ыйламсыраган коңшум мындай деди: «Жети күндөн бери балдарым ачка олтурат. Жолдо бир мал өлүп жаткан экен. Аргасыздан бираз эт кесип алдым. Азыр ошону кайнатып балдарымды сооротуп отурам. Кааласаңыз сизге да берейин. Бирок, өлүм коркунучунда турганы үчүн бул эт балдарга адал, ал эми сизге арам». Кошунамдын арыз-муңун угаарым менен башыма таш түшкөндөй көзүм караңгылаша түштү. Канчалаган машакат менен топтогон үч жүз дирхамды коңшума берип: «Оо, Аллахым! Ажылыкка деген ниетимди кабыл кыла көр!», деп дуба кылдым. Бул жерде мындан башка маанилүү эч нерсе деле жок».

«Алла Таалам түшүмдө туура нерсени билдирген экен» дейт Абдуллах бин Мубарак (Ferîdeddin Attâr, Tezkiretü’l-evliyâ, (Muhammed İsti’lâmî), Tahran 1374 hş., s. 214-215).

Адамдарга жардам берип алардын көңүлүн алуу сооп жагынан нафил ажылыктан да жогору тураары маалымдалат. Буга мынабул окуяны мисал келтирсек болот: «Фергана аймагында жашаган бир бардар адам жыл сайын ажыга барчу экен. Бирок жогоруда айтылгандай, өзүнө сезилбегени менен анын ажылыгынын пайдасы жок эле. Бир жолку сапарында Нишабур деген шаарда жашаган атактуу аалым Абу Осмон Хирини (ө. 298/910) учуратып калат да, ага салам узатат. Тилекке каршы Абу Осмон Хири алик албайт. Ферганалык жолоочу ичинен кобурайт: «Салам берип, абалын сурасам.... Бул эмнеси?! Же мен бир жаңылыштык кетирип койдумбу?» деп ойго батат. Дал ушул учурда Абу Осмон Хири буларды айтат: «Ушундай да ажылык болобу? Энең төшөктө жатат. Анын ыраазычылыгын албай таштап ажылыкка келип жүрөсүң!»

Жаңылыштыгын түшүнгөн ферганалык мусулман ошол окуядан кийин энесине талыкпай кызмат кылат. Арадан бир топ жыл өтөт. Энеси дүйнөдөн кайткандан кийин ажылыкка ниет кылып жолго чыгат. Нишабурга жетип Абу Осмон Хириге жолугат. Атактуу устат аны жылуу кабыл алат. Ажылыктан кайткандан кийин анын шакирттеринин катарына кошулат» (крз. Abdülkerim Kuşeyrî, er-Risâletü’l-Kuşeyriyye (nşr. Ma‘rûf Zerrîk, Ali Abdülhamîd Baltacî), Beyrut 1990, s. 240).

Юнус Эмре сыяктуу бир катар сопулардын пикиринде, бир адамга жакшылык кылып анын жүрөгүнөн түнөк табуу – кайдыгерлик менен, т.а. руханий маани-маңызынын кадырына жете бербей, андан рухий даам сызылбай орундалган миң ажылыктан алдаканча жогору турат.

Башына