Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

«Бардык жакшылык ыймандан, акыйкаттан башталат!»

Бакыт Жунусалиев: Ассалааму алейкум Надырбек агай.

Надырбек Алымбеков: Алейкум ассалам.

Б: Биз сизди кыргыз элинин улуу акындарынын бири катары көп жылдардан билип жүрөбүз. Эми минтип Кудай Таалам сиз менен жүз көрүшүүгө ушул күндү насип буюруптур. Аба айтсаңыз, диний багыттагы чыгармачылык менен кайсы жылдардан тарта алектене баштадыңыз?

Н.А: Атайын менин пикиримди угуу үчүн келип, суроо бергениңер үчүн силерге Алла Таалам ыраазы болсун. Эми, ата-бабабыздын баары мусулман болгон. А Кудай жолуна түшүп, менин ибадат кылып келе жатканыма он жылдан ашты. 1992-жылдан баштап адегенде эле Пайгамбарыбыз Мухамммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) хадистерин ыр түрүнө салып кыргыз тилине которо баштадым. Бул котормолорум 2004-жылы атайын китеп болуп чыкты. Аз санда чыккандыктан китеп болуп чыгаары менен дароо эле элге тарап кетти. Каражатка байланыштуу көбүрөөк чыгара алган жокпуз. Ошондон кийин экинчи этап катары ыйык Куранды которо баштадым. Бул беш жыл убакытка созулду. Алгач мен кыска эле убакыттын ичинде котором деп ойлогом. Бирок андай болбойт экен, Алланын ыйык сөздөрүнүн түп нускасы арап тилинде болгондуктан мен аябай кыйналдым. Ошентип, өзүм түшүнбөгөн сөздөр менен үч жылдан ашык иштедим. Орус тилиндеги котормосунан пайдаландым. Кийин арап тилин жакшы билген аалымдарды издей баштадым. Кудай насип кылып китеп да жазылды. Андан кийин Молдо Мамасабыр Досболов менен тааныштым. Ал дагы поэзияга жакын киши экен. Бул киши менен бир жыл бою негизги булак болгон арап тилиндеги Куран китептеринен, тафсирлерден карап, китепти кайрадан иштеп чыкканга туура келди. Албетте, түп нускадан которулгандардан айырмасы болот экен. Алла Тааланын сырдуу сөздөрүнүн маанисин ошол убакта түшүнө алган эмес экенмин. Экинчиден, бул багытта тажрыйбам аз болгондуктан жана арапча сөздөрдүн маанилерин толук ачып берүүдө арап дүйнөсүн түшүнбөгөндүктөн бир далай каталарды кетирген экенмин. Ошентип, Молдо Мамасабыр менен бир жылча иштештим. Ар бир аятты түпкү нуска менен салыштырып, талбаган эмгектин аркасында китепти аягына чыктым. Моюнга алыш керек, которгонун которуп алдым, Алланын сөзү болгондон кийин чыгараардын алдында аябай корктум. Бирок, мен бул иштин аягына жеттим дегим келбейт.

Ошондуктан мен мындай деп жазгам: Которбодум Куранды,
Жок үчүн менин эрмегим.
Талабын окуп кудайдын,
Тазарса дедим эл-жерим.
Мертинсем сөздөн кечиргин,
Мен деле сендей пендемин.
Ошентип Алладан дагы, окурмандардан дагы алдын ала кечирим сурадым.

Б.Ж: Демек, мына ушул өтө зор эмгекти, тажрыйбаны жана илимди талап кылган ишти, б.а. Ыйык Курандын маанилерин ыр саптарына оодарып, ыр түрүндө жазып чыгууда талантыңызга гана таянбастан, бул багытта өз ишин мыкты билген адистердин илиминен да пайдаланган турбайсызбы?

Н.А: Сөзсүз, жогоруда айтып кеткендей, алардын илиминен кеңири пайдаландым десем болот. Айтайын дегеним, мына, учурда элибизди кубандырган нерсе – кыргыз жаштарынан Аравиядан жана башка мамлекеттерден жогорку билим алып келгендер көбөйдү. Алардын Ислам динин так жана таза үйрөнүп келгени биздин журтубуздагы чала молдочулукту жойот. Булар бизге чала молдолуктан арылып туура, таза динди үйрөнүүбүзгө көмөк берет. Бирок, мен булардын көбү менен сүйлөштүм. Тилекке каршы, алар кыргыздын тилинен алыстап калышат экен. Бул дагы чоң кемчилик. Кыргыз эли үчүн кызмат кылам деп чет жактардан окуп келип, бирок, кыргыздын тилин билбесе, кыргыз эли үчүн жеткиликтүү кылып китеп жазалбайт да. Канчалык илимдүү болбосун, эгерде өз тилин толук билбеген болсо, алардын алган билими өздөрүнөн башкага пайдасы тийбей калат.

Ошолор менен эле бирге мына дааватчылар. Аларды кээ бир маалыматтарга караганда бир күндө 10000 ден чыгышат экен. Мен бир чети аларга абдан ыраазымын. Анткени алар ар кандай кыйынчылыкка карабастан, өлкөбүздүн булуң-бурчтарына барып «Алла бир, Аллага гана сыйынгыла!» деп Исламды жеткирип жатышат. Бирок, жогоруда айтып кеткендей, билимди сырттан алып келгени менен карапайым элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп жеткире албай кыйналып жатышат. Эң пайдалуу нерсе – алган билимин тажрыйбада колдоно билүү. Мисалы мен, акындык талантым менен чыгарма жазып жатып диний темаларды ачыктоодо коркуп турам. Ал эми алар болсо, китеп жазса, кыргыз тилинде туура жазылды бекен деп коркуп турушат. Мындайда биз натыйжалуу чыгарма жазалбайбыз. Эмне үчүн биз биригип туруп чыгарма жазалбайбыз? Ошондуктан, мен билимдүүлөр менен бирге иштегенге даяр элем. Алар менен биргеликте элге пайдалуу чыгармаларды жазып, эл үчүн биргелешип иштеп, кызматташсак дейт элем.

Ал эми китеп, Кудайга шүгүр, элге жакшы эле таркап жатат. Себеби, китеп жеңил, түшүнүктүү тил менен жазылган. Кара сөзгө караганда поэзиянын тили башка. Кошумча каражаттар менен мен поэзиянын ыргактарын колдондум. Аны кээ бирөөлөр Куранга кошумча киргизгендей кабыл алышса керек. Бирок, мен жалпы мааниден алыстаган жокмун. Менин негизги максатым – Курандын маанилерин карапайым элге жеткиргүү эле. Ыр саптарынан бардыгы эле түшүнө бербеши мүмкүн. Ошентсе да, поэзияны сыйлаган, Аллага, акырет күнүнө жүрөгү менен ишенген, билимдүү инсандар мени толук түшүнөт деп ойлойм.

Б.Ж: Демек, Курандын маанилеринин которулушу буга дейре кара сөз түрүндө берилип келгендиктен, сиз жалпы кыргыз элине тереңирээк жетсин деген ой менен поэзиялык өңүттөн маанилерин ачып, тизмектеп, ыр саптары аркылуу жазган экенсиз да?

Н.А: Бул эми мындай, биздин элдин башка калктардан айырмаланганы – ыр жандуу келиши. Мына азыр деле биздин жаштарыбыздын көпчүлүгү макал-лакап, уйкаштуу сөздөр менен сүйлөшөт. Башка элдерге салыштырмалуу бул бизде байкалып турат. Тээ илгертен, миң жылдан ашык убакыттан бери Манас эпосу, Эр Төштүк деле, Эр Табылды жана башка чыграмалар ыр түрүндө айтылып келе жатат. Эми булардын баары муундан-муунга кара сөз менен эмес, ыр менен жетти. Бул котормону ыр менен бергеним элге жеңилирээк деп ойлойм. Көп эле адамдардан сурадым, кара сөздү окуганда кыйналып кетебиз дейт. Ал эми ыр жорго сөз менен кеткендиктен, окууга жеңилирээк болуп жатат дейт. Менин күткөнүм деле ушул болчу. Илимий даражага жеткирейин, же болбосо башка максат менен Куранды сөзмө-сөз которуп, бийик даражага көтөрүлөйүн деген оюм жок эле. Ошондуктан, мен карапайым элге орто мектептин деңгээлинде чыгардым. Ислам динин, Кудай буюрса Куранды биздин аалымдарыбыз которушса, албетте бийик даражада которушат. Ага чейин менин баштапкы ыр менен жазган элге сиңимдүү котормомду окуп, жогорку деңгээлде которулган Курандын маанилерине бир тепкич жакындайт. Баштапкы максатым ушул – элимдин жүрөгүнө жетип, аз да болсо ыйманын ойготуп кетсе, Алланы таанып турса. Айта кетчү дагы бир нерсе – алгач мен да кара сөз түрүндө которгом, андан кийин ырга айландырдым. Ошол бойдон деле калтырып кетсем болмок. Бирок, биздин элдин ырды сыйлаарын, ыр жандуу экенин ойлоп ыр түрүндө бергенге аракет кылдым.

Б.Ж: Сиз чыгармачылыгыңыз менен диний чөйрөгө аралашып келе жатканыңызга он жылдан ашып калыптыр. Эми азыркы жаштардын динге болгон көз карашы тууралуу өз оюңузду айта кетсеңиз.

Н.А: Жерге жарака кетсе акындардын жүрөгү аркылуу өтөт деп койот эмеспи. Мына азыр жалпы кызгыз элин алганда динге болгон көз карашы бир чети ойгонуу болуп, айрыкча жаштарыбыздан Ислам динине багыт алгандар көп. Ошол эле убакта башка диндерге да өтүп кеткендер болууда. Ал эми биздин интеллигенция өкүлдөрүнөн батыш мамлекеттерине, алардын маданиятына ыктагандар андан бетер көп. Менин коркконум элдин нукура маданий, руханий баалуулуктарыбыздан алыстап кетиши. Улуттук байлыгыбыз болгон, бирден бир каражаты болгон өз тилин унутуп баратат. Бардыгы башка тилдерге, айрыкча орус тилине ыктап кетишти. Тээ ымыркай кезинен баштап алгачкы дүйнө таанымы, андан кийин алган илим-билими алгач эне сүтү аркылуу, андан кийин эне тили аркылуу өтөт. Туура, башка тилдерди да билүү учурдун талабы. Бирок, эне тилди унутпоо керек. Экинчиден, Куранда айтылган текеберчилик, сүткордук, эки жүздүүлүк, бузукулук, сойкулук алакандай элибизге тамырлап, терең сиңип кетти. Ушинтип отурсак Алланын жолунан чыгып, адашуунун жолуна, мүмкүн каапырдыктын жолуна кирип кетебизби деп корком. Ошондуктан, элди, айрыкча жаштарда ушундай туура эмес жолдон алып калууга аракет кылдым. Ушуну элдер окуса экен, кичине болсо да туура жолго түшүп калса экен деген тилек менен ыйман ырларын жазып, Куран, хадистерди эне тилге котордум. Келечек Алладан корккондорго таандык. Ошондуктан, өзгөчө жаштарга ушуну айтып кетээр элем: жаштар, Кудайдан корккула, ыйманыңарга бекем болгула. Мына ошондо гана элибиздин келечеги кең болот.

Б.Ж: Агай, сөзүңүзгө аралжы. Эми «эл оозунда элек жок» – дейт эмеспи. Сиздин бул жаңы эмгегиңизди эли-журтуңузга болгон аруу тилегиңизден тышкары кандайдыр бир атак-даңк алуу үчүн жазылган дегендер да болушу мүмкүн. Кандай дейсиз?

Н.А: Мен көп жылдар бою жетекчи болдум. Союздун эң чоң деген ишканаларында иштедим. Жашым элүүгө жакындаганда акындык менен алектене баштадым. Куранды которгонго чейин жыйырма эки китеп жаздым. Дүйнөнүн он тилинде басылып чыкты. Менин ырларымдан жүз элүү-эки жүзгө жакынын эл ырдайт. Ушулар жүрөккө сиңген үчүн ырдашат. Ал эми Куранды которгондо да элге сиңириш үчүн далалат жасадым. Мында өзүмө атак-даңк алайын деген максатым жок. Кудайга шүгүр, «Кыргыз эл акыны» жана башка чоңдор алып жүргөн наамдардын көпчүлүгүн алдым. Эми, ачыгын айтсам, алгач дин менен жаңы тааныша баштаганымда пендечилик ойлор кимде болбойт. Бирок, кийин ушул Куранды которуп отуруп ошол ойлордон алыстадым. Кудайга шүгүр, Куранды которуп жатып, өзүм да өзгөрдүм. Чынын айтканда, Куранды которгондон кийинки жазган ырларым да башкача боло баштады. Өзүмдүн да жүрөгүмө сиңирип калганыма абдан кубанамын. Биздин жаштарыбыз, биздин келечегибиз динди карай катуу келе жатышат. Келечекте алар Кудайдан корккон, эл-журтубузду алдыга сүйрөгөн адамдардан болсо, максатым эле ошол. Чыгармачылык эмгектеримдеги негизги максат – атты минип алып, колго тууну кармап: «Жоо келе жатат, тоскула, силерди кырып, бала-чакаңарды кул кылып кетпесин! Келечегиңерди каран түн каптабасын!» деп, бузукулукка, абийирсиздикке, ыймансыздыкка каршы чакыргандай эле далбаса. Мына ушуну Алла Таалам берген шыкка таянып, калем аркылуу калың элге жеткизүү инсандык парзым деп эсептейм.

АБ: Эми жалпы диний басылмаларга болгон көз карашыңыз?

Н.А: Бардык жакшылык ыймандан, акыйкаттан башталат. Ыйман болсо, акыйкаттык болсо аз-аздан болсо да бийиктикке көтөрүлө берет. Диний гезит-журналдардын чыгып жатканына да бир топ жыл болуп калды. Баарынын ниети бир. Биринен окубаса башкасынан окуп ыйманын бекемдейт. Ал эми силердин журналга келсек, иштегендердин баары жаштар экен. Менин силерге кааларым, кыргыздын нукура сөздөрүн көбүрөөк пайдалангыла. Кыргыздын сөздөрүнүн көркөмдүү жактарын пайдалангыла. Жамаатыңарда аманчылык, жакшылык, ден соолук болсун. Журтубуздун алдында акыйкат туусун колго алып, кыйкырып бара жаткан бийик инсандардан (басылмалардан) болушуңарды тилеп кетемин.

АБ: Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн Алла ыраазы болсун, агай. Чыгармачылык ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Н.А: Ырахмат. Маектешкен Бакыт Жунусалиев

Башына