Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Атаганат, колдогу байлыктын баркын сезе билсек...

Бааланбаса колдогу алтындын да баркы кетет. Ал колдон чыккандан кийин киши баласын бушайман кылаары бышык. Ээлик кылган эсеп жеткис байлык-нематтарды аңдап, иралды ошол байлыктарды ыроологон Улуу Алланы эстеп, Ага шүгүр келтирип, анын баарын аманат катары кабылдап, татыктуу сактоо мусулман баласынын милдети. Асыресе тартууланган нематтар сыноо үчүн берилгенин да эстен чыгарбоо абзел.

Жандуу-жансыздын эң шарапаттуусу саналган адам баласына асман-жер жана андагы бардык ырыскы-байлык атпай белек катары тартууланган. Жараткан Алла Ыйык Курандын көптөгөн аяттарында бизге ошол ырыскы-нематтарын эскертип, көрпендечилик кесирлигибизге, жакшылыкты билбеген наадандыгыбызга төмөнкүчө ишарат жасайт:

«Алла асмандарды жана жерди жараткан, көктөн суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы кылып түрдүү түшүмдү берген, Өз буйругу менен деңизде сүзүү үчүн кемелерди ыктыярыңарга сунган. Абдан пайдалуу күн менен айды жана түн менен күндүздү силерге кызмат кылдырган дагы Ал. Сураганыңардын баарын Алла силерге берген. Алланын нематтарын эстептегиңер келгени менен эсептей албайсыңар. Адампенде акыйкатта абдан заалым жана кесир» (Ибрахим сүрөсү, 32-34-аяттар).

«Асмандарда жана жердегилерди Алла силерге моюн сундурганын, нематтарын ачык да, көмүскө да мол бергенин дале биле элексиңерби?» (Лукман сүрөсү, 20-аят).

Биз ээлик кылган бүт нерсенин чыныгы ээси Алла Таала экенинде шек жок. Жадагалса өзүбүз үчүн да жооп беребиз. Ошондуктан дене-турпатыбызды каалаганыбыздай өзгөртө албайбыз. Денебизди, саламаттыгыбызды бизге аманат катары берген Кудай Тааланын буйругуна ылайык караганга мажбурбуз. Андыктан мүчөлөрүбүздү күнөөгө батырбоого жана табиятка тескери келген жорук-жосундарды колдонбоого тийишпиз.

Деңизде жашаган балык деңиздин баалуулугун аңдай албаганы сыңары көптөгөн адамдар колдо бар байлыктын баалуулугун сезе албай өтүп кетишти жана жашап келишет. Дем алуу, көрүү, угуу, сүйлөө, акыл калчоо, ой-жүгүртүү, сезүү, жеп-ичүү, өз муктаждыгын өзү орундатуу, уктоо, басуу жана башка көптөгөн баа жеткис байлыктар Жараткан Алланын бизге ыроологон белеги.

Колдогу алтындын баркын билбеген бир пенде акылман инсанга эч нерсеси жоктугун, кембагалдыгын айтып даттанат. Акылман зат ага суроо узатат: – Эки көзүңдүн ордуна он миң сомдуу болууну каалайсыңбы?
– Жок. Көз керек.
– Тилиңди кесип алып, ордуна жыйырма миң сом алууга ыраазысыңбы?
– Эч качан.
– Колу-бутуң дароо шал болуп, ордуна отуз миң сом берилсе, алат белең?
– Ж-ж-ж-ок, эч качан ыраазы эмесмин.
– Акыл-эсиңди бирөөлөр кырк миң сомго сатып алууну кааласа, сатат белең?
– Жо-о-о-к!!!
– Уялбайсыңбы?! Жараткан Алланын сага тартуулаган байлыгын жүз миң сомго ыраа көрбөйсүң. Жан таттуу болот. Мындан да кымбатка алмашпай турган байлыгыңды сезбей дагы даттанып жүрөсүң!».

Аюб пайгамбардын бу дүйнөдөгү бар байлыгы, балдары, нематтары Жараткандын сынагы катары удаама-удаа колунан алынат. Ага кошумча катуу дартка да чалдыгат. Аюб пайгамбар мунун бардыгын туура аңдап, тобокелдик, моюн сунуучулук, сабырдуулук менен жазмышка ак дилден ыраазы болот. Адамзат тарыхында анын мындай моюн сунуучулугу, сабырдуулугу жана адамдык бийик сапаты бүтүндөй адампендеге ибарат-үлгү катары дастанга айланган.

Алланын пайгамбары Азирети Аюб ошондой оор мезгилдерде да пайгамбарлык озуйпасын орундатып, ал жерден ары-бери өткөн адамдарды туура жолго, ак менен караны, арам менен адалды айырмалоого чакыра берет.

Көртириликтин күнүн көрүү үчүн жубайы Рахима шаардагы аялдар менен ымала түзүп, аларга жип ийирип берчү. Күндөрдүн биринде Рахима өмүрлүк жарына:

-Сен пайгамбарсың! Алла Таалага өзүңдүн саламаттыгың, ден-соолугуң үчүн дуба кылсаң кандай болот. Эртерээк бул дартыңдан айыгып кетсең! - деген аруу ойун билдирет. Аюб пайгамбар:

– Саламаттыкта, ден-соолукта канча жыл жашадым? - деп жубайына ойлуу суроо салат.

– Сексен жыл – дейт жубайы.

Анда Аюб пайгамбар жүрөк толо көлкүгөн ыйманы менен:

– Ээ, Рахима! Кыйналып ооруп жатканыма сексен жыл (бардар турмушту баштан кечирген мезгилчелик) болбой туруп, кантип Жараткан Аллага арыз-муңумду айтууга оозум барат! Алла Таала бизге канчалаган нематтарды ыроолободу! Анан эмне үчүн Алла Тааладан келген сыноолорго сабыр кылбайт экенмин?! – деген экен жарыктык пайгамбар!

Анын баа жеткис сабырдуулугу, моюн сунуучулугу төмөнкү ыр саптарында кандай гана таасын чагылдырылган: Мага жагат бүт нерсе Сенден келген
Жеңсиз кепин, же чепкен асемделген.
Ырайымың, каарың дагы жагат абдан,
Мейли болсун жоогазын, мейли тикен!

Колдо турган байлыкты сезе билүү – бул бакыттын өзүнчө булагы. Наадан, кесир адамдар өздөрүн бактысыз, карып, кароосуздай сезишет. Бардарчылыкта жашап жатканын аңдабай азап чегишет. Көз алдындагы сансыз нематтарды көрө албагандыгы үчүн алдамчы кыялдардын артында жүрүп өмүрдү текке кетиришет. Эмнени издегенин аңдап-сезе албаган көрпенделер, колундагы баалуулуктарды билишпейт. Бар нерсени аңдай албоо же наадандыктан, же терс өңүттүү арзуу-каалоонун күчтүүлүгүнөн келип чыгат. Аталган бул экөө тең адампендени топуксуздукка жетелейт. Топуктуу кембагалдар аз гана ырыскы-нематка кубанышса, ач көз байлар толгон-токой байлыгы бар туруп өздөрүн бактысыз сезишет.

Ибадат кылуу – чексиз сыйы үчүн Жараткан Аллага болгон ыраазылык. Алла берген нематтарды Анын пенделери, макулуктары менен бөлүшүү ыраазылыктын эң сонун таризи. Мындай изгиликти орундата алгандар Алланын ыраазылыгын табышат, ошол эле маалда адамдардын алкоосуна татып, батасын алышат.

Шүгүрчүлүк – бул берекенин ачкычы. Бул багытта Жараткан Алла Өзү төмөнкүчө даршан эткен. «Ант этем! Эгер шүгүр кылсаңар силерге нематтарымды көбөйтөм. Кесирлик кылсаңар Менин азабым катуу!» (Ибрахим сүрөсү, 7-аят). Аятта айтылгандарга ылайык бүт дүйнөдөгү зилзала, алааматтар ошол кесирлердин, каапырлардын кесепети.

Нематтарды сезе билүү, шүгүр келтирүү, топук кылуу жана ысырапчылыктан оолак болуу, мал-мүлктү адал жолдон таап, адал жолго пайдалануу мусулмандын белгиси.

Ошондуктан акыретте булардын эсеп-кысабы сөзсүз түрдө бизден суралаарын эсибизге түйүп койуубуз абзел.

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул тууралуу мындай деген: «Өмүрдү кайсы жолдо өткөрдүң? Алган илимиң менен эмне жасадың? Мал-мүлктү кайдан таап, кайда каржадың? Дене-мүчөңдү эмне үчүн кор кылдың?» деген суроолорго жооп бермейин кулпенде Алла Тааланын алдынан кете албайт» (Тирмизи, 2417-хадис).

Андыктан кел замандаш, азыртадан ойлонолу, толгонолу. Бул дүйнөдө эмне үрөөн сепсек, акыретте ошону алабыз. Жакшылык калтырсак жакшылык, жамандык калтырсак жамандыкты табаарыбыз кашкайган чындык....

Башына