Он жетинчи сан

Мазмуну
Жолоочулардын бири убагы өтүп кете электе намаз окуп алуу үчүн бираз токтой турууну шопурдан өтүнөт. Шашкалактаган шопур:
– Каза кылып койо бериңиз, – деп токтогусу келбейт. Жолоочу шопурдун жүзүнө карап мындай деп жооп берген экен:
-Мен каза кылганга чейин сен кырсыкка учурап калбайсыңбы кокус?!
Сопулардын бири олуя зат менен сукбатташып олтуруп мындай дейт:
– Бейиштен кичинекей эле ордум болсо мага жетмек.
Мыйыгынан жылмайган олуя ибараттуу жооп кайтарат:
– Атаганат, о дүйнөлүк үчүн көрсөткөн канааттуулугуңду бул дүйнө үчүн дагы көрсөтө алсаң сонун болмок.
Кантип өзүңүздү бактылуу сезип жүрөсүз? деген суроого Толстой минтип жооп берген экен:
– Колумдагы нерселерге топук кылып, менде жок нерселерди ойлобой койсом өзүмдү бактылуу сезем.
Берлинден кайткан бир аалымга суроо узатышат:
– Берлин кандай экен, кандай өзгөчөлүктөрү бар дегендей?
Аалымдын жообу мындай болуптур:
– Мен билгенден алардын иштери биздин диндей бекем, диндери болсо иштерибиз сыяктуу бошоң экен.
– Адептүүлүктү кимден үйрөндүңүз? деген суроого Азирети Улукман аким мындай деп жооп узаткан экен: –
Адепсиздерден.