Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Ийгиликтин сыры

-Сиздин оюңузча ийгиликтин сыры эмнеде? – деп сурады шакирти устатынан.

Жооп өтө кыска болду:

–Ийгиликтин сыры эки сөздө.

– Устат, айтыңызчы ал эмне болгон эки сөз?

–Туура чечимдер..

–Туура чечимдерди кантип алабыз?

–Бир сөз менен.

– Ал эмне деген сөз?

– Тажрыйба.

– А тажрыйбаны кантип топтоого болот?

– Үч сөз менен.

– Алар эмне деген сөздөр?

– Жаңылыш чечимдердин сабактары.

Башына