Он жетинчи сан

Мазмуну
Айтылган сөз адамдын күзгүсү (Азирети Абу Бакир).
Береги үч касиет ибадат кылуу менен барабар: кайдыгерликтен ойгонуу, напсини тизгиндөө жана Жараткан Алладан коркуп ыйлоо (Абу Бакир Каттаний).
Менин алты кызматчым бар. Алар мага көп нерселерди үйрөттү. Алардын аттары: эмне, кайда, качан, кандай, эмне үчүн жана ким (Рудярд Кипринг).
Бааланбаган мүмкүнчүлүк баасын жоготот (Али Суад).
Мал-мүлкүңө кекейип менменсинбе, камгак сыңдуу учпасын ойноок желге (Имам Раббаний).
Актык, адилеттүүлүк менен алектенбесең, сени арамдык, зулумдук тооруйт (Имам Шафий).
Канчалык көп окуба, билимиңе жараша өмүр кечирбесең, сен сөзсүз наадансың! (Саадий).
Ыйман өмүрдүн кубаты (Л. Толстой).
Жакшылык жасаганды билбесең, эч болбосо, жамандык жасаба (Хусрев Дахлавий)
Кайдыгерликтен көңүмүш адат туулат. Көнүмүш адат – ачкычы жоголгон кишен (А. Паррун).
Ойуна келгенди оттогон адам ойго келбеген жагымсыз нерселерди угууга мажбур (Левинсон).
Кайдыгерликтин үч белгиси бар: көп жаңылуу, көп көңүл ачуу жана көп уктоо (Вахб ибн-и Мунаббих).