Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Мечит-улуу маданияттын очогу

Ислам дини жаралгандан тарта мечит анын эң иридеги атрибуттарынан болуу менен катар улуу маданияттын очогуна айланган. Бул диндин кадырман Пайгамбары (саллаллаху алейхи васаллам) алгачкы мезгилдерде бутпарастар бутка толгон Каабага киргизбегендиги себептүү Аркам бин Абул Аркамдын үйүн мечит катары колдонгон эле. Ал алгачкы мусулмандар менен мына ушул жупуну мечитте жолугуп, Жараткандан келген вахий-кабарды аларга чечмелеп, кордук тарткан жандарга кайрат берди.

Мединага көчүп баратып жолдо Куба мечитин, андан соң «Набавий» мечитин курган Алланын Элчиси эң ириде ыйманды, динди коргоону жана ошондой эле акыйкат тавхид ишенимине сугарылган коомду, изги маданиятты түптөөнү максат кылган. Негизи дин менен ыйманды коргоонун үч жолу бар:

  • Алла Тааланын жана Анын Пайгамбарынын буйруктарын карманып, тыю салган жаман иштерден оолак болуу;
  • Мектеп, мечит жана медресе өңдүү мекемелерди куруп, элди ага тартуу;
  • Динге жана ыйманга таандык илим-билимди жайылтуу.

Бул жоболордон байкалгандай дин менен ыйманды мечит, мектеп жана медреселер аркылуу сактап кала алабыз.

Жараткан Алла Ыйык Куранда: «Жаратканга жана акырет күнүнө ишенген, намаз окуган, зекет берген пенделер Алланын мечиттерин курушат» (Тооба сүрөсү, 9-аят) деп буйруу менен бирге мечит, медреселерди курууга чакырган.

Мечит куруу заттык жана руханий болуп экиге бөлүнөт. Жалпыбызга маалым болгондой материалдык чыгымдарды көтөрүү, курулушка маңдай тер төгүп иштөө мечиттин курулушунун заттык жагы. Ал эми ошол курулган мечитти тазалап, андагы диний иш-аракеттерди жүргүзгөн жана мечитке келчү жамаатты тарбиялай турган жоопкер пенделер руханий курулушту жүзөгө ашырышат. Өз жамааты бар бир дин руханий жактан да күчтүү болуп эсептелет. Материалдык чыгымды көтөрүп мечитти куруп кою колунан келген адамдар үчүн жеңил иш. Бирок мечитке толо турган жаматты түптөө, аларга руханий тарбия берүү алдаканча түйшүктүү. Жамаатсыз мечитти элестетип көрүүнүн өзү эле кандай гана оор.

Мечиттер Улуу Жараткандын ысмы даңазаланган жана диний ибадаттар толук кандуу арткарылган жай болуп эсептелет.

Мына ошол себептен Алла Таала:

«Алланын мечиттеринде Анын ысмынын эскерилип туруусуна тыю салган жана аларды уратып жок кылууга аракет кылгандан өткөн заалым жок!» (Бакара сүрөсү, 114-аят) деп буйруган.

Мечиттерде ибадат кылууга, азан айтууга тоскоол болуу же жыгып салуу ашкере заалымдык болгону сыңары, татыктуу таалим бербей, же уюштуруу ишин жөнгө салбай жана өз милдетин так өтөбөй, илим талап кылган мусулмандардын тарап кетишине себепкер болуу да ашкере заалымдык. Башта салыштырылгандай мечит, медресени руханий жактан карыпка айлантуу аны түрттүрүп салганчалык оор күнөө. Тактап айтканда мечитти бошотуу, мечиттин жамаатсыз калышына унчукпай кою аны жыгууга барабар. Киши жашаган үйгө караганда эч ким жашабаган үй тез ыпырап, талкаланат. Мечиттер да ошондой. Ошол себептен аяттагы «аларды уратып жок кылууга аракет кылгандар» деген айтым мечитти руханий өңүттөн талкалаган, аны ээнсиреткендерге да ишаарат кылат.

Мечиттердин кызматы

Алла Элчисинин заманында Набавий мечити төмөнкүдөй кызматтарды камтыган:

  1. Ибадаттын очогу Пайгамбар мечитин куруудагы алгачкы максат – ибадат кылуу болгон. Жер жүзүнүн бардык ыңгайлуу жерлеринде ибадат кылуу буйругу келгенден жана аят, хадистерде жамааттын берекелүүлүгү айкын болгон соң мечиттерде чогуу намаз окула баштаган. Мечиттердин сыйынуучу жай экендиги береги аятта маалымдалган: «Көптөгөн сыйынуучу жайлардын шарапаттуу болушуна жана ичинде Өз ысмынын даңазаланышына Алла уруксат берген» (Нур сүрөсү, 36-аят).
  2. Окуу жана окутуу борбору Пайгамбар мечитинин экинчи маанилүү озуйпасы – окуу жана окутуу борбору болгон. Азирети Мухаммед үммөтүнө мечитте таалим-тарбия берген. Жаңы түшкөн аяттагы диний кенчти оболу жөн гана маалымат катары айтып, кийинки дил маектеринде аятта айтылган ибадаттын маанилүүлүгүн, аткарылышы зарыл экенин жеткирип, сахабаларынын ал ибадатты жана ахлактык баалуулуктарды кынтыксыз өзүмсүп алышына көмөкчү болгон. Буга айрыкча турмуштун катаал шартына карабастан Алла Элчисинен сабак алган «асхаб-ы суффа» жамааты кашкайган мисал.

    Алла Элчиси сахабаларынын илим-билимге болгон ынтызарлыгынан, жапакечтигинен кадимкидей кайрат алган. Бир жолу мечитке кирип келген Азирети Мухаммед бир топ сахабанын зикир, дуба, бир тобунун илим алуу менен алек болуп жатканын көрүп: «Мен мугалим болуп жөнөтүлдүм» (Ибн-и Мажа, Мукаддима, 17) деп сыймыктанган.

  3. Мамлекеттик башкаруу борбору Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Мединага жайгашкан соң элчилик милдети менен кошо мамлекет башчылыгын да жүргүзгөн. Ошол себептен бардык саясий, башкаруучулук жана дипломатиялык иш-аракеттерди, жыйналыштарды мечитте жүргүзгөн. Аймактык жетекчилерди, аскер башчыларын, жыйым кызматкерлерин мечитте дайындап, зарыл жана маанилүү чечимдерди да мечитте кабыл алган. Чет элден келген өкүлдөрдү жана элчилерди мечитте кабыл алган.
  4. Адилет башкармалыгы Мединада жашаган мусулман жана жөөт коомчулугу өз өзүнүн укуктук системаларына жараша жашашкан. Ошондой болсо да айрым бир учурларда катталган соттук жана жазалоо иштери мечитте бир бүтүмгө байланып, мечитте жүзөгө ашкан. Мындан башка ар кандай талап, арыздарды мечитте уккан.
  5. Акылдашуу жыйыны Сахабалар турмуштук жана акыреттик ар кандай маселелерди мечитте өз ара же Алла Элчисине салып кеңеше турган. Тактап айтканда сахабалар жеке, үй-бүлөлүк жана социалдык маселелерди мечитте кеңешип чечкен.
  6. Баш калкалоочу жай Исламдын алгачкы жүз жыл арылыгында үй-жайы жок момун-мусулмандар Набавий (Пайгамбар) мечитине баш калкалашкан. Андан башка сапарга чыккан жолоочулар да мечиттерге түнөшкөн. Асыресе асхаб-ы суффа үчүн Пайгамбар мечити азыркы тил менен айтканда, өзүнчө интернат эле.
  7. Спорт жана көргөзмө ордосу

Алла Элчисинин мезгилинде башка жай жок болгондугу себептүү аскерий ар кандай машыгуулар, спорттук мелдештер жана коңушулаш өлкөлөрдөн келген шыктуу топтордун көнүгүүлөрү Пайгамбар мечитинде өткөн. Маселен Эфиопиядан келген курал-жаракка машыккан топтун спорттук көнүгүүлөрү Пайгамбар мечитинде көрсөтүлгөн. Алла Элчисинин артына туруп, анын чепкенин жамынып олтурган Азирети Аиша (Алла ага ыраазы болсун) аталган топтун кызыктуу көнүгүүлөрүнө өз көзү менен күбө болгон (Бухари, Салат, 69).

Бакыт доорунда түптөлүп, жеке жана социалдык турмуштун борборуна айланган мечит Ислам маданиятынын адепки тарыхынан бери өз озуйпасын сүрдүрүп келген. Кийинки кылымдардан тарта муктаждык иретинде курулуп, өнүгүп-өөрчүп келе жаткан окуу жайлар, аскердик машыгуулар өткөрүлчү атайын аянттар, социалдык жана диний турмуштун бир бөлүгү саналган дервиш үйлөрү, соода-сатык үчүн курулган базарлардын алгачкы башаты мечитте.

Кайсы мусулман өлкөлөрүнө барбаңыз дээрлик чоң мечиттердин көпчүлүгүнүн айланасында тазаланып жуунуучу жайлар, дааратканалар, илимдин очогу саналган медреселер, окуучулар үчүн курулган жатаканасы менен ашканасы кошо курулган. Бул көрүнүш Исламдын илим-билимге, тазалыкка камкор дин экендигинин айкын далили. Айрыкча Түндүк Африкада ушу тапта мечиттердин айланасында курулган бейтапканалар, жана балабакча өңдүү мекемелердин болушу мечиттин өз функциясын аткарып жаткандыгын айгинелейт.

Мечит «мечит» деген атка ылайык сырткы көрүнүшү жагынан да Исламдын жаркын тарыхын, маданиятын чагылдырган түзүлүштө болгону элдин руханий ынтызарлыгынын ташкындашына түрткү болот. Мечиттин айланасында жашаган эл турмуш мазмунун бийик мунаралардан айтылган азанга карап жөнгө сала алса кандай гана бакыт.

Учурда мечиттердин функциялары азайып, тек гана ибадат кылуу жана диний таалим үйрөнүү деген эки гана озуйпасы иштеп келет. Ошондой эле жай айларында келечек ээлери болгон өспүрүмдөр мечиттерге барып намаз жана Куран үйрөтүүгө арналган курстарга катышып келишет, айланага көз чаптырып ушуга да шүгүр дешибиз керек.

Башына