Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Аялзаты жана укук

Маалыматтар ар кандай интернет сайттарынан алынып даярдалды.
Пайдаланылган булактар: islom.uz; muslimaat.uz

Аял – бул коломтонун куту, жашоонун туткасы, перзенттери үчүн бардыгына даяр турган зат.

Улуу Ислам дининде да аялдар кадыр-барктуу зат катары урматталат. Андыктан, аялдар укугу Ислам дининде көңүл бура турган маселелерден болуп эсептелет.

Тээ мурунтан эле ахли суннат вал-жамаат деп эсептелген төрт мазхаптын мужтахиддери менен укукчулары бул маселеге өзгөчө маани беришип, өздөрүнүн көз караштарын айтышкан. Ханафий мазхабынын аалымдары да аялдар тууралуу маселелерге арналган, анын ичинде махр, нике, талак жөнүндө көптөгөн китептерди жазышкан. Улуу укукчулардын бири болгон Бурхануддин ал-Маргинаний да өзүнүн «Хидая» аттуу эмгегинде аялдарга арналган фикхий маселелерге кеңири орун бергендиги жалпы мусулман коомчулугуна маалым.

Курани Каримде аялдар жөнүндөгү аяттар «Ниса», «Бакара», «Маида», «Нур», «Ахзаб» сыяктуу ондогон сүрөлөрдө орун алгандыгын баса белгилөө ашыкча болбойт.

Эми төмөндө Ханафий мазхабынын укукчулары жазган эмгектерден алынган аялдар темасына байланышкан кээ бир маселелерди маалымдамакчыбыз.

Ислам дининде аялдардын өз ой-пикирлери менен мүдөөлөрүн айтуусуна тыюу салынбайт. Тескерисинче, алардын ой-пикирлерине көңүл буруунун маанилүү экендиги айтылат.

Тээ Исламдын алгачкы мезгилдеринде да аялдар диний, коомдук, экономикалык жааттарга байланышкан маселелерде Азирети Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) кайрылышкан жана тартынбастан өздөрүнүн пикирлери менен көз караштарын айтышкан.

«(Оо, Мухаммед!) Чындыгында, Алла сени менен өзүнүн жолдошу (күйөөсү) тууралуу талашып жаткан жана Аллага арызданган (аял)дын сөзүн укту» (Мужаадала сүрөсү, 1-аят). Мына ушул аятта Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына өзүнүн жолдошунун туура эмес иш кылгандыгын арызданып келген аялдын маселеси ошол аялдын көз карашына (пикирине) шайкеш келе турган абалда чечилгендиги тууралуу сөз болот. Эң маанилүүсү бул аятта аялдын ээлеген орду жогору коюлуп, анын пикирине сый-урмат көрсөтүлөт.

«Илим алуу – ар бир мусулман эркекке жана мусулман аялга парз». Илим алууда аял менен эркек тең укуктуу. Бул маселе Куран жана хадис илими сыяктуу эле башка (светтик) илимдерди үйрөнүүнү да өз ичине камтыйт. Андыктан мусулман аялдар да эркектер сыяктуу эле өздөрү кызыккан жана жөндөмдөрүнө, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша илим алуусу зарыл.

Коомдун келечеги энелер тарбиялап өстүрүп жаткан балдардын колунда экендигин баарыбыз билебиз. Ар бир адамдагы мээримдүүлүк жана ырайымдуулук сезимдери менен жакшы тарбия эң оболу эне тарабынан түптөлөт. Мына ошондуктан бала тарбиялап жаткан аялдын өзү илимдүү, интеллигенттүү жана тажрыйбалуу болуусу абзел. Ар кандай коомдук иштерде аялдар өз сунуштарын берүүсү жана коомдук иштерге катышуусу да мүмкүн.

Куран-и Каримде аялдардын Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) биат кылгандыгы, б.а. аны өздөрүнө башчы катары кабыл кылгандыгы тууралуу да айтылат. Куранда: « ... дагы жакшылык иштерде сага каршы болбоого ант (убада) беришсе, анда алардын антын кабыл ал!» (Мумтахина сүрөсү, 12-аят) - деп айтылат. Бул аятта аялдар коомдо өздөрүнө башчы тандоо укугуна ээ экендигине күбө болобуз.

Ханафий мазхабы боюнча, аял өз алдынча инсан (личность) катары каралат. Демек, ал өзүнүн наамына (атына) келишим түзүүгө, мурас алууга жана мурас калтырууга укуктуу. Аял өзүнүн мүлкүн өз алдынча каржоо, махр, мурас жана башка ушул сыяктуу жеке өзүнө таандык болгон байлыгын өз алдынча эркин иштетүү укугуна да ээ.

Эми нике маселесине кайрылсак: үй-бүлө эки жаштын никеге туруусу менен мыйзамдуу болуп эсептелет. Ал эми нике эки тараптын тең ыраазычылыгын талап кылат. Ошондуктан аялдын турмушка чыгуусу үчүн анын өзүнүн уруксаты суралат. Башкача айтканда, аялзаты болочок жолдошун тандоо укугуна ээ.

Исламда талак кылуу (ажырашуу) укугу эркектерге гана таандык. Анткени, эркектердин табияты аялдарга караганда оор басырыктуу, сабырдуу келип, бир ишти шашпастан жети өлчөп бир кесет. Ал эми аялдар эмоционалдуу келишип, табиятынан назик болушат. Аял киши ачууланган кезинде ачууга алдырып тез аранын ичинде эле никени бузуп ийиши мүмкүн. Мына ошондуктан, талак кылуу укугу бир гана эркектерге берилген. Бирок, эгер эркек аялдын укук-акысына маани бербей, анын укуктарын тебелеп-тепсесе, анда аял казыга кайрылып, казынын кийлигишүүсү менен ажыраша алат.

Баарыбызга белгилүү болгондой эле, эркектер үй-бүлөнүн башчысы болуп эсептелет. Анткени, Алла Таала эркектерди аялдардан айрым жааттарда жогору кылган (Ниса сүрөсү, 34-аят). Андыктан, эркектерге үй-бүлөнү багуу милдети жүктөлгөн. Аялдарга болсо үйдү сарамжалдоо жана жарык дүйнөгө келген перзенттерди тарбиялоо сыяктуу өтө маанилүү милдеттер жүктөлгөн. Эгерде аял киши коомдун өнүгүүсү үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүгү болсо, анда ал ишти үй-бүлөлүк милдеттери менен бирге алып кетүүсү зарыл.

Аял киши соода-сатык же башка бир иш менен алектенүүсү мүмкүн. Аялдын ал иште иштөөсү үчүн күйөөсүнөн башка эч ким нааразычылык билдире албайт жана ага укугу да жок.

«Алла Таала бир хикмат (даанышмандык, себеп) менен бирөөңөрдөн бирөөңөрдү артык кылып койгон нерселерди (көрө албастык менен) арзуу кылбагыла. Эркектер өздүрүнүн эмгектеринен насиптерин (акыларын, үлүштөрүн) алышкандай эле, аялдар да аз эмгегинен насип (акы, үлүш) алышат. Алланын берешен жоомарттыгын сурангыла. Албетте Алла Таала бардык нерсени билүүчү зат» (Ниса сүрөсү, 32-аят).

Бул аят Ислам дининде аялдардын да кандайдыр бир иште иштөөсүнө же бир кесипти аркалоосуна уруксат берилгендигине далил болуп эсептелет.

Кутман сахабалардан Абу Бакирдин (Алла ага ыраазы болсун) кызы Асма үй-бүлөнү багуу жана үй-бүлөлүк казынага киреше келтирүү максатында күйөөсүнө жардам берүү үчүн иштеген. Ага Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) нааразычылык билдирбегендиги тарыхта жазылуу.

Аялдар керек болсо казылык сыяктуу оор иштерди аркалап, адилет структураларында да иштегендигин көөнө тарых булактары күбөлөйт.

Бирок, аялдын бир иште иштөөсү үчүн бир канча шарттар коюлган:

– эң оболу күйөөсүнүн макулдугу;

– кийген кийими, жүрүм-туруму жана сүйлөгөн сөздөрү менен фитнага (ар кандай ушак-айыңга) себепкер болбоо;

– табиятына (жаратылышына) шайкеш келе турган, саламаттыгына зыян келтирбей турган иштерде иштөөсү;

– өзүнүн жана башкалардын абийири менен беделине доо келтирбөөсү, өзүнүн жана туугандарынын дарегине жаман сөздөрдүн айтылуусуна себепкер болбоосу керек.

Ислам дини эркектерге кандай укуктарды ыйгарган болсо, аялдарды да ошондой укуктарга ээ кылган. Аялдар укук жаатында эркектер менен бирдей даражада. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде мындай деп айткан: «Бардык инсандар (эркек-аял укук жаатында) тарактын тиштери сыяктуу тең (укуктуу)». Ошондой эле аялдарга карата жасалган ар кандай зулумдуктар арам болуп эсептелет.

Ислам дини эч бир маданият, дин, укуктук система тартуулабаган укуктарды аялдарга ыйгарган. Тескерисинче, аялдардын акысы менен укугун коргоп, алардын кандайдыр бир кесипти аркалоосуна, бир иште иштөөсүнө, өзүнүн ой-пикирин айтуусуна тыюу салбайт жана бейишти адамзааданын бул жарык дүйнөгө келүүсүнө себепкер болгон, перзенттери үчүн күнү-түнү кызмат кылган энелердин таманын астында экендигин баса белгилеген.

Башына