Он жетинчи сан

Мазмуну
Акыл-эс өзүнүн тунуктугуна жараша карама-каршылыкты таамай аңдай алат. Карага бойолгон жыгачка ак, кара, кызыл, көк, жашыл, күрөң, сары жиптерди койсоңуз, ак жип гана жакындан да, узактан да даана көрүнөт.
Карама-каршылык демекчи, адам баласынын өмүрүн кубаныч-кайгы, жакшылык-жамандык, тирүүлүк-өлүм, бейиш-тозок жана башка карама-каршылыктар коштойт. Бул карама-каршылыктар адамдын кулк-мүнөзүндө да өөрчүп, бири-бирине үстөмдүк кылууга жөндөмдүү. Маселен, адамдын жүрөгүндөгү такыбаалык жана кайдыгерлик сыяктуу... Бул күрөш өмүр бою уланат. Биринчиси экинчисинен күчтүүлүк кылып жеңип кетиши мыйзам чегиндеги көрүнүш. Карама-каршылыктардын биринин жеңилип, экинчисинин жеңиши адамдын акыл-эсинин тунуктугуна, баам-парасаттуулугуна байланыштуу. Киши баласына ошол акыл-эстин табигый тунуктугун аруу сактап, ар тараптуу акыл калчоо аркылуу терс өңүттүү жөндөмдүүлүктөрүнүн ордун адамдык бийик сапаттар менен толтуруп көрктөө үчүн адал жолго, жакшылыкка жан тартып, жамандыктан, бузукулуктан жүз үйрүү зарылчылыгы талап кылынат. Бул эрежени орундаткан пенделер эки дүйнөдө бактылуу болушат. Асыресе, бул эреже Ислам дининин өзөк максаттарынан болуп саналат.
Куран-и Каримде минтип буйрулган: «Кимде-ким аны (напсини) арууласа, ал ийгиликке жетет. А кимде-ким аны (напсини) жамандыкка агытса, зыянга учурайт» (Шамс сүрөсү, 9-10-аяттар).
Жараткан Алла Таала адампендени жакшылыкка да, жамандыкка да жөндөмдүү кылып жараткан жана бүтүндөй макулуктун ичинен бизди ибадат менен милдеттендирген.
Ал адамзааданын эркине жакшылык менен жамандыкка ыктай турган үрөөн сээп, бул дүйнөдөгү бейпил турмушка жана акыреттеги бактылуулукка жетүү үчүн жандүйнөнү «калби салим» менен шөкөттөө талабын койгон. Муну жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү жана татаалдыгы он бир анттын коштоосунда Шамс сүрөсүнүн алгачкы аяттарында жарыяланган.
Аятта мындайча буйрулган:
«Күн жана анын жарыгына ант! Анын артынан ээрчиген Айга ант! Жарыгын жайылткан күндүзгө ант! Асманга жана аны Жаратканга ант! Жерге жана аны Төшөөчүгө ант! Напсиге жана аны жайгаштырганга ант! Напсини бузулууга да, такыбаалыкка да Ал жөндөмдүү кылды. Кимде-ким аны (напсини) арууласа, ал ийгиликке жетет. А кимде-ким аны (напсини) эркин койо берсе, зыянын тартат» (Шамс сүрөсү, 1-10-аяттар).
Акыл-эс, сезим; мал-мүлк, мансап, бала-бакыра жакшылыкка да, жамандыкка да себеп болот. Кайдыгерликтин да, сергектиктин да түйүнү ушул жерде жатат.
Иблис (шайтан) бейиштен куулгандан кийин кыяматка чейин эркин болууну жана пенделерди жамандыкка жетелөө мүмкүнчүлүгүн Жараткан Алладан сурап алат. Бизди сыноо үчүн бул дүйнөгө алып келген Алла Таала сыноонун бир зарылдыгы катары шайтандын тилегин кабыл этип, аны эркин койо берет. Демек ойлонуп көрөлү, бир жакшылыкка же ийгиликке жетүү кандай гана түйшүктүү, кандай гана оор. А түбөлүк бейиште калуу үчүн шайтандын тосмолорунан кылт этпестен өтүүгө мажбурбуз. А эгер напси, шайтанга жетеленип убактылуу жыргалчылыкты көздөй турган болсок, түбөлүк кейиште калууга туура келет.
Аллага түз бара турган сырат ал-мустакиймдин (туура жолго) ортосуна олтуруп, адамзааданы жамандыкка үндөгөн, күнөө иштерди көзөл кылып көрсөткөн шайтан ыкластуу момун-мусулмандарга эч кандай зыян келтире албайт. Бул акыйкат
Куранда баяндалган: «Иблис: Алардын ыкласка сугарылгандарынан тышкары, (баарын жолдон адаштырам!)» (Хижр сүрөсү, 40-аят).
Каргышка калган шайтандын тузагына илинбөө үчүн Алла Таала бизге олуттуу эскертүү берген: «...Этият болгула! Жалганчы шайтан Алланын кечиримине ишендирип силерди алдап кетпесин!» (Лукман сүрөсү, 33-аят).
Мээримдүүлөрдүн мээримдүүсү Улуу Алла Таала кулпенделерине Халим жана Гафур сыпаттары менен мамиле кылып, жасалган күнөөлөрдүн, кемчиликтердин жазасын дароо бербейт. Жазаны белгилүү мөөнөткө чейин узартып келет. А адамзаада болсо, бул нерсеге кайдыгер карап эсил кайран өмүрдү коротуп жүрөт. Куранда бул акыйкат мындайча маалымдалган: «Эгер Алла Таала адамдарды кылмыштары себептүү жазалай турган болсо, анда жер бетинде бир да жандык калтырбас эле. Бирок Алла алардын жазасын белгилүү бир убакытка чейин кечиктирет. Качан алардын мөөнөтү (ажалы) жеткен чакта аларды жазалайт. Анткени Алла пенделерин көрүп турат» (Фатир сүрөсү, 45-аят).
Мындай түрдөгү руханий дартка чалдыккан таалайсыз пенделер жасап жаткан күнөөлөрүн сезбей, тескерисинче маашырланып, жакшы иш кылып койдук деп ойлошот. Ошону менен бирге буйрулган амалдарды кайдыгер аткаргандардын аянычтуу акыбетин минтип кабарлайт: «Айткын; Көптөгөн иш-амалдары текке кеткендердин кимдер экенин маалымдайлыбы? (Алар) жакшы иш кылганына ишенгени менен дүнүйөдөгү мээнети текке кеткендер» (Кахф сүрөсү, 103-104-аяттар).
Чыныгы момун-мусулман жасаган ар бир амалын чын ыкластан орундатат, жана ошондой эле, анын акыбетинин текке кетишинен абдан коркот. Кетирип алган кичинекей жаңылыштык чыныгы момундун жүрөгүн ачыркантат. А кайдыгер пенде болсо тескерисинче тоодой күнөөсүн да сезбейт, камаарыбайт.
Ардактуу Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Аиша энебизге мындай насаат айткан: «Аиша! Маанисиз көрүнгөн кичинекей күнөөлөрдөн да сактан! Анткени аларды көзөмөлдөп каттап турган Алланын периштеси бар» (Ибн-и Мажа, Зухд, 29; Дарими, Рикак, 17).
Учурда адамдардын бири-бирин кемсинтиши, теңсинбей артынан каралап, ушак айтышы кайдыгерликтен келип чыгууда. Мындай абалда бир адам экинчи адамды кемсинтип, өзүн андан жогору коюп, текеберлик кылат. Текеберлик болсо азынаган напсини алкынтып, тизгинди ала качырат. Адамдын акы-укугун тебелөө жан кордоонун натыйжасында жазаланышы кыяматка калтырылган кейиштүү кесепет жаралат.
А аныгында Жараткан Алла Таала эч бир пендесинин кемсинтилишине ыраазы болбойт. Ошондуктан муну чоң күнөөкөрлүктүн бири деп эсептеген: Арттан сөз агытып куйтулук кылууну жана бирөөнүн кемчилигин шылдыңдоону адатка айланткандарга убал жок!(Хумаза сүрөсү, 1-аят)
Мындан кийинки аяттарда болсо текебер шылдыңпоздордун тозокко ыргытылары ачык айтылат.
Жүрөктү ээлеп, адамды кайдыгерликке салган жана ибадаттардын руханий берекесинен куру калтырган нерселердин бири – дүнүйөкорлук жана акча табууга берилүү болуп эсептелет. Адамбаласынын бул жааттагы өксүгүн Жараткан Алла мындайча билдирет: «Эгең (Алла) Өз пендесин сынап, ага ийгилик-жакшылыктарды берсе, ал: «Эгем мени ардактап, сыйлады», – дейт. Кокус аны сынап, ырыскысын чектеп койсо, ал: «Эгем мени кордоду»,- дейт.
Жок! Балким силер өзүңөр жетимге кам көрбөй жатасыңар; жардыларга даам берүүгө үгүттөбөй жатасыңар. Мураска калган мүлктөрдү (кыянаттык менен) сугунуп, жеп жатасыңар. Анткени дүнүйөкорлук турган турпатыңарды каптап калган!
«Ким акыретти ойлоп, акырет тууралуу санаага батса, Алла ал пендесинин жүрөгүнө рухий байлыкты салат, жүрүшпөй калган ишине ийгилик ыроолойт, натыйжада дүнүйө аны ээрчийт. Кимде ким дүнүйөнү ойлоп, байлыкты самаса, Алла аны кембагалга айлантат, жүдөтөт, чектелгенден ашыкча эч нерсе берилбейт» ( Куттуу хадис: Тирмизи, Сыфатул кыяма, 30).
Карарган жүрөктү дат баскан темирге салыштырган Азирети Пайгамбарыбыз андагы кайдыгерлик дартын айыктыруунун жолун: «Алла Тааланын Китебин көп окуу жана Аны көп зикир кылуу» деп маалымдаган (Али ал-Муттаки, Канзул-уммал, II, 241).
Кутман Пайгамбарыбыз маалымдагандай кайдыгерликтен арылуу үчүн ар дайым зикир кылуу, Жараткан Алланы эч убакта эстен чыгарбоо абзел. Анткени адамбаласы Жаратканын унуткан чакта күнөө жасайт. Билип-билбей жасалган күнөө иштер жана кайдыгерликке малынган абалдагы кетирилген жаңылыштыктар тирүүлүктүн борбору саналган жүрөктүн рухий өңүттөн карарып кетишине алып келет. Натыйжада жүрөктүн сезимталдыгы сокурга айланып, ибадаттардын руханий лаззаты билинбей калат. Мындай дартка чалдыккан кулпенде берекелүү таңдарын уйку менен өткөрүп, өзүн-өзү зыянга учуратат.
Ошол себептен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аркылуу Алла Таала жалпы момун мусулмандарга эскертүү жасаган: «Күн-түн дебей коркуу жана жалбаруу менен ичиңден Эгеңди эскер жана кайдыгерлерден болбо!» (Аараф сүрөсү, 205-аят).
Пендезаада тойбос напсинин жана алп турмуштун миң кырдуу татаалдыгына туруштук бере албай руханий жактан алсыраган кезде, тооба аттуу дармек менен даарыланып, ыкластуулукка ыкташы керек. Анткени Жараткан Алла амалдарды Өз ыраазылыгы үчүн ыкластуу орундатуубузду талап кылат. Башта айтылган ибадаттын рухий лаззаттын ушул жол менен татууга болот.
«(Элчим!) Китепти сага акыйкат катары бердик. Андыктан сен динди Алла үчүн тутунуп (ыклас менен) кулчулугуңду өтө» (Зумар сүрөссү, 2-аят).
Ошол себептен ибадаттардан пайда алуу үчүн, аларды чын ыкластан берилип, Алладан коркуу менен орундатуу зарыл. Ыклассыз, тек гана кутулсам болду деген ойдо кайдыгер орундатылган ибадаттардын жансыз сүрөттөрдөн же суусу сыгылып алынган мөмө-жемиштерден, өзөгү чириген дарактардан айырмасы жок. Айта турган дагы бир маанилүү нерсе – ибадаттардын рухий лаззатын курута турган кооптуу нерселер бар. Маселен арам же адалдыгы так билинбеген шектүү азыктарды жеп кою адамзааданын жүрөгүн ныксыратат. Ошондуктан кулпенде мындай нерселерден канчалык оолак болгон сайын көкүрөктөгү ыйман ошончолук ташкындайт, ибадаттар ал үчүн лаззаттуу рухий дасторконго айланат. Баарыбызга маалым болгондой ибадаттар жандүйнөнү байыткан рухий азыктар менен кошо жеп-ичилген тамак-аштардан алган күч-кубат менен орундатылат. Адал тамак-аш адамга ийгиликтерди, берекени ыроолосо, арам тамак-аш көрпендени арам ойго, кайдыгерликке, жамандыкка жылоолойт.