Он жетинчи сан

Мазмуну
Абу Иса Мухаммад ибн Иса ибн Савра ибн Муса ибн аль-Даххак ас-Сулами ат-Тирмизи хадис илиминин жаркын жылдызы жана белгилүү көптөгөн чыгармалардын автору. Имам ат-Тирмизи хижранын 209-жылы Термез шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы бүгүнкү Түркмөнстандагы Марв шаарынан болгон.
Имам ат-Тирмизи дагы башка аалымдардай жаштайынан акылы жетик, зээндүү болуп илим алууга өтө кызыккан. Билим алууну жандилден самаган Имам ат-Тирмизи илим үйрөнүү үчүн өзүнүн жаш экенине карабастан Ислам ааламын кыдырып Хижазга, Ирака, Хорасанга жана башка Ислам дүйнөсүнүн белгилүү илим борборлоруна барып, белгилүү хадис аалымдары менен жолугушуп, алардан илим алууга жетишкен. Баардык жаңы уккандарын тактык менен жазып алып турган. Өзү кызыккан нерсе болсо эң алыскы өлкөлөргө да саякаттап кетүүдөн кайра тарткан эмес экен. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Алла Тааланын чоң сыноосуна кабылып көздөрү көрбөй калган. Бүт өмүрүн илимге, динге кызмат кылууга арнаган Имам ат-Тирмизи хижранын 279-жылы Термез шаарында бул жалган дүйнө менен кош айтышкан.
Имам ат-Тирмизи көптөгөн аалымдардан хадис угуп, алардан илим алган. Алардын эң белгилүүлөрү Имам ал-Бухари, Имам ал-Муслим, Имам Абу Дауд, Кутайба ибн Саид, Исхак ибн Муса, Махмуд ибн Гийлан, Саид ибн Абдур Рахман, Мухаммад ибн Баюжар, Али ибн Хаджар, Ахмад ибн Маниъ, Мухамад ибн Мусанна жана башкалар болгон.
Имам ат-Тирмизи өзү да көптөгөн аалымдарга хадис үйрөтүп, татыктуу шакирттерди өстүргөн. Алардын белгилүүлөрү Махкуль ибн ал-Фадл, Мухаммад ибн Махмуд Анбар, Хаммад ибн Шакер, Абд ибн Мухаммад, Хайсам ибн Кулайб аш-Шаши, Ахмад ибн Юсуф ан-Насафи, Абуль Аббас Мухаммад ибн Махбуб аль-Махбуби болгон.
Имам ат-Тирмизинин эң белгилүү чыгармалары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- “Китаб аль-Жаами”,
- “Китаб аль-Илаль”,
- “Китаб ат-Тарих”,
- “Китаб аш-Шамаиль ан-Набавийя”,
- “Китаб аз-Зухд”,
- “Китаб аль- Асма валь-Куна”,
Имам ат-Тирмизинин эң белгилүү чыгармасы болгон “Китаб аль-Жаами”ни айрым аалыдар “Жаами ат-Тирмизи” же “Сунан ат-Тирмизи” деп да аташат.