Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Куран Физика

Сөз башында дароо белгилей кетчү жагдай, Куран-и Каримге баштан аяк табият илимдерин колго алган китеп катары түшүнүү жана баалоо ары жаңылыш, ары орунсуз мамиле. Анткени кайсыл бир учурларда болбосун, адам акылы чече алчу аалам проблемалары, илим колго алып иликтеген барлыктардын акыйкаттары сыяктуу маселелер Курандын эң негизги максаты эмес. Курандын эң негизги максаты – адам баласын бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу кыла турган туура жолго жылоолоо. Бирок, ушуну менен эле катар Куран илимге ар дайым эшигин ачык туткан. Курандын буга чейинки жана азыркы учурдагы илимий иш-аракеттерге, ачылыштарга багыт берип келгендиги, анын илимий керемет жактарынын да бар экендигин көрсөтүп турат.

Атомдун бөлүнө тургандыгы:

Атом – химиялык элементтин касиеттерин, өзгөчөлүктөрүн камтыган жана химиялык реакцияларда өзгөрүүгө учурабаган эң кичинекей бөлүкчө. Атом сөзү грек тилинин «atomos»-«бөлүнгүс» деген сөзүнөн келип чыккан. 19-кылымдын аягына чейин ага «бөлүнгүс» деген түшүнүк менен карап келишкен. Бирок, илимий ачылыштар жана изилдөөлөр 19-кылымдын аягынан баштап атомдун бөлүнбөй тургандыгы жөнүндөгү түшүнүк жөнөкөй химиялык реакцияларда гана туура экендигин, ал эми физикалык жактан «бөлүнгүс» деген нерсенин жок экендигин көрсөткөн. Тарыхый жактан алып караганда атом түшүнүгү, эң эски доорлорго чейин узап барат. Эң биринчи жолу «атом» сөзүнө теориялык мааниде өзүнчө түшүнүк берген жана барлыктардын атомдордон пайда болгондугун айтып чыккан киши катары грек философу Демокрит (М.М. 384-322) болгондугу белгилүү.

Грек философиясынын араб тилине которулуусунан кийин бир катар түшүнүктөр сыяктуу эле «атом» түшүнүгүнүн да «жуз-и фард» же болбосо «жуз-и лаайатажаззаа» («бөлүнгүс») деген ат менен Ислам философиясында жана Калам илиминде колго алынгандыгын көрүүгө болот. Алсак, аль-Кинди (өл. 873), Абу Бакир ар-Раази (ө. 926) жана Ибн Сина (ө. 1037) өңдүү ислам философтору атом теориясын андан ары улантышкан. Ошондой эле калам илиминде бир катар улуу теологдор да, атом түшүнүгүн иликтешкен. Белгилей кетсек, алардын ичинен улуу теолог жана ислам аалымы – мекендешибиз Сиражиддин аль-Ошийди айтып кетүүгө болот. Оштон чыккан бул илимпозубуз калам илими боюнча жазган атактуу «аль-Амаали» эмгегинде «атом» түшүнүгү жөнүндө мындай дейт: “... Адам акылында бөлүнүү өзгөчөлүгү (сыпаты) болбогон эң майда бөлүкчөнүн (атомдун) бар экендиги чындык нерсе”.

Окумуштуулар тарабынан 19-кылымга чейин теория түрүндө гана колго алынып келген атом пикири, англис химиги Жон Далтон (1766-1844) тарабынан илимий түрдө изилденип, химиялык элементтердин бир канча атомдордон куралаары жана бир элементтин бир атому менен башка бир элементтин эки же үч атомунан биригип тураары аныкталган. Далтондон кийин көптөгөн физик жана химиктер тарабынан атомдун сырларын ачуу боюнча көптөгөн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада атом, оң электр заряддуу протон менен эч бир абалда болбогон нейтрондон куралган ядродон жана бул ядронун тегерегинде айланып жүрүүчү терс электр заряддуу электрондон тураары аныкталган. Ошентип, 20-кылымдын ортолоруна жакын физиктер жана химиктер болгон күч-аракеттерин жумшоонун негизинде «бөлүнгүс» делген атомду бөлүүгө жетишкен.

Ал эми биз сөз кылып жаткан Куранга келе турган болсок, анда атомдун бар экендигине ишарат кылынган. Куран ал гана эмес, атомдон да кичинекей бөлүкчөлөрдүн бар экендигин айтуу менен, анын бөлүнө тургандыгын да кабарлаган.

Анда бул багытта төмөнкүчө кеп салынат: «Жерде да, асманда да кыпындай (зарра-атом), ал гана эмес кыпындан да кичине же чоң бир да нерсе Жараткан Алладан жашыруун эмес. Баары Ачык Китепте (Куранда) жазылуу» (Юнус сүрөсү, 61-аят). Таббара аттуу Ислам аалымы бул аят туурасында: «Аяттагы «кыпындан да кичине» деген түшүнүк атомдун бөлүнүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болгондугун ачык-айкын көрсөтүп турат. Ал эми ушул эле аяттагы «асманда да кыпындай» деген сөз жердегидей эле Күн жана Жылдыздардагы атомдордун касиет-өзгөчөлүктөрү бар экендигин жана алардын да жогоруда сөз кылынган атомдун курамындагы түрлөрдү камтыгандыгын айгинелөөдө.

Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) атомдун касиет-өзгөчөлүктөрү, бөлүнүү мүмкүндүгү жана жер менен асмандагы окшоштуктары жөнүндө окуп билим алды беле? Албетте, жок! Демек, бул аяттар жана андагы акыйкаттар Курандын Улуу Алла Таала тарабынан түшүрүлгөндүгүнө, толугу менен Алла Тааланын сөзү болгондугуна айдан ачык эң күчтүү далилдерден болуп эсептелет» - дейт. (İsmail Karaçam, En Büyük Mucize, 460, Yeni Şafak Yayını, İstanbul 2005).

«Нерселердин» жуп болушу:

Бардык «нерсенин» жуп болушу Куран-и Каримдин бир катар аяттарында маалымдалган:

  1. - «Силер эскертме-үлгү алууңар үчүн Биз ар бир нерсени жуп-жубу менен жараттык» (Заарият сүрөсү, 49-аят).
  2. - «Акыл жүгүртүү менен жер жүзүнө карашпайбы? Анда канчалаган сонун өсүмдүк түрлөрүн жуп-жубу менен өндүрүп-өстүрдүк» (Шуара сүрөсү, 7-аят).
  3. - «Алла – асмандардын жана жердин алгачкы Жаратуучусу. Ал силер үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратты жана жаныбарларды да жуп-жуп кылып жаратты» (Шуура сүрөсү, 11-аят).
  4. - «Жерди өндүрүп-өстүрө турган нерселерден, адамдардын өздөрүнөн жана дагы алар билбеген канчалаган нерселерден жуптарды жараткан Алла – ар кандай айып-кемчиликтерден аруу» (Йасин сүрөсү, 36-аят).

    Жогоруда берилген 2-катардагы аят өсүмдүктөрдүн, 3-катардагы аят инсан жана жаныбарлардын, ал эми 1-менен 4-катардагы аяттар бардык «нерселердин» жуп жаратылгандыгынан кабар берет. Тагыраак айтканда биз билген жана билбеген бардык жандуу жана жансыз нерселердин жубу бар болгондугун белгилейт. Бул жерде баса белгилеп кетчү жагдай, бүгүнкү позитивдүү илимдер тарабынан Ыйык Куран ишарат кылган бул сырлардын тастыкталгандыгы. Куран түшкөндөн бир канча кылымдардан кийин ачылган оң жана терс заряддардын жупташуусунан пайда болгон электр тогу мунун бир гана масалы.

    Жогорудагы аяттардын маанилери, адам баласы илимий жактан азыркыдай гүлдөп-өнүккөн деңгээлде болбогондуктан, мурунку муфассирлер тарабынан ар түрдүүчө жоромолдонуп келген. Айта кетсек айрым муфассирлер, аяттардагы «жуп» сөзүн «эркек-ургаачылык» деп жорумдаса, айрымдары «кыймыл-кыймылсыздык», «күн-түн», «саламаттык-оору» сыяктуу бир-бирине карама-каршы түшүнүктөр менен маани берүүгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндөгү илим адам жана жаныбарлардай эле өсүмдүктөрдүн да эркектик жана ургачылык клеткаларын алып жүрөөрүн далилдеди. Ал эми Куран бул түшүнүктөрдүн да ары жагында бардык барлыктар (нерселер) Алла койгон мыйзамга (жуптук законуна) баш ийерин кабарлайт. Анткени аяттардын мааниси жер жүзүн гана камтыбайт. Жаратылыштагы жуптук закону жандууларда ачык-айкын көрүнгөн нерсе. Бирок, аяттагы «нерсе» деген сөз жандуу болбогон ааламды да ичине алып турат. Мындайча айтканда, аят жандуу заттар сыяктуу «нерселердин» дагы «жуптук» принцибине ылайык жаратылгандыгын белгилөөдө. Куранда белгиленгендей учурдагы позитивдүү илим да, ааламдын негизги курамы атомдон тураарын, ал эми атом өзү оң жана терс электр заряддуу жуп электрондордон куралаарын билдирет.

    Демек, Куран бизге «жуптук принциби» жансыз «нерселерде» мындай турсун жандуу заттарда да бар экендиги али билине элек кезде, тактап айтканда, 14 кылым мурда кабарлаган. Куран аяттарынын керемет жактарынын бири, балким, ушул өңдүү аалам сырларын өзүнө камтып жаткандыгында чыгаар.

    Башына