Он жетинчи сан

Журналдын он жетинчи саны

Мазмуну

Жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн!

Адам баласынын жашоосунун белгилүү бир тариз алышында өтө зор мааниге ээ болгон айрым бир аң-түшүнүктөр бар. Ыраскөйлүк, сүйүү, ыкласмандык, ак ниеттүүлүк, кичи пейилдик сыяктуу. Ошондой эле кээ бир аң-түшүнүктөр адам жашоосуна терс таасир этип, өтө кейиштүү жыйынтыктарга себеп болот. Маселен, жек көрүүчүлүк, душмандык, кастык, кыянаттык, кек сактоочулук, көрө албастык, караөзгөйлүк сыяктуу сезимдер.

Бул дүйнөдө кээ бир адамдар жашоодогу максатын туура аңдап адал жолдун жолоочусуна айланса, кээ бири негизги максатын аңдай албай туңгуюкка кептелип, жашоосунун маани-маңызын, береке-кутун качырып өмүрүн текке кетирет.

Ошондуктан Ислам дини мусулман баласын ар качан жаман, жат сезимдерден оолак болуп, жашоону жакшы сезимдер менен шөкөттөп көрктөндүрүүгө багыттап, чакырып келет.

Ыкластуулук, ак ниеттүүлүк – миңдеген жандуу-жансыздардын ичинен адамга таандык, жашоонун өйдө-ылдыйында ар дайым жөлөк болчу уюткулуу сезим. Бул сезим мусулман баласынын ибадаттарынын жемиштүү болушуна түздөн түз таасир этет. Себеби чын ыклас менен ибадат кылуу максатында орундалган тигил же бул иш-амал жалгыз Алла Тааланын ыраазылыгына гана себеп болот. Ал эми эл көрсүн үчүн аткарылган иштерде ыклас-ниет калыс, таза болбойт. Мында өзүн-өзү көрсөтүүчүлүк, бой көтөрүүчүлүк, текеберлик, кимдир бирөөлөргө жагынуучулук, жеке кызыкчылык деген жат сезимдер үстөмдүк кылат.

Учурунда Азирети Пайгамбарыбыз жана ага ишенгендер Меккелик бутпарастардын зордук-зомбулугуна туруштук бере албай, тек гана Алланын ыраазылыгы үчүн бүт нерсесин таштап Мединага жер которуу учурунда айрым бир жаңы мусулман болгондор агезде жашоо шарты жагынан Меккеге салыштырмалуу алдаканча жогору турган Мединада ырахат жашоо үчүн көчүп келишкен эле. Муну көпчүлүк эл да билишкен. Ушул күндөрдүн биринде сахабалардан бири Пайгамбарыбызга бул багытта: «Эй, Алланын элчиси! Арабыздан айрым адамдар Меккеден Медина шаарына ырахат жашоо үчүн жер которушту. Алар дагы «улуу көчтүн» сообуна эгедер болушабы?» деп собол таштаган эле. Анда ардактуу Пайгамбарыбыз береги кутман сахабасына жооп иретинде адамзат тарыхына алтын ариптер менен жазылып калган мынабул сөздөрүн калтырган: «Амалдар – ниетке жараша! Ар ким жасаган иш-амалынан ниетине жараша акыбет табат. Ким Алланын жана Анын Элчиси үчүн жер которгон болсо, эч калетсиз, анын жер которушу Аллага жана Анын элчисине (таандык) жана ошого жараша акыбетин алат. (Тактап айтканда, ал Алланын элчисин жалгыз таштабай Алла ыраазылыгы үчүн гана көчкөндүгү үчүн Алланын ыраазылыгына ээ болот). Ал эми ким мындан башка максатта көчкөн болсо, анын жер которушу ошол нерсеге багытталып, ошого жараша акыбет табат»

Ардактуу Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз береги куттуу сөзү менен «улуу көч» сыяктуу өтө зор мааниге ээ, ошол эле учурда өтө оор, машакаттуу иш дагы сөзсүз түрдө чын ыкластуулукту, ниеттин тунуктугун, калыстыгын талап кылаарын баса белгилеген. Эгерде жүрөктүн аруулугу, ниеттин актыгы, ыкластын тазалыгы болбосо, жүзөгө ашкан жакшылык иштердин береке-кутунан пайдалануу да болбойт.

Андыктан ибадат кылуу максатында аткарган ар бир ишибиз, ар бир амалыбыз жалгыз Жараткандын ыраазылыгына ылайык болушу кажет. Береги аруу максатта орундата турган ишти аткараар алдында мынабул суроолордун жообун издешибиз керек: «Мен бул ишти ким үчүн жана эмне үчүн аткарганы жатам? Муну кандай максатта аткарам? Муну аткаруу менен мен эмне табам?». Эгер бул суроолорго «элге жакшылык кылуу аркылуу элге көрүнүү үчүн эмес, жалгыз Алла Тааланын гана ыраазылыгын тапкым келет» деген аруу тилек менен жооп бере алсак, анда чынында эле жасай турган иштерибиз чын ыкластан жүзөгө ашаарына үмүт байлай берсек болот. Ал эми ниетибиз «кимдир бирөөлөргө жагынуу, жеке кызыкчылык, элге көрүнүү, мактануу» деген максатта болсо, анда бул ишибиздин төркүнүндө ак ниеттүүлүк, чын ыкластуулук болбогонун түшүнүп коюшубуз абзел.

Күнүмдүк турмушубузда ибадаттарыбыздан сырткаркы иштерибиздин өзөгүндө «Алланын ыраазылыгы» деген аруу тилек жатса, анда жашообуздун көркүнө көрк кошулуп, ошол адал жолдо таштаган ар бир кадамыбыз Жараткандын алдында «ибадат» катары кабылданып, Анын ыраазылыгына ээ болоорубуз бышык. Андыктан ар бир мусулман адам өз жумушуна: «мен өз милдетимди кемчиликсиз, толук аткарууга аракет кылышым керек. Менден эмне талап кылынган болсо, ошону толук жасашым кажет. Учурда мени эч ким көрбөсө да, Алла Таала мени көрүп турат, эмне кылганымды да ачык-айкын билет. Ошондуктан мен ишимди Жараткан Кудай Таалам ыраазы боло турган таризде колумдан келишинче мыкты деңгээлде жүзөгө ашырышым керек. Эгер милдетимди толук аткарбасам, мындан көптөгөн адамдар жапа чегип калышы толук ыктымал. Ошондуктан мен өз милдетимди элдине керегине жарай турган таризде Алланын ыраазылыгы үчүн так аткарышым керек» деген ниетте олуттуу мамиле жасаганы дурус. Ал мындай аруу тилек менен аткарган иши аркылуу иштеген жерине да, элге да пайдалуу болуп, Алланын алдында жүзү жарык болот.

Мына ошол себептен жасаган ар бир ишибизде Жараткан Алла Таала бизден ыраазы болуп-болбогонун эске алуубуз абзел. Ушуга жараша өзүбүздү тартипке салуубуз кажет.

Азирети Пайгамбарыбыз бизге ар дайым Жараткан Алланын алдында көзөмөлдө тургандыгыбызды эстен чыгарбай жашоо керектигин эскерткен. Ал кутман сахабалары менен дилмаек куруп отурган кезде адам келбетинде келген Жабраил периштенин «ихсан» жөнүндө сураган суроосуна минтип жооп берген эле: «Ихсан – бул ар бир ишиңди Алла Таала көрүп тургандай аткарышың. Сен Алла Тааланы көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат!».

Кептин төркүнү дал ушул жерде жатат. Ар качан Алла Тааланын көзөмөлүндө тургандыгыбызды сезе билүүдө... ар дайым Анын биз менен бирге болгондугун, ар качан бизди көрүп тургандыгын билип, ошого жараша кадам таштоодо... Мына ушундай сезим менен жасаган ар бир ишибиз өзүбүзгө да, коомчулукка да жугумдуу да, пайдалуу да, берекелүү да болуп, жалгыз Жараткандын ыраазылыгына ылайык келет.

Ислам дини мусулман баласынан эң көп талап кылган ибадаттардын башында намаз турат. Куранда бул багытта буйрук иретинде көптөгөн аяттар бар. Пайгамбарыбыз да бир топ хадисинде намаз окуунун маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын баса белгилеп кеткен. Мына ушундай өтө зор мааниге ээ болгон намаз ибадатын чын ыкластан эмес, башка ниеттер менен аткаруу анын маани-маңызына доо кетирээри ырас. Алла Тааланын алдында мындай намаздын эч кандай баасы болбойт. Асыресе, намаздын маани-маңызын толук түшүнө бербей, аны кайдыгерлик менен, же элге көрүнүү үчүн окуган адамдарга «Маун» сүрөсүндө «аттигиниң-ай, ошондой намаз окугандарга (кандай гана өкүнүчтүү)!» деген таризде катуу эскертүү берилет.

Мындан сырткаркы ибадаттардын маани-маңызы да дал ушул ыкластуулукка такалат. Ажылык, орозо ибадаттарын бизден Алла Таала талап кылгандыктан, аларды дагы Жалгыз Өзүнүн ыраазылыгы үчүн гана чын ыкласыбыз менен орундатышыбыз керек. Алланын ыраазылыгынан сырткары башка максаттар менен жүзөгө ашырылган ибадаттарыбыз, иш-амалдарыбыз кыямат күнү бизге пайда алып келбейт. Куранда кыямат күнү Алланын алдына аруу жүрөк менен барып, иш-амалдарын чын ыкластан жасап, ибадаттарын Алланын ыраазылыгы үчүн аткаргандар гана пайда табаары маалымдалат (Шуара сүрөсү, 88-89).

Ошондуктан ар бирибиз Жараткандын көзөмөлүндө тургандыгыбызды билип, иш-аракетибиз Анын ыраазылыгына гана багытталып, элге пайдалуу болууну көздөсөк, анда бул дүйнөдө да, акырет жашообузда да бактылуу өмүр сүрүп, Жараткан Алланын алдында жүзүбүз жарык болмок. Улуу Ислам динибиз талап кылган «мусулман» деген атка татыктуу адам болмокпуз.

Башына