Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну

  • Рамазан тууралуу Куран эмне дейт?
  • Тообага бекем болуу
  • Азирети Нух (Алла ага ыраазы болсун!)
  • Ой толгоо-тафаккур
  • Арзуум Өзүң оо,Улуу Эгем!
  • "Биз Кудайды сүйөбүс!"
  • Соодага коюлган мал-мүлкт кемчилигин жашыруу
  • Тооба жана көз жаш
  • Орозо тууралуу ой толгоо
  • Икрима (Алла ага ыраазы болсун)
  • Орто Азия элдеринин каада-салты жана Ислам
  • Тообанын кабылдашынын белгилери
  • Диндер аралык диалог
  • Эркек-аял атаандашуусу
  • Бир суроо?
  • Ант
  • Тукумсуздук
  • Укмуштар дүйнөсү

    Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен баштайм
    Ассаламу алейкум ардактуу окурмандар!

    Алгач баарыңыздарды ыйык Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктайм! Жараткан Алланын буйругу, сиздердин талабыңыздар менен такшалып келе жаткан Ак Башат журналы үч жашка чыгып олтурат. Кудай буйруса, Ак Башат журналы сиздердин колдооңуздар, кошкон салымыңыздар менен жүздөгөн жылдар бою асыл ой, аруу билгиликтерди жалпы журтчулук менен тең бөлүшүүгө күчүнүн жетишинче жан үрөй бермекчи.

    Ак Башаттын колуңуздардагы он алтынчы санынын күн тартибине «ТООБА жана РАМАЗАН АЙЫ» аттуу эки маанилүү тема коюлуп кеңири талкууга алынды.

    Ырас, Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга кең мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай. Алла Таала Рамазан айына артыкча кут берип, аны «он бир айдын султаны» атаган. Андыктан Рамазан айында орозо кармоо ары жекелик, ары коомдук ибадат. Бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүп-өсүшүнө көмөк болор кайрымдуулуктарга да ээ.

    Бул улук айда жасалган жакшылыктардын сообу бөтөнчө болуп, ашыгы менен берилет. Анткени Ыйык Куран-и Каримде: «Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар ар сабагында жүздөн урук алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Алла кимге кааласа көбөйтүп берет. Алла Жоомарт, Билүүчү» (Бакара сүрөсү, 261-аят) деп айтылат.

    Орозо – бул ыймандын, ыкласмандыктын бекемделишине опол тоодой салымын кошкон бөтөнчө ибадат. Орозо жашоодо зарыл болгон «сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болуу» сыяктуу изгиликтерди үйрөтүү менен бирге адеп-ахлагыбызды көркүнө чыгарат. Андыктан күнөөлөрдөн арылуу үчүн Аллага чын ыкластан ибадат кылып, Анын ыраазычылыгы үчүн орозо кармап, Азирети Пайгамбарыбыздын осуяттарын жерге таштабай колунда жок мусулман боордошторубузга колдон келген жардамды аябашыбыз керек.

    Ошондой эле Ак Башаттын бул сандагы маанилүү темасы «тооба» болуп эсептелет. Чынында эле тооба кылуу Жараткан Алланын бизге берген чоң мүмкүнчүлүгү, Анын бизди сүйөрүнүн белгиси. Пенделик кылып унутуп же элес албай, же байкоостон бир күнөө жасала турган болсо, дароо тооба кылып истигфарга сүңгүп, Аллага багыттануу кажет. Анткени Алла Таала Өзү ыраазы болгон чыныгы момун пенделерди мактоого алган:

    «Ыпластык менен алектенгендер, өз жанына зулумдук кылгандар, Алланы эстеп, күнөөлөрү себептүү дароо тооба кылып кечирим тилешет. Күнөөлөрдү Алладан башка ким кечире алышы мүмкүн?! Анан дагы алар билип туруп көшөрүп күнөөгө жабыша беришпейт» (Аали Имран сүрөсү, 135-аят).

    Чындап тооба кылган пенделерди кечирерин Алла Таала бир топ аятта маалымдаган. Жадакалса ак дилден тооба кылып Өзүнө карай багыттангандардын күнөөлөрүн соопко айлантаарын билдирген:

    «Ал эми, ким өкүнүп тооба кылса жана жакшылык иштерди иштесе, Алла алардын жаман иштерин жакшы менен алмаштырып койот. Акыйкатта, Алла Кечиримдүү жана Мээрбан» (Фуркан сүрөсү, 70-аят).

    Бул негизги эки темадан башка дагы аялзатынын коомдук милдеттери тууралуу жана Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев менен болгон кызыктуу маекке орун бердик.

    Урматтуу окурмандар!

    Алла Таалам ыйык Рамазандын жана кадыр түндүн шарапаты менен баарыңыздарды күнөөлөрдөн арылтып, жакшылыктарын ыроолой берсин! Ак Башаттын эмгек жамааты келе жаткан Орозо айт майрамы менен жалпы мусулман журтчулукту чын дилден куттуктайт!

    Башына