Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну

Орозо тууралуу ой толгоо

Эй, замандаш эскертмеке угасыңбы сыр айтайын,
Өтүп кетээр куру өмүрдө өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын.
Түшүнгөндөр туура десе, түнөргөн көңүлүмдү кубантайын.
Баш чайкаган мерез чыкса, бактысыз бул башымды муңайтайын.

Оопасыз ушул дүйнө
Оту өчсө дене бойдун оюк жай жатар жерин кабыр кылчу.
Ойнуңду анан улант, он мүнөт сабыр кылчы,
Орозодон кебимди улантайын.

Орозо не –
Ободогу Алладан корккон жандын,
Жасаган ибадаттын аныгыдыр.
Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып,
Ыйманыңа күч берген салымыдыр.
Ыймандын жарымы сабыр болсо,
Орозо ал сабырдын жарымыдыр.
Өлбөгөн ким бар дейсиң,
Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңдүн,
Орозо нурун чачкан жарыгыдыр.

Орозо не –
Ой айтсам орозодон тереңдеген,
Ой жетпес керемети терең белем.
Оо, пенде Рамазан ыйык айды
Опол тоо, зор бактыдан кур калууда,
Орозосуз өткөрөм деген менен.
Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес.
Акыретте жакшылык бар беленделген.
Анты бар орозого Жараткандын
Сооп жазар периште да билбей турган,
«Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген.

Орозо не –
Жөн гана ачкалык деп ойлогондор.
Жан дүйнөнүн гүл багын кордогондор.
Улуу Зат Кудай бар.
Балким жок деп үмүтсүз акыретин болжогондор.
Оор кайгы, жан чыдагыс азап тилеп,
Орозого мойнун толгогондор.
Ойлонбойбу аккан сууну, учкан кууну,
Нурлуу күндү, айлуу түндү,
Ак-карасы аралашкан турмуштарды,
Жан-жаныбар бүт куштарды.
Аралыгын бузбай турган асмандагы жылдыздарды.

Орозого күлгөн жандар билбейт өзү баратканын от кече,
Орозого даңк алгандар,
Орозосун ой-тоого жар салгандар, мактангандар.
Ойлон пенде, андайлардын орозосу жокко эсе!

Чыр бүтпөгөн бул жалганды чындык үчүн жараткан.
Жиндер менен адамдарды кулдук үчүн жараткан.

Кулдуктун да кулдугу бар,
Кудай берген жол ошо.
Жаратканга жакын болор,
Адам дилин оңосо.

Кулдуктун да эң мыктысы
Жараткандан парз кылынган 30 күндүк орозо.
Аллага шүгүр кылам,
Аллага бүтпөй турган сүйүүбүз бар.
Бул жарыкка көз ачып келген сымал,
Бул жарыктан көз жумаар күнүбүз бар.
Орозолуу адамдарда эки чоң сүйүнүч бар:
Биринчиси, ооз ачып, ырыскыга көңүлүн бөлгөн кезде.
Экинчиси, акыретте Жараткан Раббисин көргөн кезде.

Орозо кармагандар чын дилинен алдыңарда ырыскыдан таткыла.
Жарткан Аллахты да көрөр кезде мындан ашкан бакыт барбы айткыла.
Рамазан орозо ай 30 күндө кетип калар тез учуп,
Рамазан орозо ай дуба кылсаң эч күмөнсүз кабыл болор кез ушул.

Башына