Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну

Соодага коюлган мал-мүлкт кемчилигин жашыруу

Соода-сатыкта мал-мүлктүн кемчилигин жаап-жашыруу, кандайдыр бир мүлк каражатын кардардын кабары жоктугунан пайдаланып өз баасынан жогору баага сатуу, сапатсыз мүлктү сапаттуу көрсөтүү сыяктуу жолдор менен элди алдоо адал кирешенин арамга айланышына түздөн-түз себеп болору бышык.

Ардактуу Пайгамбарыбыз« «Бизди алдаган бизден эмес» дейт. Мусулман баласынын эң иридеги өзгөчөлүктөрү – бул анын туура, түз жүрүшү, ишенимдүү, адилеттүү болушу, калп айтпашы. Ал беш тыйындык жеке кызыкчылыгы үчүн элди алдап, утурумдук дүйнөнүн азгырык лаззатын түбөлүк бактысына алмаштырбайт.

Ислам дининде эң маанилүү эрежелердин бири – бул «акы-укук» түшүнүгү. Исламдын өзү мына ушул түшүнүккө негизделет.

Андыктан бирөөнү алдап мал-мүлкүн сатуу – бул анын ыраазылыгысыз мүлк каражатын алуу, уурдоо дегендикке жатат. Себеби кардар сатып алып жаткан мал-мүлктүн кемчилигин билсе, аны алмак эмес. Ошондуктан мал-мүлктү кемчилигин жашырып сатууда кардардын ыраазылыгы болбойт.

Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Кимде дин боордошунун ар-намысына, мал-мүлкүнө байланышкан акысы болсо, алтын-күмүштүн түк пайдасы болбой турган кыямат күнү келгенге чейин аны менен адалдашсын (акысын берсин). Болбосо, өзүнүн жакшылык иштери (сообу) болсо, соопторунан ошол (акысы берилбеген) өлчөмдө алынат (да өз ээсине кайтарылат). Эгер жакшылыктары болбосо, тиги зулумдукка учураган (акысы тепселген) адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт» (Бухари, Мазалим, 10).

Ислам дининде соода-сатыкта алдамчылыкка, шылуунчулукка, мал-мүлктү ашкере (анда болбогон сапаттар менен) мактоого, кемчиликтерин жаап-жашырууга тыйуу салынган.

Куранда төмөнкүчө буюрулат: «О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңдин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен жебегиле! Өз ыраазылыгыңар менен болгон соода болсо, жегиле!» (Ниса сүрөсү, 29).

Башына