Он алтынчы сан

Мазмуну
– Ассаламу алейкуйм Сүйүнбай аба. Саламатсызбы, оорубай-сыркабай демдүү жүрөсүзбү?
– Алейкум ассалам! Жакшымын, Кудайга айланайын, сыркоодон алыс элемин.
– Аба АК Башат журналынын «төр маегине» кош келипсиз. Анда төр маегибизди сиздин ушу кезге чейинки жана ушу таптагы чыгармачылыгыңыздагы ийгиликтер жана жаңылыктардан баштасак?
– Эми, азыр чыгармачылык деле жашка жараша жайланышып калган кез. Жазуучуга чыгарма үчүн ой көбүнчө күтүлбөгөн жерден келет. Ал аны башында сактап, улам аздан тактап жана толуктап коюп жүрө берет. Качан толук бышып жетилгенде гана, ал аны кагазга түшүрө баштайт. Бул жагынан караганда жазуучу эгин айдап, жайлата аны багып өстүрүп, күзүндө түшүмүн жыйган дыйканга окшош. Мына мен сексен жетиге карадым. Мындай куракта чыгарманын өнүгүп, оожалышы кыйыныраак болот. Ошондуктан учурда көбүнчө өткөнгө кайрылып, өткөн күндүн кайсы бир кемчиликтерин толуктап, ага жаңы көз караш кийирип иштеп жатабыз. «Кыбыраган кыр ашат» дегендей, аракет токтобой жүрүп жатат. Ушунун өзүнө Кудайга тообо. Башында талыкпай иштегенге, зерикпей көпкө отуруп чыгарма жазганга көнгөнбүз. Ошол калыбыбыздан жазбасак экен деп тилейбиз.
Мындан эки жыл мурда «Аман өткөн, аа мен өткөн жаштыгыма кусамын» деген бир китеп чыгардым. Эң акыркы китебим ушул болду. Бул китеп азыркы мезгилге арналган. Мен өзү баш-аягы жыйырма бештей китеп жазып, чыгарыптырмын. Алардын көбү орус тилине жана башка тилдерге которулган. Кудайымдын мага буйруган бул жолунда чыгарма жаратууда көптөгөн түйшүктөрдү баштан өткөрдүк, өтө жоопкерчиликтүү, жаралышы өтө кыйынга турган чыгармаларды жаздык. Чыгармачылыгымдагы чыйырга көз жүгүртө турган болсом, Кудайга шүгүр бул жагы жаман эмес.
– Сүйүнбай аба, сиз адабият айдыңындагы алптардын бирисиз. Адабияттын ысык-суугун тартып, казанында кайнадыңыз. Адабиятыбыздын азыркы абалына кандай баа бересиз?
– Кыргыз тили, кыргыз адабияты мурункудай бийиктей, мурункудай өнүгө албай же абада эмес, же жерде эмес, ара жолдо каалгып турган чагы. Себеби адабияттын колдоочулары да, кызыккан окурмадары да аз болуп жатат. Советтер Союзунун учурунда адабият болуп көрбөгөндөй өнүгүп-өскөн. Адабиятка коюлган талап дагы, сын дагы күчтүү болгон. Ошол кезде элге керектүү, элге азык боло турган чыгармаларды жазуу талабы коюлган. Адабиятчылар абдан кадырлуу болгон. Башка мамлекеттердин жазуучулары менен ай сайын болбосо да эки, үч айда бир жолу кезигип, кеңешмелерди, жыйналыштарды өткөрүп турчубуз. Ошолорду эстеген сайын адабиятыбыздын азыркы абалына боорум ооруйт. Кадимкидей кейийм.
– Сиздин оюңузча Чыгыштын акын, жазуучулары эмнеси менен тарыхта өзгөчө орунду ээлеп калышты?
– Тажик-фарсы адабиятынын алптары, мусулман Күн чыгышынын атактуу уулдары Фирдоуси менен Саади, Хафиз менен Жами жана Юнус Эмре менен Жалалиддин Руминин ысымдары биз үчүн кымбат. Теңелүүгө Жами, Руми, Хафизге Талант менен, укук кайда а бизде? Алар ырдын олуясы болушса, А биз али бешиктеги наристе.... – деп бир учурларда жазган элем. Булардан башка Абдуррахман Жаминин чыгармачылыгы, бир сөз менен айтканда, өзүнөн мурдагы маданий салтты сыйлап, аны аяр бапестеп, андан ары новаторлук менен өнүктүрө билүүнүн эң сонун үлгүсү. Ал үлгү кийинки муундар үчүн, биз үчүн, биздин неберелер үчүн мураска калган. Анын ыр-поэмалары адамзаттын руханий дүйнөсүнөн агылып чыгып, Чыгыштын келечек маданиятынын жаңы, жаш бүрчүктөрүн сугарып кандырып келген улуу дайра. Ошентип, мындай караганда морт, чабал материалдан жаралгансыган адам табияты болотко тете бекем экендигин далилдеди жана алты кылымдан ашык мезгилди өзүнө багындырды. Чыгыш акындарынын ысмы да, чыгармалары да байыркы Чыгыштын сыйкырдуу жана жанга жагымдуу музыкасы сыяктуу туюлат мага.
– Аба өзүңүз айткандай, көптөгөн чыгармаларды жараткансыз. Анын ичинен «Сага айткан сыр» аттуу ой каймагын калпыган китебиңизден сизди ойду сүйгөн, ойчул инсан катары тааныйбыз. Эми, ойду баалаган жазуучу катары Улуу Аллага, динибиз Исламга кайрылган учурларыңыз болдубу?
– Алла Тааламдын көңүлүмдө, жүрөгүмдө эч бир нерсеге алмаштыргыс өзгөчө орду бар. Бизге көзөмөл кылып турган Улуу Күч бар экенин эч убакта унутпашыбыз керек. Биз бул дүйнөгө Ошонун амири менен келгенбиз. Бизге бүт нерсени Кудай Таала берип жатат.
Мен «Кесир инсан» аттуу поэма жаздым, мына бу дүйнөлүк жаңы агымга арнап. Жакшылап назар сала турган болсок, Кудай адамга бүт эле нерсени берип коюптур. Маселен, акыл-эс, илим-билим, кен-байлык, жаңы технология, теңчилик, демократия жана ушул сыяктуу көптөгөн нерселер. Ойлоп көрсөк акыйкат, туура жол деле берилиптир. Жанагы айтылгандардын жакшы жактары басымдуулук кылат экен. Адампендең болсо, терсаяктык, кесирлик кылып, жакшы нерсени жаман жолго колдонуп, бири-бирин кырып-жоюп, бүтүн, пайдалуу нерсени бүлүндүргөнүн койбой келе жатат. Менин бул чыгармамдын негизги өзөк мазмуну Кудайымдын бизге ыроологон жакшылыктарын камтыйт.
Эми, экинчи маселеге келели. Дин – өткөндүн калдыгы, биз жашаган система аны «зыяндуу» деп үйрөттү. А чынында дин – бүтүндөй адамзат коомунун тарыхы, өтө таасирдүү өзүнчө бир илим. Ал адабият сыяктуу эле жалпы маданият.
Көп жылдар бою динди катуу куугунтукка алуу менен биз эч нерсе уткан жокпуз, тескерисинче, дин сыяктуу зор рухий күчтөн оолак калдык. Ошону эми түшүнүп жатабыз. Андыктан, мектептерде диндин чыгышы, тарыхы жана анын тарбиялык өңүтүнөн сабак өтүлүүгө тийиш ко.
Азыр адамдык ыйман, абийир жетишпей жаткан кезде Ислам дини өзүнчө философия, дүйнөгө өзүнчө көз караш, бүтүндөй түрк элдеринин маданий казынасы катары зор мааниге ээ экенин эч ким тана албайт. Руханий жакырлык – бул динсиз калуунун натыйжасы экенин турмуш бүгүн аныктады.
– Аба айтсаңыз, бүгүнкү күндө ахлаксыздык, сойкулук, паракорлук, бөлүнүп-жырылуу сыяктуу жаман жоруктар кыргыздын келечегине шек туудуруп, ал тургай кыргызды артка тартып жатканын жашыра албайбыз. Мына ушундай жагдайда Ислам дини менен ширелишкен биздин улуттук баалуулуктарыбыз кыргызды жогоруда айтылган кооптуу нерселерден куткарып кете алабы?
– Албетте куткарып кете алат деп ойлойм. Акылбек, жанагы сен санап чыккан кылымыштардын баары мени да абдан кейитет. Мен бул жоруктарды кылмыш, абийирге чыккынчылык деп эсептейм. Азыркы замандын кыйын шартына анык таза, анык мээнеткечтик, абийирдүүлүк туура келет. Кудай баарын көрүп турат, көзөмөлдөп турат. Ошондуктан, Улуу Кудайдын алдында күнөөгө батпайлы замандаштар. Акыл-эстин ээси катары адам баласы жасаар ишин жети өлчөп бир кескени жакшы. Бир ишти баштаарда, Кудайды эстеп, Кудайга тообо деп, бата тилеп анан башташ керек.
– Аба өзүңүз жакшы билесиз, союздун учурунда илим-билим бир топ өнүгүп, албан жетишкендиктер жаралган. Мына ошол доордун тузун татып, атеизмге сугарылып өскөн кыргыз интеллигенциясынын учурда кайрадан динге кайтышын, башкача айтканда, атеизмди чанып кетишин кандайча түшүндүрүп бере аласыз?
– Өзү негизинен динди чануу жакшы жорук эмес, кесирлик. Динсиздик тарыхта эч качан жакшы натыйжа алып келген эмес.
А жанагы союз учурундагы атеизмдин күчтүүлүгүнө «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» деген аныктама туура келет. Андан бери бир топ убакыт өтүп, көпчүлүк ага эми өзүнүн калыс баасын берип жатат. Азыр динге, ишенимге эркиндик берилип, бүт дүйнө атеизмден кайткан учурда дагы «мен атеистмин» деп көкүрөк каккылап, Кудайды чангандыкты анык кесирлик деп баалайм.
Ал кезде бийликтин талабы ошондой болгон. Бирок мен башта айткандай, Кудай, Кудайдын Улуулугу, Ыйыктыгы көңүлүбүздө ар дайым жашап келген. Соцализмдик күчтүү талаптын алдында адамдар Кудайды канчалык оозу менен танбасын, бирок өзүн Кудай алдында күнөөлүү сезип ошол учурда жүрөгү титиреп, ичтен зарлап кечирим тилеген. Биз Ага ар убак сыйынышыбыз керек. Болбосо, ийгилик бизге берилбейт.
Жалпы журтчулуктагы, анын ичинде мендеги ийиликтердин, жетишкендиктердин баарын бизге Кудай Таала ыроологон. Ал бизге акыл-эсти, шык-жөндөмдү бербегенде бул деңгээлге жете албайт элек.
Ошондуктан, Кудайдын жолу - улуу жол. Андан биз чыгып кете албайбыз. Биз Кудайды сүйөбүз. Кудайдын бар экендигин акылыбыз менен да, жүрөгүбүз менен да сезип, кабылдайбыз. Анын алдында биз алсызбыз.
– Аба кабарыңыз болсо керек, дүйнөдө Мухаммед Пайгамбарыбыз тууралуу ар кандай жалаа күч алып, айрым динсиздер ал кишини бүткүл дүйнөгө жек көрсөткүсү келип, жалпы мусулмандардын кыжырын келтире турган иш-аракеттерди жасап келе жатышат. Белгилүү акын катары сиздин Мухаммед Пайгамбарга болгон пикириңиз кандай?
– Мухаммед Пайгамбар Кудайдын кудурети менен бул дүйнөгө бир жаралган инсан. Ал кишини Кудай жолунда жүрүп жаткандардын жол башчысы дейбиз. Мухаммед Пайгамбардын алып келген жолу, ак дини калыс, таза жана акыйкат болгондуктан ушул күнгө чейин өнүгүп-өсүп келе жатат. Мисалы, андан мурда же кийин чыккан көптөгөн жалган, калпыс диндер, ар кандай системалар жок болуп кетишти. Себеби, өзөгүндө же акыйкаты, же жугумдуулугу жок болгон.
А жанагы жалаакорлор кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын аткарып, же бир кагылышты, жамандыкты тутандыруу үчүн жасап жатышса керек деп ойлойм.
Мухаммед Пайгамбардын тарыхын окуган киши жакшы түшүнөт. Ал киши анык наадандыкка, адамдын жанын тыйын ордуна көрбөгөн эскиликке каршы күрөш ачып, Алла тарабынын берилген жаңы жол, жаңы идеяны жеткирем деп кандай гана куугунтукка учурабады. Жанын берүүдөн да кайра тартпаган эрктүү, ыйманы бекем Пайгамбар болгон. Акыры Ислам дини аркылуу адамзаттын тең жарымына ак жолду көрсөтүп, анык төңкөрүш жасап кеткен. Кудай жолунда Мухаммедден өткөн улуу киши жок.
Анын осуяттары элдин оозунда калыптыр. Көпчүлүк мусулман өлкөлөр, мусулман эмес өлкөлөрдөгү мусулмандар анын осуяттарын карманып, тутунуп жашап келишет. Бул жакшы жөрөлгө.
– Аба, өзүңүз айткандай жүрөгүңүздөгү Кудай сизге бакубат карылык, ден-соолук, амандык берсин. Карыбаңыз, арыбаңыз, чыгармачылыкта дагы илгерилеп кылымдарга кала турган көөнөргүс мурастарды жаза бериңиз.
– Силердин атыңар жакшы экен. Ак Башат – бул соолугус таза, тунук булактын башаты. Атыңарга ылайык талыкпай иштеп, эл-журттун жан дүйнөсүн кандыра турган таза, тунук маалыматтарды жеткире бергиле. Кыргыздын рухиний дүйнөсүн байытыш үчүн иштегиле! Журналыңар аркылуу элге руханий таалим-тарбияны жеткирүү силердин милдетиңер. Ак Башатыңарга ийгилик каалайм, жамаатыңарга амандык тилейм!