Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну

Арзуум Өзүң оо, Улуу Эгем!

«Момун-мусулмандардын Аллага болгон сүйүүсү өтө бекем!» (Бакара, 165).

Мээримиңдин жылуу желаргысы, сүйүүңдүн салкын шамалы жүзүмдү назик сылайт. Жандүйнөмдү бейпилдикке бөлөп, элжирете термелтет. Чар тарабымды салкындатып, жүрөгүмдү кубантат. Жамалыңды сагындым Улуу Эгем! Арзуум, кусагылыгым өзүмдү ыйлатат...

Аллахым! Сен мени чындап сүйдүң... Нечелеген адамдар сени сүйгөн сыяктанып көрүнгөнү менен, алар ар дайым өзүн гана сүйөт. Анткени алар алсыз.

Жалпы адампенде тирүүлүк үчүн, асыресе мусулмандар көөдөнүндөгү ыйманы үчүн Сага карыз. Баарына ырыскы бердиң, берип келатасың, бере да бересиң.... Көрпенделик кылып алардын көбү өмүрдүн өрткө түшөрүн ойлоп да койбостон, өрөпкүп, текеберленип, терсаяктык кылышты. Капилеттен өкүнүч өзөктү өрттөдү. Бирок кеч болуп калган эле.

Мени чындап тааныган, мени чындап аяган жалгыз Сенсиң! Сенден эч нерсе жашыра албайм... Мени чындап сүйгөн да Сенсиң... Мени чындап сүйгөнүңдү кантамырларым да сезип турат... Эгер мени мынчалык сүйбөгөнүңдө, Өзүңдү мага эстетпес элең.

Сүйбөгөн болсоң, издетпейт элең мынчалык... Мени сүйгөнүң айдан ачык. Ошондуктан жаным, дилим, дегеле турган турпатым Сени сүйөт.. Мен Сенин кулуңмун. Сен гана чексиз мээрим төгөсүң бүт кулуңа.

Сен мени бериле сүйдүң. Эч нерсе талап кылбастан, талыкпай сүйдүң. Чалкыган сүйүүңө чамам жетпей, алсыздыктын кучагында калып келем. Мен Сени сүйүүдө чындап алсыз, дармансыз бир байкуш пенде экенимди да моюндап олтурам.

Сен анык Жаратуучусуң! А мен кулчулук озуйпамды да жарыта өтөй албай, өзүмдү жемелгеним жемелеген...

Көпкө издебей Сени таптым. Анткени, бүт жаратылышта Сенин изиң бар экен. Айланамда Сенин сан миң чебердигиң... Айрым адамдар ашкере сулуу, айрымдарынын өңү серт, айрымдары орточо. Башка макулуктарда да дал ушундай көрүнүш. Түбөлүктүү да жалгыз Сен экенсиң... А башка макулук атпайды өлүм, түгөнүү, бүтүү, жок болуу күтүп турат.

Арбалып, дагы да тигиле карадым. Көзгө көрүнгөндүн баарын окугум келди. Колумдагы розаны да. Асманга көз жүгүрттүм, жаңы төрөлгөн ай, түркүн-түстөгү жылдыздар. Эх-х, эмне деген чеберчилик! - дедим. Тоо-таштагы кооздукка, ай-жылдыздагы нуруңа, күндүн көз уялткан жарыгына, оттун ысыктыгына суктана тиктедим. Ушунун бүт-бүт баарын жаратууга Сен гана кудуреттүүсүң. Мүлдө жандуу-жансызды кынтыксыз тейлеп турган Күчүңдүн тегиздигин, Өкүмүңдүн калыстыгын көрдүм...

Сенин жашыруучу сыпатыңды сүйдүм. Анткени Сен ушу кезге чейин эч бир айыбымды, өксүк тарабымды ачыкка чыгарбадың. Эркиңди сөз менен сыпаттоого чындап көзүм жетпейт экен. Алты жүз нар көтөрө алгыс күнөөм бар... Ошого карабай жандүйнөмдү, ой-кыялымды Өзүңө чейин бийиктеттиң. Кечиримиңден айланайын Алла Таалам! Берешендин берешени, анык айкөл Сенсиң.

Мен унуттум, ошондо да Сен унутпадың. Бир учурларда атыңды атабас болуп, кайдыгерлик сазына батып кеттим. Ошондо да мени чанбадың...

Улуу Жараткан Кудайым! Сенин мээримиңе башкалкалап, Сени сүйүүнүн ордуна, өзүмдөй алсыз бир пендеңе сүйүүмдү арнадым... Ал үчүн күйүп-жандым. Сен ошондо да таштабадың... Мени мээрим төгө эркелеттиң, а мен кулчулугумду унуттум. Санап бүткүс жакшылыгыңды билбедим. Дале Сен белектериңди аябадың.

Муңканып арызданган, даттанган, сыздаган пенде мен болдум, сабыр кылган Сен болдуң.

Оо, Жараткан! Сүйөм, аткарам, орундатам деп, бирок сөзүндө турбаган пендең алдыңа келди...

А азыр кусалыктын, сагынуунун жалынына бой таштадым. Жамалыңды, сөз жеткис сулуулугуңду элестетким келди. Балким, жүрөгүм Сага өтө жакын болгондо сулуулугуңдун бир учкунун көрсөтүп эстен тандырар белең. Кусадармын Сага. Күрөө тамырымдан да жакын болушуңду каалап турам. Бирок, бул да жетишпейт мага.

Корком... Көшөгөнүн артында калып кетүүдөн корком. Башкаларга көрүнүп, мага көрүнбөй койобу деп санааркап, коркуп турам.

Жамалың... Бүт каалоом жалгыз Сенин жамалың, атыңдан айланайын Алла Таалам! Мени эми эч качан Өзүңдөн бөлбө. Ага чыдай албайм. Төбөм менен жер казсам да жамалыңды көрө албай каламбы деген санаа өзөктү өрттөйт. Анткени менде ага жеткидей амалым да, ибадатым да, сообум да жок. Анан калса, күнөөгө баткан бүт дене-турпатымды өзүм араң көтөрүп турам. Ушул кебетем менен жамалыңды көрүүгө татыктуу эмес экенимди моюнга алам. Дүйүнө кирдетти, напсим саат сайын алдап, каргышка калган шайтан тооруганын койбоду.

Алдыңа алгач жаратканыңдай болуп күнөөсүз, таза баруу кыялымда калкып учат. Бирок кайдан... Колум да, рухум да жакыр.

Үмүтүм, байлыгым, барлыгым, каалоом, арзуум жалгыз Сенсиң, Аллахым!

Башына