Он алтынчы сан

Мазмуну
Ой толгоонун аныктамасы жана маанилүүлүгү
«Тафаккур» арап тилинен келген сөз. Биздеги пикир деген сөз да ушул уңгудан чыккан. «Тафаккур» сөзү «ойлонуу, акыл жүгүртүү» деген маанилерди билдирет. Бул адамга гана эмес, белгилүү чен-өлчөм менен башка жандыктарга да берилген табийгый жөндөм болуп саналат. Маселен, жырткыч айбанаттар уулай турган макулукту кармоо, курсагын тойгузуу жана жыныстык муктаждыгын камсыздоо өңдүү нерселер менен чектелген. Алардагы акыл-ой напсилик сезим-интуиция болуп эсептелет. А адамбаласы болсо жаратылган жаамы макулуктун ичинен эң шарапаттуусу болгондуктан жогорку деңгээлде ой жүгүртүүгө, акыл калчоого жөндөмдүү жана руханий жактан да ойлонууга милдеттүү. Ал жаралуу, аалам, өлүм жана Куран тууралуу ойлонушу керек.
Ибадатта хушуу, жүрөктө сезгичтик, мамиледе сылыктыктын пайда болушу үчүн негизги шарт – ой жүгүртүү. Бул ааламга эмне үчүн жаратылдык? Биз кайда баратабыз? Бул ажайып аалам кантип жаратылды? Кимдин мүлкүн пайдаланып жатабыз? Кантип жашашыбыз керек? Өлүм деген эмне, ага кантип даярдык көрүшүбүз керек? Мына ушул сыяткуу суроолордун жандырмагы тууралуу ойлонуу адампендени көр тиричиликтен, дүнүйөкорлуктан алыстатып, руханий ааламга жакындатат.
Абу Дарда (Алла ага ыраазы болсун) аттуу сахаба: «Бир сааттык тафаккур кырк түн бою кылынган нафил ибадаттан артык» деген (Дайламий, ал-Фирдавс, Бейрут, 1986, II, 70-71).
Ал эми Ахмад ар-Рифаи аттуу олуя мындай деген: «Ойлонуу Алла Элчисинин алгачкы амалы. Анткени ал бардык ибадаттардан алдын ойлонуу үчүн Хира үңкүрүн тандап алган. Азирети Пайгамбарыбыз ал жерде Алла Таала жараткан бардык нерсе жана Жараткандын нематтары тууралуу ойлонду. Андыктан силер да ойлонбой өмүр кечирбегиле. Ойлогон нерсеңерден пайдалуу жыйынтык чыгарып, сабак алгыла!»
Баарыбызга маалым болгондой ааламдагы бүт нерсе адамзааданын кызматына сунулган. Күн, жамгырдын көмөгү менен топурактан өнүп чыккан өсүмдүктөр жана мөмө-жемиштер адам баласынын азыгы. Жаныбарлардан алынган сүт, эт, бал жана жумуртка өңдүү нерселер биз үчүн зарыл ырыскы. Маселен ааламга жылуулук берип, жер жүзүнө шоола чачкан күндүн өзү эле баа жеткис немат. Мына ушул жана башка бардык ырыскыларды кеңири пайдаланып келген адам баласы ааламдагы нерсе атпайдын чыгышы, Ээси, Анын койгон талаптары тууралуу ой жүгүртүп, ааламдагы акыл жеткис чеберчиликтен сабак алып, шүгүр келтириши керек. Ушундай жол менен ой чабыттаган адамперде Алла Тааланын кудуретин жана пенделерине болгон Мээримдүүлүгүн дагы да жакшы түшүнөт.
Күндөрдүн биринде Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) жубайы
Азирети Аишага кайрылып: «Аллага ант болсун. Ушул түнү мага ушундай бир аяттар берилди дейсиң, аны окуган менен мааниси тууралуу терең ойлонбогондорго убал жок!» дегенден кийин береги аятты окуду: «Асмандан менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер бар. Алар мейли тик турсун, мейли отурган, мейли жамбаштап жаткан абалда болбосун Алланы эстешет, асмандардын жана жердин жаратылышы тууралуу ой жүгүртүп: «Оо, Улуу Жараткан! Сен мунун баарын максатсыз жараткан эмессиң. Сен Аруусуң! Бизди тозок азабынан сакта!» (дешет)» (Аали-Имран сүрөсү, 190-191-аяттар), (Ибн-и-Хиббан, Сахих, II, 386).
Ааламдын жаратылышы, кубулуштар жана андагы ажайып мыйзамдар тууралуу ойлонгон адамдарга ибарат боло турган көптөгөн аяттар бар. Анда алардын айрымдарын назарыңыздарга суналы:
«Ырас эле алар төбөдөгү асманга карашпайбы? Аны кантип куруп, кантип кооздогонубузга жана анда эч кандай жылчык жок экендигине карашпайбы? Биз жерди жайып кенен кылдык жана ага тоолорду орноттук. Анан ага түрдүү кооз өсүмдүктөрдү жуп-жубу менен өстүрдүк. Биз муну бардык кайтуучу пенделерибизге эскертме жана үлгү үчүн жасадык»(Каф сүрөсү, 6-8-аяттар).
«Биз асмандар менен жерди, алардын арасындагы бардык нерселерди жөн жерден жараткан эмеспиз. Биз аларды акыйкаттык үчүн жараттык, бирок көпчүлүгү аны билишпейт» (Духан сүрөсү, 38-39-аяттар). «Көрбөйсүңөрбү, акыйкатта Алла асмандан жамгыр жаадырып, аны жер бетиндеги булактарга кошту. Анан, ал аркылуу түрдүү-түмөн эгиндерди чыгарат. Анан (мезгил ыргагына жараша) алар куурап, саргайып калганын көрөсүң, анан аны Алла күкүмгө айлантат. Мында акыл ээлери үчүн эскертүү бар!» (Зумар сүрөсү, 21-аят). «Ал (Алла) жерди жайып төшөгөн, анын үстүнө тоолорду кадап, дарыяларды жасаган. Ал ар бир мөмө-жемишти жуп-жубу менен жараткан. Күндүздү түн менен жапкан. Акыйкатта, мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн (Алланын бар экендигин даңазалаган) далилдер бар» (Раад сүрөсү, 3-аят).
Ааламдагы жараяндар тууралуу ой жүгүртүп, аяттарды кунт коюп окуган адам: «Аалам деген эмне? Мен эмне үчүн жаратылдым? Бул дүйнөнүн сыры эмнеде? Бактылуулуктун жолу кайда? Мен кантип жашашым керек? Кайдан келдим, кайда баратам?» өңдүү суроолорго жооп алат. Акыйкат түшүнүк калыптанат. Калыптанган дүйнө таанымы адамзааданы дүнүйөнүн убактылуу жыргалчылыгынан алыстатып, эң туура жолго салып, түбөлүктүү бакытка жеткирет.
Адамбаласынын жаратылышынын өзү эле жык-жыйма ибарат. Ошол себептен Куран-и Каримде жаратылыш тууралуу кеп козгогон жана адампендени акыл жүгүртүүгө чакырган көптөгөн аяттар бар. Алардын айрымдары менен таанышып алыңыздар:
«Эй, адамдар! Өлүмдөн кийинки тирилүүдөн шектенсеңер, албетте, биз силерди топурактан, анан бир тамчыдан, анан уюган кандан, түссүз бир үзүм эттен өзүңөргө (кудуретибизди) билдирүү үчүн жараттык. Ошентип, жатындарда (Өзүбүз) каалаган белгилүү мөөнөткө чейин кармайбыз. Анан ымыркай кылып чыгарабыз. Андан кийин эрезеге жетесиңер. Кээ бирлериңер кайтыш болуп, кээ бирлериңер көп нерсени үйрөнгөндөн кийин (акыйкатта) эч нерседен кабарсыз болуп өмүрдүн алсыз (улгайып) чагына чейин барасыңар. Какшып кургаган жерди көрүп турасыңар го. Ага жамгыр жаадырсак кыймылга кирип, көөп, ар түрдүү кооз өсүмдүктөрдү өңдүрөт»(Хаж сүрөсү, 5-аят).
«Биз инсанды тандалма чоподон жараттык. Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга жайгаштырдык. Андан соң тамчыдан уюган кан жараттык, уюган кандан бир үзүм этти жасап, бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыктысы Алла Улуу!»
Ар бир адамдын бармак изинин ар башкача болушу жаратылуунун даанышман сыры, нары ибараттуу көрүнүш. Муну изилдеген илим тармагы бармактын учундагы издер өмүр бою өзгөрүүсүз каларын, бир адамдын бармагынын изи башка эч кимдикине эгерим окшобосун аныктаган. Аталган ачылыш 19-кылымдын аягында аныкталып, пайдаланып келе жатат. Аныгында бул акыйкат Куранда мындан 1428 жыл мурда билдирилген.
«Адампенде Бизди сөөктөрдү чогулта албайт деп ойлоубу? Албетте, чогултабыз. Жадагалса анын бармагынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө кудуреттүүбүз!» (Кыямат сүрөсү, 3-4-аяттар).
Өмүр-өлүм тууралуу ойлонуу адамдын иш-аракеттерине, ой жорумуна жана жашоого болгон көз карашына оң таасирин берет. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Бардык жыргалчылыкты түбү менен жок кылган өлүмдү көп-көп эстегиле!» (Тирмизий, Зухд, 4; Кыямат, 26).
Өлүм тууралуу ойлонуу напсини тизгиндегенге жардам берет. Ачкөздүк сезимдердин ордун токпейилдик, канаат өңдүү изги сезимдер ээлей баштайт. Керисинче өлүмдү такыр эстебей, байлыктын артынан кууп, дүнүйөнү ашкере сүйүү адамды руханий дартка чалдыктырат. Кызганыч, текеберлик, жана көйрөңдүк дүнүйөгө болгон сүйүүнү оожалтат. Мындай ахлаксыздыктын жана рухий илдетин алдын алуунун эң сонун жолу – караңгы көрдү, ак кепинди, суракты ойлонуу.
Анда, Имам Газзалинин насаатына кулак салалы:
«Уулум! Каалаганыңдай жаша, бирок бир күнү сөзсүз көз жумасың! Каалаганыңды сүй, бирок, албетте андан айрыласың! Каалаганыңды жаса, сөзсүз ага эсеп берчү күн келет!
Уулум! Жан дүйнөнү жетилтүүнү, тазартууну, напсини тизгиндөөнү жана өлүмгө даярдык көрүүнү максат кылышың керек. Анткени акыркы аялдамаң кабыр болот. Азыксыз жолго чыга көрбө!»
Умар бир Абдулазиз акыркы кутпасында мындай насыяттарды айткан эле:
«Оо, калайык калың журт!
Өтүмүштөгүлөрдүн ордуна бүгүн силер келдиңер. Эртең биздин ордубузга башкалар келет. Өзүңөр күбө болгондой, келгендер кетип жатышат, кеткендер кайткан жок. Баарыбыз Алла Тааланын алдына барабыз. Арабыздан айрылып, акыретке аттангандарды күн сайын көрүстөнгө чейин узатып баруудан сабак алып жатасыңарбы? Аларды кара топурактын астына төшөксүз, жаздыксыз жалгыз жаткырып келип жатасыңар. Өлүмдүн ачуулугун татуу, кош айтышуу кандай гана ибараттуу жагдай. Адамзаада сүйгөн нерселеринин баарын калтырып, мурда эч бир көрбөгөн, тааныбаган бир ааламга кетип жатып бул жалгандагы кайдыгерликтен сөзсүз ойгонот. Ажалдын, өлүмдүн чындык экендиги көзгө көрүнүп калган соң баары кеч болуп, мүмүнчүлүктүн баары колдон кеткен болот. Аларга тек тирүүлүктө жасаган жакшы амалдары, кынтыксыз орундатылган ибадаттары гана жарыгын чачып, пайдасын тийгизе алат».
Ыйык Куранда: «Ар бир жан өлүмдү татат. Силерди бул жалганда жакшылык менен да, жамандык менен да сынайбыз. Силер албетте Бизге кайтасыңар!» (Анбия сүрөсү, 35-аят) деп буйрулган.
Көрүстөндөр аманат өмүрдү текке кетирген адамдарга толо. Адамзаада мейли сарайда, мейли жеркепеде жашасын эч ким бул дүйнөгө түркүк боло албайт. Адамды өлүм жакалагандан кийин бийлик, байлык атпай башкаларга өтөт. Андан эч ким качып кутула албайт.
«Кутулуу үчүн жан талаша качкан өлүм албетте силерге жолугат. Андан соң көрүнөөдөгүнү да, көмүскөдөгүнү да билген Аллага кайтарыласыңар. Ошондо Ал бардык иш-аракеттериңерди ийне-жибине чейин өзүңөргө кабарлайт» (Жума сүрөсү, 8-аят).