Он алтынчы сан

Мазмуну
Нух пайгамбар жана момундар катуу капсалаңга туруштук берала турган үч кабат кемени эки же төрт жылдын аралыгында катуу жыгачтан жасап бүтүрүшөт.
Ибн Аббастын баяндамасына караганда, кемеге түшө турган сексен момун мусулман бар эле. Алар кемеге ар бир жаныбардан бирден жуп салышат. Даярдык толук бүткөн соң пайгамбарга буйрук келет.
“Тээ биздин буйругубуз келип, тандырдан (жалын ордуна) суу оргуп чыга баштаган чакта (Нухка) мындай дедик: «Ар бир жаныбардан бир жуптан жана биз аянычтуу жаза өкүм бергендерден башка өз үй-бүлөңдү, анан ыйман келтиргендерди кемеге жайгаштыр!” Ансыз деле анын жанында ыйман келтиргендер өтө эле аз болчу” (Худ сүрөсү, 40-аят). “(Мына ушул убадабыздан кийин) Биз асман дарбазаларын (тынымсыз) куюлган суу менен ачып жибердик!” (Камар сүрөсү, 11-аят). “Жана бардык жерден булактарды чыгардык. Мына ошентип, белгиленген өлчөмгө жараша биригип кетти.” (Камар сүрөсү, 12-аят).
Көбөйгөндөн көбөйүп, көтөрүлгөндөн көтөрүлүп бараткан суу деңизге айланат. Албууттанган деңиздин толкуну тоодой бийик көтөрүлүп, тирүү жан калтырбагыдай каарданганына карабастан, багытсыз сүзүп жүргөн кемедегилер Алланын коргоосуна алынган эле.
Баяндамаларга караганда топон суу апааты Ражап айынын биринен башталып, алты ай бою токтобой көнөктөп оргуп турган. Акырында Алла Таала жерге жана асманга буйрук кылат:
«Жер, сууңду жут! Асман, өзүңдү (сууңду) тут!» (Худ сүрөсү, 44-аят).
Ошентип, Мухаррамдын онунчу күнү (ашура күнү) кеме Жуди тоосунун чокусуна токтойт. Нух Пайгамбарды ээрчиген бактылуулар жана айбанаттар тобу чоң сыноодон кутулушат.
«Биз аны жана кемедегилерди куткардык»(Шуара сүрөсү, 119-аят). «Нухту жалганчыга чыгарышкан соң Биз аны жана аны менен бирге болгон адамдарды куткардык. Жана аларды жерге (чөгүп кеткендердин ордуна) орун басар кылдык. Эми кара! Аяттарыбызды жалган деп айткандардын баарын чөктүрдүк. Эскертүүлөрдүн арты кандай болду?!» (Юнус сүрөсү, 73-аят). «Алар кылган күнөөлөрүнөн улам чөктүрүлүп, тозокко киргизилди. Алар Алладан башка жардам бере ала турган эч бирөөнү таба алышпады (сыйынган буттары Алланын азабынан аларды куткара албады)» (Нух сүрөсү, 25-аят).
Аалымдардын көз карашында топон суу ааламды жалпы каптаган. Башкача айтканда бүт жер жүзүн суу баскан. Нишанжызааде Мухйиддин Мехмеддин “Мират-ы Каинат” аттуу китебинде минтип айтылат:
“Кеме токтогон кезде сексен адам “Мадинатул-Саманийн” шаарын курушту. Тарыхый булактарда бул шаар “Суук-у Саманийн” деп дагы айтылат”.
Ошондогу сексен кишиден адамзаттын тукуму көбөйгөндөн көбөйүп келет. Нух пайгамбардын тун уулу Сам акылдуу, зээндүү жана чыныгы ыймандуу инсан болуп жетилет. Атасынын Жаратканга жалбарган дубасы кабылданып, Нухтун (алейхиссалам) көзү өткөн соң Сам элге өкүл болуп кала берет. Анын тукумунан көбүнесе такыбаалар жарык дүйнөгө келет. Ортончу уулу Хамдан эфиоптор, эндус жана Африка элдери, кенже уулу
Яфастан славян уруулары жана түрк элдери тараган деп болжолдонот.
Алла Таала бүтүндөй адамзатка үлгү катары Нух пайгамбардын шүгүрчүл кул болгондугун жана багышталган нематтарга ыраазылык билдирген топуктуу пенде болгондугун мындайча эскертет:
«Нух менен бирге куткарылган кишилердин урпактары! Билип койгула! Нух шүгүрчүл кул болгон» (Исра сүрөсү, 3-аят).
Алланын Элчиси Азирети Мухаммеддин төмөнкү хадисин Абдуллах бин Амр бин ал-Ас (Алла ага ыраазы болсун) айтып калтырган:
«Кимде мынабул эки касиет болсо, Алла Таала аны шүгүрчүл жана сабырдуулардын катарына кошот:
Кимде-ким диний билими барларга карап түздөнсө, ага баш ийсе жана ошондой эле байлык жагынан өзүнөн алсыздарга карап, ыроолонгон ырыскы, нематтарга ыраазылык билдирип, алкыш айтса, ошол инсанды Алла шүгүрчүл жана сабырдуулардын катарына жазат» (Тирмизий, Кыямат, 59)
Анткени «шүгүрчүлүк» пенденин Алла ыроологон нематтарга карата дилден айткан астейдил сөзү жана аткарган амалдары болуп саналат.
«Кимге кандайдыр бир немат берилип, бирок ал инсан ошол нематты тартуулаган Жаратканга алкыш айтпаса, шүгүр келтирбесе, немат анын колунан алынат» дейт Сариус-Сакатий.
Алла Тала мындай дейт:
«Ант болсун! Эгер ыроологон нематтарыма шүгүр кылсаңар, албетте, (аларды) дагы да арттырамын. Анан эгер (нематыма) кесирлик кылсаңар, азабым абдан катуу!»(Ибрахим сүрөсү, 7-аят).
- Бутпарас коомдо жашаганына жана өзүнө аз гана инсан ыйман келтиргенине карабастан өз коомун ак жолго жетелөө үчүн талыкпай кызмат өтөгөн.
- Жан чыдагыс кыйынчылык тарттырган коомунун азабына 950 жыл бою сабыр кылган. Ошондой эле кандай гана кыйын кырдаал болбосун Аллага ыраазылыктан тайбай, көп шүгүр кылган пайгамбар болгон.
- Нух пайгамбар качан болбосун истигфарды оозунан түшүргөн эмес.
- Деңиз сапары Нух пайгамбардын доорунан кийин гана ар тараптан өнүгүп өскөн.
Топон суу алааматы бүткөн жылы көз жумган бул улуу пайгамбар ширк, каапырлык менен талбай күрөшкөндүгү жана айосуз зулумдукту 950 жыл көтөргөн чыдамкайлыгы менен өзүнөн кийинки пайгамбарларга жана үммөттөргө үлгү болуп келет. Жараткандын ырайымына, назарына илинген Азирети Нухтан «сабыр» деген улуу сапат бизге мураска калган.
Сабыр – бул изги ахлактардын туруктуу борбору, ыймандын жарымы, бак-таалайдын ачкычы, бейиш нематтарына жеткире турган чоң мүмкүнчүлүк.
Жакшылык атпай бекем сабырдуулуктун арты менен келгендигин таамай билген бардык пайгамбарлар, олуя менен аалымдар сабырды кесип катары карманышкан.
«Асрга (дигер убагына)ант! Албетте, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана бири-бирин актык менен сабырдуулукка чакыргандардан башка бардык адамдар зыяга учурайт! (Аср сүрөсү, 1-3-аяттар).
Жараткан Алла баарыбызга эң оболу ыйманга кошуп сабыр берсин! Жаамы пайгамбар менен олуялардын сабырдуулугунан жана көңүл кутунан баарыбызга насип кылсын!
Чама-чаркыбыз, күч-кудуретибиз жептей турган сынактардан бир Алла Өзү сактасын!..