Он алтынчы сан

Мазмуну
Тооба – күнөөлөрдөн кайтып Алла Таалага бет алуу. Истигфар болсо күнөөнүн ыпластыгын түшүнүп, Алладан кечирим тилөө. Тагыраак айтканда, тооба жүрөк менен бушайман болуу, истигфар тил менен да, дил менен да Алладан кечирим тилөө.
Курандын 60 аятында тообага, 40 аятында истигфарга чакырык жасалат. Бул аяттардан айрымдары төмөнкүчө:
«Эгеңерден кечирим сурагыла! Ага тооба кылгыла! Чындыгында менин Эгем абдан Мээримдүү, өзгөчө сүйүүчү!....» (Худ сүрөсү, 90) «Күнөөнү билбей жасап кайра тезинен тооба кылып өкүнгөндөргө Алланын кечирими болот. Акыйкатта Алла – Билүүчү, Даанышман» (Ниса сүрөсү, 17)
Ырас, Алланын бир ысмы Тавваб, бир ысмы болсо Гофуур. Башкача айтканда, тообону кабыл кылуучу жана күнөөлөрдү кечирүүчү.
«Ал өз пенделеринин тообосун кабыл кылат, күнөө иштерин кечирет. (Ал) силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат» (Шуура сүрөсү, 25)
Биз акыл-жүрөк күрөшү менен өмүрүбүздү өткөрүүдөбүз. Бирок, адам баласы бир гана акыл же жүрөк менен чектелбегендиктен напси баш болгон бир топ сезим-туюмдардын, оор арзуулардын алдында кээде билип туруп же билбей туруп өз эркибизге ээ чыга албай күнөө жасап койгон учурларыбыз кездешет.
Ырасында Улуу Алла Таала бизди Өзүнө жакындатуу, бизди Өзүнө муктаж кылуу, бизди Өзүнө тартуу үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү жараткан. Мисалы, ачка болуу сыяктуу туюм берип бизди ырыскыга муктаж кылып, Өзүнүн Раззак (ырыскы берүүчү) болгондугун көрсөткөн. Биз пенде катары бардык муктаждыктарыбызды Андан тилеп, Аны ырыскы Берүүчү катары тааныйбыз.
Ошондой эле биз күнөөкөрбүз, Алла Таала кечиримдүү. Биз ката кетиребиз, Алла Таала кечирет. Биз тооба кылабыз, Алла тообабызды кабыл кылуучу. Алла Таала – Гофуур, Афувв, Гаффаар, Таввааб. Жасаган күнөө иштерибиз бизди Алла Тааланын мына ушул ысымдарына алып барат, бизди Ага бет алдырат. Ошентип Алла Тааланы Гофуур жана Гаффаар ысымдары менен таанышкан болобуз. Канчалык күнөө жасалса, ошончолук тооба кылынышы керек.
Адам напсине алданат, шайтанга алданат, сезимдерине ээ чыга албайт, эрк каалоосуна ээ боло албай күнөө жасайт, андан кийин кылган нерсесине бушайман болуп тооба кылат. Күнөө жасаган болсо да, мына ушул пенденин тооба менен Жаратканга бет алышы хадистерден байкалгандай, Алла Тааланы ыраазы кылат.
Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) маалымдаганы боюнча, Алланын Элчиси мындай деген: Бир пенде күнөө жасады жана: «Оо, Жараткан! Күнөөмдү кечире көр!» деди. Алла Таала: «Кулум күнөө кылды, бирок андан кийин күнөөлөрдү кечирүүчү же ошол күнөө себептүү жазаландыруучу бир Кудай бар экендигин түшүндү» деди. Андан кийин кул кайра күнөө жасап: «Оо, Жараткан! Күнөөмдү кечире көр!» деди. Алла Таала: «Кулум күнөө кылды, бирок кийин күнөөлөрдү кечирүүчү же ошол күнөө себептүү жазаландыруучу бир Кудай бар экендигин түшүндү» деди. Андан кийин кул кайра күнөө жасап: «Оо, Жараткан! Күнөөмдү кечире көр!» деди. Алла Таала: «Кулум күнөө кылды, бирок андан кийин күнөөлөрдү кечирүүчү же ошол күнөө себептүү жазаландыруучу бир Кудай бар экендигин түшүндү. Каалаганыңды кыл, мен сени кечирдим!» деди (Бухарий, Тавхид, 35; Муслим, Тооба, 29).
Хадис илими боюнча улуу аалымдардын бири Имам Нававий береги хадистен төмөнкүчө өкүм чыгарат:
«Күнөөкөр адам жүз жолу, алтургай миң же андан да көп жолу күнөө жасаса, адам ар бир сапарында тооба кылса, тообасы кабыл болот. Же бардык күнөөлөрү үчүн бир жолу тооба кылса да тообасы жарактуу».
Алла Тааланын күнөөлөрдү кечириши Анын айкөлдүгү, мээрмандыгы, кечирими. Адамды күнөөсү себептүү жазаландырышы болсо, Анын адилеттүүлүгүнүн белгиси. Пайгамбарыбыздын тарбиясын алган сахабалар бул кылдат мерчемди өтө жакшы түшүнүшкөн. Алар Алланын улуу ысымдарын жакшы түшүнүшкөн.
Азирети Анас (Алла ага ыраазы болсун) : «Мен Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп жатканын уктум» дейт: «Алла Таала кудсий хадисинде мындай деп айтты: Эй, Адам баласы! Сен мага дуба кылган жана менден кечирим үмүт кылган чакта жасаган күнөөлөрүң канчалык көп болсо болсун, алардын чоңдугуна карабастан кечирем. Эй, адам баласы! Күнөөлөрүң асман бетин толтура турган болсо да, сен Менден кечирим тилесең, күнөөлөрүңдү кечирем. Эй, Адам баласы! Сен жер жүзүн толтура турганчалык күнөө менен менин алдыма келсең, Мага эч бир нерсени шерик кошпой ширкке түшпөгөн болсоң, Мен да сени жер жүзү толо кечирим менен тосуп алам» (Тирмизий, Даават, 98)
Алла Тааланын ыраакымы, боорукерлиги жана мээримдүүлүгү чексиз. Анын ырайымдуулугу бардык пенделерине жетет, бардык ааламдарды кучагына алат. Алла Таала Өзүнө бет алган пендесин ар түрдүү себептерди жаратып Өз ырайымына тартат. Ырасында Алла Таала пендесин жазаландыруу үчүн жараткан эмес, кандайдыр бир кемчилигинен, алсыздыгынан пайдаланып аны тозокко түшүрүү үчүн дүйнөгө жиберген эмес. Адам өз баласын кандайдыр бир оорудан улам кандай отко ыргытпаса, Улуу Алла Таала да өз пенделеринен чексиз мээримин аябайт. Аларды тозокко түшүрбөйт.
Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) бул багытта төмөнкү окуяны айтып берген:
«Бул окуя бир казаттан кийин болгон. Туткундардын арасында бир аял да бар болчу. Байкуш аял баласына болгон кусалыгын кандыруу үчүн көзүнө көрүнгөн баланы кучактап бооруна бек кысып эмизип жаткан эле. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) айланасындагыларга:
-Бул аялдын өз баласын отко салуу ыктымалы барбы? – деп сурады.
- Эч качан ыргытпайт – дешти.
Анда Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): - Ырас, Алла Таала өз пенделерине бул аялдын баласына болгон мээриминен дагы Мээримдүү - деди».
Куттуу хадистер Алла Тааланын чексиз кечиримин жана ырайымын түшүндүрөт. Ошондой эле өзгөрбөс принцип катары аяттар негизги чен-өлчөмдөрдү көрсөтүү менен «кулчулук» аң-сезимине, кулдун Жаратканга болгон урмат-сый чек-ченемин ашпоо керектигине басым жасайт. «Тооба, истигфар кылгандан кийин эмнеси болсо да, Алла кечирет» деген чолок ойго алдырып атайын күнөө жасай бербөө кажет. Себеби мындай учурда «кулчулук» аң-сезиминен тышкары кадам таштаган болобуз. Алла Таала бул багытта:
«Ыпластык менен алектенгендер, өз жандарына зулумдук кылгандар, билип туруп жасаган (күнөө) иштерин улантышпаса, Алланы эстеп, күнөөлөрү үчүн кечирим сурашса... Алладан башка ким күнөөлөрдү кечире алат?!» (Аали Имран сүрөсү, 135)
«Алла Таала өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт. Бирок андан башка күнөөлөрдү эгер кимди кааласа кечирет» (Ниса сүрөсү, 48, 116)деп буюрат.
Диний булактарыбызда чын көңүлдөн кылынган тообанын Алла Таала тарабынан кабылданаары айтылат. Ырас, Алла Таала «Эй, ыймандуулар! Аллага чын ыкластан тооба кылгыла! Балким Эгеңер күнөөңөрдү кечирип, силерди астынан дарыялар агып турган бейиш бактарына киргизээр» (Тахрим сүрөсү, 8) деп чын дилден кылынган тообалардын кабылданышына ишарат жасайт. Аятта өткөн «насух» (чын ыкластан кылынган) тообанын төмөнкүчө шарттары бар:
- Аллага карата күнөө жасагандыгын билип бул күнөөдөн улам Аллага баш калкалоо жана бушайман болуу
- Күнөө жасагандыгы үчүн кайгыруу, Жаратканга карата мындай күнөө жасагандыгынан улам жандил менен тынчсыздануу
- Экинчи мындай күнөөгө барбай тургандыгына карата бир бүтүмгө келүү
- Эгер күнөө кулпенденин акы-укугуна байланыштуу болсо, анда ошол акы-укугу тепселген пендеге акысын кайтарып берүү, б.а. адалдашуу.
Дагы башка хадисте Пайгамбарыбыз мындай деген:
«Насух» тооба төмөнкүчө:
-күнөөлөргө бушайман болуу,
-парз ибадаттарды аткаруу,
-зулумдук жана душмандык кылбоо,
-таарынычтарды жазуу, жарашуу,
- экинчи жолу ал күнөөгө барбоо үчүн бир бүтүмгө келүү».
Кудай буюрса, бул шарттарды орундатсак, Алла Таала тообаларыбызды кабыл кылаарынан үмүт кылабыз. Ырасында адам баласы ар дайым коркуу жана үмүт сезимдеринин тең салмактуулугу менен жашашы керек. Ошондуктан биз ибадаттарыбызга ишенип мактана да, күнөөлөрүбүздөн улам үмүтсүздүккө бел байлай да албайбыз. «Мен абдан такыбаа, мыкты адаммын, бейишти кепилдикке алып койдум» деп айтуу кандай жаңылыш болсо, «мен бүттүм, мени Алла Таала эми кечирбейт, тообаларымды кабыл кылбайт» деп айтуу да ошончолук туура эмес. «Күнөө жасап андан кийин тооба кылам» деген түшүнүк да жаңылыш.Ошондой эле күнөөнү моюндап тооба кылып Аллага баш калкалоонун өзү да чоң ибадат.
Сөздүн кыскасы, тообасын бузган адам Аллага берген сөзүнөн кайткандыгы үчүн жооптуу болот, кайра тооба кылышы керек. Адам күнөө жасоочу жан. «Мен эч качан күнөө жасаган эмесмин жана да жасабайм» деп эч ким айта албайт. Ар бир адам бул же тигил таризде, аз же көп күнөө кылат. Бул жерде кептин төркүнү ошол күнөөдөн туура кутулуунун жолун билүүдө жатат. Мусулман баласы жасаган ката иштеринен кайтып, үмүтсүздүккө бел байлабай, Жаратканга баш калкалоону билиши керек. Жараткан Алла жалпыбызды тообасы кабыл болгон пенделеринин катарына кошсун, оомийин!