Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну


Ак Башат казынасынан

Журналыбыздын «Кызыктар дүйнөсү» рубрикасы аркылуу ушул убакка чейин көптөгөн кызыктуу маалыматтар менен тааныша алдык.

Ошол эле тартип боюнча бул санда биз билген кадимки жаныбарлардан айырмаланып формасы, келбети же жашоо образы өзгөчө болгон айрым жаныбарлар тууралуу маалымат берүүнү туура таптык.

Мүйүздүү Нарвал
Мүйүздүү Нарвал

Мүйүздүү нарвал – дельфиндер түркүмүнүн өкүлү. Бул жаныбар да өзгөчө жаныбарлардын катарын толуктап турат. Тумшугундагы узундугу үч метрге чейин жеткен жалгыз мүйүзүнөн улам нарвал көптөгөн уламыштардын да башкы каарманы болуп келет.
Бирок, бул анын мүйүзү эмес жаагынын сол тарабында өскөн тиши болуп эсептелет.
Бул «тиш» нарвалдын эркегинде гана ушундай узундукка жетет.
Ал эми жаагынын оң жагындагы тиши кичине болуп, көп билине бербейт. Кызыгы – ал тиш чындыгында эле мүйүздөй болуп ар дайым сол жакты көздөй буралып өсөт.


Миксина
Миксина

Жыландыкындай формага ээ болгону менен миксина - негизи балык. Көпчүлүк убактысын суу түбүндө жатып өткөрөт. Аңчылыкка болсо түндө чыгат. Миксинанын курмандыгы торго түшкөн же ооруудан алсырап калган балыктар болот.
Ал эми балык дагы деле кыймылда болсо ал анын бакалооруна кирип, жабышкак суюктук бөлүп чыгара баштайт.
Бакалоору жабышкан балык тумчугуп өлүп миксинанын жеми болот.


Ай-ай(Мадагаскар маймылы)
Ай-ай(Мадагаскар маймылы)

Бул жаныбардын аты да кызык – Ай-ай. Ай-айдын маймыл сымалдардын арасында өзгөчө орду бар. Ай-ай башка сүт эмүүчүлөрдүн бирөөсүнө да окшошпойт. Чоң башы, чоң кулактары, кичинекей, кыймылсыз бирок жанып турган көздөрү, узун куйругу жана узун, катуу сейрек түк менен капталган денеси бул жаныбарга өзгөчө түр берип турат. Анын колдорунун узун манжалары да негизги жашоо чөйрөсү болгон бак-дарактардын бутактарына жабышууга ыңгайланышкан. «Бул жаныбарды карап туруп кайсы түргө кошуу керек деп башыңды оорутасың» - деген окумуштуу А. Э. Брэм өзүнүн «Жаныбарлардын жашоосу» аттуу китебинде.


Эң жалкоо жаныбар
Эң жалкоо жаныбар

Эң жалкоо жаныбар катары таанылган слот (sloth – анг. жалкоо жаныбар) Американын жамгырлуу токойлорунда жашайт. Слоттун колдору менен буттарындагы узун бармактары анын дарактарда жашоосуна абдан ыңгайланышкан. Ал гана эмес бутакка асылып башын төмөн каратып уктай алышат. Жерге түшсө ташбака менен да атаандаша албай турганчалык жай кыймылдаган бул жаныбар сүт эмүүчүлөрдүн арасында «эң жалкоо» деген мүнөздөмөгө ээ.


Йети краб
Йети краб

Тынч океандын түштүк тарабында рак түркүмүндөгү өзгөчө жаныбар табылган. Ал өзүнүн туугандарынан айырмасы – буттарынын баары сүт эмүүчүлөр сыяктуу түк менен капталгандыгында. Ушундан улам окумуштуулар аны тамаша иретинде «йети краб» деп атап коюшкан. Узундугу 15 см болгон йети краб 2005-жылы америкалык окумуштуулары тарабынан 2300 метр тереңдикте табылган. Ал эми анын илимий аты полинезиялыктардын Кива кудайынын атынан «Kiwaida» деп аталган.


Тапир
Тапир

Тапир деп аталган бул жаныбар кадимки чочкону элестеткен менен мурду бир аз узун келет. Денесинин узундугу эки метрге чукул келген, салмагы 150-300 кг га чейин болгон тапир токой жаныбары болуп эсептелет жана сууну жакшы көрөт. Токойдо жашаган тапирлер жалбырактар, мөмө-жемиштер менен азыктанса, дарыя же көлмөлөргө жакын жашагандары көпчүлүк убагын балырлар менен тамактанып сууда же суу астында өткөзөт.


Башына