Он алтынчы сан

Мазмуну
Бишкек шаарынын кургак учукка каршы
борборунун уролог дарыгери
Тойчубаев Мирзараим Абдисаламович
Бала-чака күтүп, тукум калтыруу адампенденин өмүрдөгү асыл максаттарынын башкысы болуп саналат. Учурда балалуу болуу көптөгөн мекендештерибиз үчүн чоң көйгөйгө айланды. Анткени тукумсуздук дарты улам көбөйүп баратат. Бул жаатта окурмандарыбызга кеңири маалымат берүү үчүн Бишкек шаарынын кургак учукка каршы борборунун уролог дарыгери Тойчубаев Мирзараим Абдисаламовичке суроо салдык.
Тукумсуздук нике деген эмне?
Баш кошкондон кийин бойго болуп калуудан сактануучу каражаттарды колдонбой, орто эсеп менен 2 жыл бою жыныстык мамиледе жашап, анан балалуу боло албаган жубайларды тукумсуз нике деп айтабыз.
Учурдагы статистикалык маалыматтар боюнча ар бир жүз жуп жубайдын 20 пайызы балалуу боло албай келишет.
Тукумсуздук эркекте көп кездешеби же аялдабы?
Тукумсуздукка эркек да, аял да күнөөлүү болушу мүмкүн. Баласыз жубайлардын 25 пайызы эркектердин, 25 пайызы аялдардын ден-соолугуна байланыштуу. Ал эми жубайлардын 50 пайызы экөөнүн тең ден-соолугунан көз каранды.
Адамда кайсы себептерден улам тукумсуздук келип чыгат?
ВОЗдун (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) классификациясы боюнча азыркы убакта тукумсуздуктун эркектерде 16, аялдарда 22 ар кандай себептери бар.
Эркектердин тукумсуз болушунун себеби эмнеде?
Эркектин жыныс мүчөсүнүн сезгениши, жыныс мүчөсүнүн өсүп калыптануусунун бузулушу жана айрым бир башка орган системаларынын ооруусу эркектин тукумсуз болуусуна алып келет.
Кайсы оорулар тукумсуздукка алып келет?
Тукумсуздукка алып келген оорулар көп. Ошондой болсо да мунун баарын беш группа менен карасак болот:
- Эркектин жыныс органынын сезгениши. (простатит, уретрит, орхит, эпидидимит ж.б.у.с. ооруулар)
- Урук жүрүп туруучу түтүктөрдүн бүтүп, тосулуп калуусу.
- Варикоцеле (жумуртканын кан айлануусунун бузулушу)
- Гормондук жөнгө салуунун бузулушу.
- Жыныстык карым-катнаштык жактан жабыркоолор.
Эркектин жыныс мүчөсүнө эмнелер терс таасирин тийгизет?
- Айлана-чөйрөнүн терс таасири:
-
-
- тамак-аш менен келүүчү химиялык уу заттар -
- күйүүчү майлар менен дайыма тыгыз иштөө -
- учуучу химиялык заттар менен дайыма иштөө (м: малярлар) -
- темир ширетүүчү жумушта көп убакыт бою иштөө -
- дары-дармекти көп ичүү (м: антибиотик, нитрофуран ж.б.) -
- Радиоактивдүү заттар. Көп жолу алган рентген нурлары да терс таасирин тийгизет.
- Жаман өнөкөткө айланып кеткен жоруктар: баңгичилик, аракечтик, тамеки тартуу. Бул заттарга байланып калган ошол адамдын укум-тукуму (балдары же неберелери) тукум куучулук касиетинин жоголушуна жана тубаса майып наристелердин төрөлүүсүнө себепчи болот.
- Токсико-инфекциялык факторлордун терс таасири: - жугуштуу оорулар: тепме, бруцеллез, кургак учук, тиф. - жыныстык мүчө аркылуу жугуучу оорулар: хламидий, гонорея, трихоманда ж.б. - организмдеги башка органдардын оорусу: гепатит.
- Нерв-психикалык факторлор: ашкере кайгы-капа, өзүн-өзү басынтуу, коркуу. Мындай абалдар бир гана жыныстык мүчөгө гана эмес бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет.
- Ички секреция бездеринин кызматынын бузулушу. Дарыгердин кеңешине таянбай туруп ар түрдүү гармондук дарыларды өз алдынча көп колдонуу организмдин гармондук дарыларга көз каранды болуп калуусуна жана тукумсуздукка алып келет.
- Гипертерамия: жыныс органдарын өтө эле ысык, жылуу кармоо (ысык ваннада көпкө болуу ж.б.) урукка терс таасирин тийгизет. Эркектин уруктугунун температурасы дененин температурасынан 2-3 градус сельцияга төмөн болууга тийиш. Калтаны өтө ысык кармоо урук клеткаларынын өлүп калышына алып келет.
- Тукум куучулук аркылуу өткөн тубаса генетикалык бузулуулар. Биз жогоруда айткан көп факторлор буга себепчи болот. (аракечтик, баңгичилик, радиация ж.б.)
- Жыныстык мүчөлөрдүн ар түрдүү травмилалы.
- Уруктук аутоимундук бузулуулар: Айрым бир эркек балдардын жумурткасынын бирөөсү, же экөө тең калтасында жок болот. Анткени кээ бир жаш балдар төрөлгөндө бир, же эки жумурткасы түшпөй, чаткаяктагы каналынын ичинде калат. Бул абал «крипторхизм» деп аталат. Андыктан эркек бала төрөлөөрү менен бардык ата-энелер анын эки жумурткасын көрүшү керек. Эгер жок болсо, тезинен уролог дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгер убагында кайрылса, крипторхизмди толук дарылоого болот.
Жыныстык жактан кандай жабыркоолор тукумсуздукка себепчи болушу мүмкүн?
Жыныстык карым-катнаштан жабыркаган жубайлардын тукумсуз болуп калышынын негизги себеби – бул импотенция. Импотенция – бул жыныстык жактан шал болуу.
Тукумсуздуктун дагы бир башка себеби – эркектин уруктугу сыртка түшпөстөн табарсыкка өтүп кетет. Мындай тукумсуздуктун түрү тескери жол (ретрограрный путь) деп айтылат.
Наристенин тубаса тукумсуз болуп төрөлүшүнө эмнелер себеп болот?
Медициналык көз караш менен караганда баланын тубаса тукумсуз болуп төрөлүшүнө ата-эне себепкер. Биз жогоруда айткандай6 баңгичилик, аракечтик, айлана-чөйрөдөгү уу заттар, радиоактивдүү заттар уруктук бездерге терс таасирин тийгизип, наристенин тукумсуз төрөлүүсүнө алып келет.
Ар бир ата-эне келечекте баласынын ден-соолугу чың, акыл-эстүү, ыймандуу болуусун самайт. Ошондуктан түйүлдүк пайда болгондон баштап эне да, ата да өтө кылдат кам көрүшү зарыл. Химиялык ар түрдүү уулуу заттар, тамеки тартуу, аракечтик, айлана-чөйрөнүн терс көрүнүштөрү да түйүлдүккө терс таасирин бербей койбойт. Түйүлдүк пайда болгондон баштап, эненин ролу эбегейсиз чоң.
Маектешкен Абдуррахим Молдогазиев