Он алтынчы сан

Мазмуну
(Башы өткөн санда)
Ошондон кийин жакшылап курбуларымдын арасындагы мамилелерине көңүл бурсам, бир топ балдар ант ичишкен достор болуп чыгышты. Алардын бири-бирине мамилелери кандаш бир туугандай ысык ымалада эле. Ал тургай кээ бир кыздардын да ант ичишкендери бар экенин байкадым. Бир күнү бул окуя – ант ичүү - кандай жасаларын да көрүп калдым. Ал окуя арткы секичелерде болду. Кичине мугалим даарат алуу үчүн тышка чыккан. Чоң мугалим артын бизге салып, муруну салаңдаган коңуз өңдүү, жай жана оор кыймылдап намаз окуп аткан. Эки бала жыгач саптуу бычак менен колдорун тилишти. Коюу болуп чыккан канды колдоруна өйкөшүп, сүргүлөштү да, билектеги кандар аралашкан соң бири-биринин колдорунун кандарын эмип сорушту. Ушуну «ант ичип кандаш болуу» дешет экен... Бул окуя мени ойлондура баштады. Анткени эгер менин да кандаш досум болсо мугалимге кулагымды чойдурбай, таманга таяк жээр кез келсе таканчык болоор эле. Азыр болсо ушул кенен мектепте өзүмдү жапжалгыз, жолдошсуз, коргоочусуз, колдоочусуз сезип жүрөм. Мунумду апама айттым: ант ичким келгендигим, ал кандай жасаларын сүрөттөп бердим. Буга ал ыраазы болбоду:
– Андай адепсиздик кылба. Этият болгун... – деп эскертти.
Бирок мен ал сөзгө кулак салбадым. Көңүлүмдөн ант ичүү жөнүндөгү ой такыр чыкпай койду. Бирок ким менен ичем? Ошентип жүргөндө күтүүсүз болгон бир кокустук-окуя мага да кандаш дос таап берди: Жума күндөрү биздин үйүбүздүн бакчасына коңшу балдардын баары топтолушуп, каш карайганча ойноор элек. Артыбыздагы үйдүн ээси Хажи Будаклардын мен курдуу бир баласы боло турган, аты да мага абдан жакчу. Мыстык... Ушундай кызык ысым. Бул ысымды ушунчалык жактырчумун, ичимден кайталай берчүмүн. Кандай кулакка жагымдуу, дилге жакын ысым! Кыздар болсо бул уккулуктуу ысымга уйкаш сөздөрдү курап алышып, Мыстык кай жерде учурабасын – көчөдө, короодо, бакчада – бир ооздон кыйкырышып калышаар эле. Азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде:
Мустафа Мыстык,
Арабага кыстык.
Үч шамды жактык,
Тамашага баттык!
– дешип, кыйкырыша чурулдашып, тоголоктолгон жалбырактарды аны көздөй ыргытышчу.
Мыстык ачууланчу эмес. Күлүп койчу. Биз деле ага кээде ошолордой тамаша кыла берчүбүз
Бул кичинекей ыр менин кыялыма да ушунчалык таасир эткен экен, түшүмдө да бир топ арсыз кыздардын аны арабага салышып, үч шамды жагышып, тамашага батышканын көрчүмүн кээде. Эмне үчүн Мыстык мынчалык жоош, эмне үчүн кыздарды бирден шапалак берип туруп, жолуна салбайт, эмне үчүн бул май аралаш көң сасыган арабадан түшүп калбайт? Болбосо ал баарыбыздан күчтүү го. Анан калса ысмындай болуп өзү да топтомолок бала эле: башы да, колдору да, буттары да, денеси да топтомолок... Ал тургай манжалары да... Күрөштө бардык балдарды жеңип койчу. Жазында болсо жума сайын эртең менен чоң кучак мажүрүм тал чыбыктарын көтөрүп бизге келчү. Ал бутактардан ат жасап, найза учтап, күлүк жарыштырып ойночубуз. Жарышта да ал баарыбыздан озуп кетчү... Аны эч ким кармай да алчу эмес. Ошентип, ошондой жума күндөрүнүн бири эле, Мыстык дагы мажүрүм тал чыбыктарын кучактап жетип келди. Мен эң узунун тандап алдым. Калгандарын балдарга тараттым. Бычак менен бутактарынын учтарын кесип, кабыктарынан чыбык башына байлап эки кулак, бир мурун чыгарып, ат башына абдан окшош кылаар элек. Бул иште мен уста болчумун. Өз атымды жасап аткам. Мыстык жана башка балдар кезектерин күтүп турушкан. Кандай болуп кетти, билбейм... Кабыкты шылып өткөн бычак баш бармагымды кесип кетти. Суюк кызыл кан ага баштады. Ушул көз ирмемде акылыма бир нерсе келди: ант ичүү! Бармагымдын ачышканын да унутуп, Мыстыкка:
– кел, кандаш дос бололу. Сен да колуңду кес, - дедим.
Ал дароо макул болгон жок, ойлоно түштү да көздөрүн жерге кадап, башын чайкады:
– Кантип болсун ушу. Ант үчүн бармак эмес, билек кесилет да...
– Кандай айырмасы бар? Бармактын каны кан эмеспи? – деп, аны демите баштадым. – Баары бир эмеспи – билектен болсун, бармактан болсун. Кел, кел...
Акыры макул болду. Менин колумдан алган бычак менен өз билегин мага караганда бир аз тереңирээк кести. Каны ушунчалык коюу экен, акпастан томпоюп, чоңоюп келатты. Колдорубузду бири-бирине сүрүп, кандарыбызды аралаштырдык да, оболу мен сордум. Кан туздуу жана ысык эле. Андан соң ал менин бармагымдын канын ичти.
Билбеймин, арадан канча мезгил өттү. Балким алты айдыр... Балким бир жыл өткөндүр... Мыстык менен кандаш дос болгонуму да унута баштаган экенмин. Мектептен үйгө кайтканда дайыма чогуу, ойногончо кетчүбүз. Ошондой көп күндөрдүн биринде аба үп болуп, абдан ысып турган. Чоң мугалим бизди жарым күнгө дем алууга таратты. Бейшемби болсо керек эле... Мыстык экөөбүз көчөнүн чаңдуулугунан улам жайбаракат баратканбыз. Чоң жолдун кесилишинде ураган тамдардын жерпайлары болор эле. Так ошол жерге жеткенде капысынан калдайган кара чоң иттин бизди карай чуркап келатканын көзүбүз чалды. Артынан бир топ таякчан кишилер кууп алышкан. Бизге:
– Качкыла! Качкыла, каап алат! – деп бакырып чуркап келатышты.
Коркуп шаша түштүк. Бир саамга эсеңгирей түшкөн экенбиз, оболу мен өзүмө келе калып:
– Качалы! – дедим.
Көздөрү оттой жанган кара дөбөт бизге жетип калган болчу.
Мыстык:
– Сен артыма жашын! – деп кыйкырды да алдыма өттү. Жаалданган дөбөт Мыстыктын үстүнө секирди. Бир аз чарпыша түшүп, бири-бирине тамактарына асылышты. Ит да эки бутуна туруп алган. Анан экөө тең жерге жыгылышты. Чаңга бурдалана тоголонуп кетишти. Мыстыктын баш кийими менен бут кийими ыргып кетти. Бул көз ирмем мага аябай узак болуп сезилди. Калтырап аттым. Кууган байкелер жете келишип, куураган таяктар менен кубаттарынын болушунча дөбөттү сабап киришти. Ошентип Мыстык кутулду. Бирок, мурунунан жана колдорунан кан агып жатты. Дөбөт болсо куйругун чатына кысып, тумшугун жерге салаңдатып, дыргаяктап качып жөнөдү.
– Эч нерсе эмес... Ооруган жок... Бираз тиши чийип кетти окшойт. – деп койду.
Мыстыкты үйүнө алып кетишти. Мен да өз үйүмө кеттим. Апама болгон окуяны айтып бердим. Абил Ана мени жерге жаткырып, баштан аяк колун тийгизип сылап «текшерип», табарсыгымды басып көрүп, тамырларымды кармалады да, кандайдыр бир дубаны окуп, жүзүмө үйлөдү. Сарымсак жыттанган ооз деминен бышкырып-чүчкүрүп араң чыдадым.
Эртеси Мыстык окууга келбеди.
Анын эртеси да келген жок. Апама «Мыстыкты барып көрүп келели» дедим.
– Ал ооруп атыптыр, жөжөм. – деди.
– Кудай буюрса жакшы болоору менен дагы чогуу ойнойсуңар. Азыр анын тынчын алууга болбойт.
Ошондон кийин ар күнү эртең менен мен мектепке Мыстыкты сак-саламат жолуктурам деген үмүт менен келип, кайра үйгө ошондой эле аруу тилек менен кетип жүрдүм.
Бирок... Аттиң... Ал эч качан кайтып келген жок... Дөбөт кутурган ит экен... Догдурларга көрсөтүү үчүн Мыстыкты Бандырмага алып барышыптыр, ал жерден Истамбулга жөнөтүшкөн экен.
Анан... Бир күнү сай-сөөктү сыздаткан кабар уктук: Мыстык жабырга толо, бирок жакшылыктан үмүтү мол жарыкчылыктан кол үзүптүр...
Эртелеп турганымда ар бир булутсуз ачык таң мага дайым балалыгымды эске салат да, турат. Туулуп өскөн жеримди ар качандан бир качан көз алдымдан кайра-кайра өткөргөндү сүйөм жана андай учурда сол колумдун баш бармагын кантип карап турганымды да байкабай калам. Биринчи муундун үстүнөн түбөлүк орун алган, али да агарып турган тырык достуктун ыйыктыгын эске салат. Өз анты үчүн жанын кыйган, өмүрүн курман чалган, кандаш досумдун ысык эриндери кайрадан билегиме тийгендей болот. Мени куткарам деп өзүнөн чоң, кара дөбөт менен калтаарыбай кармашкан арстан мүнөз асыл досумду эстеп, көзүмө жаш тегеренет... Бирок, анын эрдигине эреркеп, сыймыктанганымды да жашыра албайм... Түрк тилинен түз которгон Садык ГАВАЙ. КУЖС мүчөсү.