Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну

Бир суроо?

Мыктыбек Арстанбеков(Тележурналист)

-Кыргызстанда динди жайылтууда таблиг жамаатынын ордун кандай баалайсыз?

Бисмиллахир-Рахмаанир-Рахиим

Алла Таалага мактоолорду айтабыз, Пайгамбарыбызга салаваттар айтабыз.

Даават өзү важип. Даават мусулман баласына коюлган милдет. Дааватсыз дин болбойт. Эми дин деген эмне? Дин - бул Аллах субханаху ва таалаанын адамдарга берген жашоо эрежеси. Дин адамдарга жеткирилбесе, бул дин натыйжа бербейт. Мечитте гана ритуал катары калып калат. Ислам - ритуал эмес. Ислам - бул ибадат. Исламда 24 сааттык ибадат бар. Таблиг жамааты ошондой дааватты жеткирүүчү жамаат. Дааватчылар дааватка баргандан кийин саясатты сүйлөбөйт. Жаман сөз, ушак айтышпайт. Алар биринчи өзү үйрөнүү үчүн, анан үйрөнгөнүн үй-бүлөсүнө алып келүү максатында чыгышат. Ошол үч күндүк эреже менен жашап, үйрөнгөнүн турмушка алып келет. Эми биздин коомду атеисттик идеология ушундай бир уулап таштаптыр. Үйүбүз күйүп атса, бир кооздукту көрүп аткансып күлөбүз. Канчалаган кыздарыбыз сойкулук менен бузукулук кылып жүрөт. Канчалаган эркектерибиз арак менен ууланып жүрөт. Кырктан кийин балалуу болгон эркек жок. Генофонд өлүп атат. Мына ушундай далай бузукулуктарга карабай биз булардын кийген кийимин сындайбыз. Караңыздар, адамдар кимдир бирөөлөр европалык кийимди жакшы көрөт экен, кимдир бирөө чыгыш кийимин жакшы көрөт экен. Жетимиш жыл европанын кийимин кийдик, акыркы он беш жылда жылаңач болуп калдык. Эми арабыздан кимдир бирөө чыгыштын кийимин кийейин десе, булар шөлбүрөп кийинип алды, дейт. Бардык жарандар европалыктарча кийинсин деген буйрук эч жерде жок! Кийим, сакал, селде көтөрүлө турган маселе эмес. «Бүгүн тишиңди жуудуңбу?» деп телевидение, журналдар аркылуу сурасак, эл эмне дейт бизди? Бул күнүмдүк муктаждыктан пайда болгон гигиена маселеси. Сакал маселеси деле ошондой. Бул такыр талкууга алына турган маселе эмес. Кийим маселеси да ошондой. Биз жанагы көчөдө жарым жылаңач жүргөндөрдү талкууга алышыбыз керек эле да. «Мобу эмне жылаңач жүрөт, мынабу киндигине, жатынына суук өтүп атпайбы, төрөбөй калып атпайбы, бул назар кирип ооруп калып атпайбы» деп чечингендердин маселесин ойлонушу кажет эле да ошол «ойчулдар». Дааватчылар эркек болгонуна карабай туруп уят жерлерин жапса, таптаза кийинсе, анан кантип булардын кийимине асылып жатышат. Маселе биздин караңгылыгыбызда болуп жатат.

Булар бүгүнкү күндө мамлекетке керек болгон нерсени жасап жатышат. Мамлекет бул маселеде даанышмандуулук кылып бул балдарга жардам бериш керек. Бүгүн Алла Тааланын динин эч ким токтото албайт. Демек, каалайбызбы, каалабайбызбы бизге дин келет. Эми ошол динди ким алып келет? Башка бирөөлөр алып келеби же биздин эл өзү алып келеби? Маселе ушунда турат. Биздин эл алып келем десе, мамлекет жардам бериши керек. Бул балдардын кийимин чечип, сакалын кырып таштасак дин келбей калбайт, барыбир келет.

Ислам дининин азыркыдай болуп кеңири тарашы ушул балдардын эмгеги, ушулардын мээнети менен, ушулардын көз жашы менен келди. Мен буга толук ишенем. Канчалаган адамдардын үйлөрүнө намаз кирди, канчалаган адамдардын жүрөктөрүнө Куран кирди. Ичимдикке берилип алкаш болуп кеткен канчалаган адамдар динге кайтты, мына-мына ажырашам деген канчалаган бактысыз үй-бүлөлөр кайра жарашты, бири-биринин көзүнө чөп салып жүргөн канчалаган жубайлар кайра оңолду.

Мына ушул нерселерди көрүп туруп, дааватчылардын мыкты ийгилигине күбө болуп туруп, мен аларга оң баа берем.

Башына