Он алтынчы сан

Мазмуну
Христиан дини пайда болгондон тартып анын жактоочулары Иса пайгамбардын абалы, Кудайдын сыпаты жана Мариям эненин ким экендиги боюнча түрдүү талаш-тартыштардын айынан ар кандай жамааттарга бөлүнүп кетишкен. Монофизиттер, диофизиттер жана копти чиркөсү болуп бөлүнүп кеткен христиандар орто кылымга жакын негизги үч чоң агымга ажырап калган. Алар католиктер, православдар жана протестанттар. Бул үч негизги агым өзүнүн ичинде да майда чиркөлөргө бөлүнүп кеткен. Бул чиркөлөрдүн негизи бир гана Инжилдерге таянып, христиан дининен бөлүнүп чыкканына карабастан ар бири өзүнчө диний догмаларды ойлоп табышкан. Ошондой эле эң акыйкат христиандык бир гана өздөрүнүкү экендигин айтып, башка чиркөлөрдү акыйкаттан адашкан чиркөлөр деп айыпташкан. Мунун айынан азыркы күнгө чейин бул чиркөлөрдүн ортосунда өз ара келишпестиктер болуп келет.
Католик чиркөсү христиандардын ортосундагы мына ушундай келишпестиктерди жана башка диндер менен, айрыкча Ислам дини менен болгон душмандыкты жоюу, ошондой эле, тарыхтагы Католик христиандарынын илимге жана адам баласына кылган мыкаачылыктарын тарыхий катаачылык экендигин моюнга алуу аркылуу диндердин ортосундагы диалогго келүү пикирин көтөрүп чыгышкан. Католиктердин мындай жолго барышына күн сайын болуп жаткан саясий-экономикалык, маданий жана технологиялык өнүгүүлөр да себеп болгон.
Натыйжада Католик христиандары жыйырманчы кылымдын экинчи жарымында, тагыраак айтканда, 1962-65-жылдары Ватиканда «Диндердин ортосундагы диалог» деген темада Консилиум1 өткөрүшөт. Бул Консилиумга дүйнө жүзү боюнча түрдүү диндердин өкүлдөрү чакырылып, 141 өлкөдөн 28602 дин өкүлү катышат.
Консилиумдун ачылыш сөзүндө Папа 23 - Жон бардык дин өкүлдөрүн диалогго чакырат. Ошондой эле, христиандардын ортосундагы бөлүнүүнү жок кылып, биригүү керектигин айтат. Муну менен биргеликте кылымдарга созулган мусулмандар менен христиандардын ортосундагы душмандыкты жоюу негизги маселе экендигине токтолот.
Диндердин ортосундагы диалог пикири эларалык деңгээлде 30-жылдары башталган. Бул пикир эң алгачкы жолу 1932-жылы иудаизм, христиан жана ислам динин бириктирүү максатында ал-Азхар университетинин аалымдары менен жолугуу максатында Франциянын дин өкүлдөрүн жиберүүсү менен башталат. Бул кыймыл 1933-жылы Франция, Англия, Шведция, Америка, Италия, Польша, Испания, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү бардык университеттердеги миссионер жана ориенталисттердин катышуусунда өткөн Париж конференциясы менен улантылат. Диалог багытындагы дагы бир конференция 1936-жылы «Дүйнө диндери» деген ат менен өткөрүлөт. Андан кийин экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы мындай конференциялардын өткөрүлүшүнө тоскоол болгондуктан убактылуу токтотулат.
1964-жылы Папа VI Паул диндердин ортосундагы диалогго байланыштуу чакыруу катын жарыялайт. Бул ишке кошумча Ватиканда 1969-жылы «Мусулмандар менен христиандардын ортосундагы диалог жетекчиси» деген китеп басылып чыгат. Диндердин ортосундагы диалог кыймылы боюнча II- Ватикан Консилиумунун мааниси абдан чоң болгон. 1962-жылдын октябрь айында башталып, 1965-жылдын декабрь айында аяктаган бул Консилиумда «христиан эмес диндердин секратарияты» ачылып (1964), бул секратарият 25 жылдан кийин «Папанын диндердин ортосундагы диалог консилиуму» деп аталып калат.
1970-80-жылдардын арасында он бешке жакын диндер аралык жана улуттар аралык илимий конференция өткөрүлөт. Алардын ичинен эң маанилүүсү Белгияда болуп өткөн жана түрдүү дин өкүлдөрүнөн төрт жүздөн ашык делегация катышкан «Экинчи дүйнө, дин жана тынчтык» деп аталган конференция болуп эсептелет. Ушундай эле конференциянын дагы бири Испаниянын Куртуба шаарында болуп өтөт. Ага христиан жана мусулман болгон жалпы 23 өлкөдөн дин өкүлдөрү катышат. Ошондой эле 1979 – жылы Тунустун Куртач шаарында христиандар менен мусулмандардын ортосундагы жолугушууну диндердин ортосундагы диалогго мисал катары көрсөтүүгө болот.3
Диндердин ортосундагы диалог кыймылы 1990-жылдары эң активдүү түрдө иш алып барган. 1993-жылы Иорданияда Араб – Европа конференциясы, 1994-жылы Суданда жана 1995-жылы Стокгольмда диндердин ортосундагы диаолгго байланышкан конференция болуп өткөн. 1996-жылы кайрадан Иорданияда Ахли – Байт Университетинде «Ислам жана Европа» деген темада илимий конференция өткөрүлгөн.4
2000-жылы Түркия мамлекетинин Шанлыурфа шаарында «Диалогдо ишеним символу жана Ибрахим пайгамбарда биригүү» деген темада симпозиум болуп өткөн. Бул симпозиумдун артынан 2003-жылы Американын Техас штатынын Аустин шаарында «Тынчтык каармандарынын симпозиуму» деген ат менен диндердин ортосундагы диалог уюштурулган.5 Ушул эле жылы Рим Католик чиркөсүнүн демилгеси менен Казакстандын Астана шаарында «Дүйнөлүк диндердин конгреси» уюштурулган.6 2005-жылы Москвада «Терроризмден дүйнөлүк этикага багыт: дин жана тынчтык» деп аталган форум болуп өткөн. Ага 38 өлкөдөн түрдүү диндин өкүлдөрү катышкан.7 Дал ушундай эле конференция 2006-жылы 21-24-июнда Бишкек шаарында «Диалог Евразия»уюму тарабынан уюштурулуп, «Маданияттар диалогу жана биримдикте жашоо» деген ат менен өткөрүлгөн.
Мындай конференция-жолугуушуларда христиандардын негизги максаты дале болсо христиан динин дүйнө элдерине жайуу бойдон кала берген. Анткени, христиан дининин догмасы боюнча, дүйнө жүзүндөгү эң акыркы инсан мен христиан динин кабыл алдым деп айтмайынча Иса пайгамбар жер жүзүнө кайтып келбейт.
Мына ошондуктан диндердин ортосундагы диалогго байланыштуу өткөрүлгөн ар бир чогулушта христиандар христиан динин дүйнө элдерине жайылтуу ар бир христиан атуулунун ыйык милдети экендигин ачык эле баса белгилешет. Буга мисал катары 2007 – жылы Италиянын Наполи шаарында өткөрүлгөн диндердин ортосундагы диалог чогулушунда Папа 16 Венедик өзүнүн сөздөрүндө мындай дейт: «Бул жыйындын дүйнөдө тынчтык алып келише дуба кыламын. Ошондой эле бүгүн миссионерлерге да дуба кыламын. Дүйнө инсандарын христиандаштыруу үчүн бардык чиркөлөр бирдей жоопкерчиликке ээ. Андыктан аларга да дуба кылалы».8
Ислам дини дүйнөдөгү эң толерантту дин экендиги талашсыз. Муну ислам дининин диний догмаларынан жана азирети Мухаммед (сав) дын жашоосунан даана көрүүгө болот. Ислам дини же мусулмандар дайыма башка элдер жана башка улуттар менен диаолог түзүүгө эшиги ачык болгон. Динине жана ыркына карабастан тегиз мамиле жасаган буга тарых өзү күбөлүк кылат. Асыресе, динди жайылтууда да мажбурлоо жок экендиги ырас.
Ал эми христиан дини боюнча «диндердин ортосундагы диалог» да христиан динине киргизүүнүн жаңы методу катары каралат. Күч колдонуу менен биргеликте миссионерликтин ар кандай ыкмаларын колдонуп келген христиан дини учурубузда заманбап методикасын колдонуп жатат.
1 Консилиум – Христиан динине байланышкан шарияттык жана догматикалык проблемаларды чечүү үчүн өткөрүлгөн курултай.
2 Küçük- Tümer, 427.
3 Haluk Özdoğan, “Dialog”, Köklü Değişim, 26 / 10-11.
4 Özdoğan, 12.
5 Cemal Uşak, “Barış Kahramanları”nı anmak ya da “In bombıng we trust”, Diyalog Avrasya, 2003, 11/57.
6 Haber, “Astanada Dinler Zirvesi”, 2003, 11/ 124.
7 Haber, “Dünyanın merkezine sevgi ağacı”, Diyalog Avrasya, 2005, 18/ 25.
8 www.dünyabülteni.com/22.11.2007.