Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну

Тообанын кабылданышынын белгилери

Имам Газали мындай дейт:,

Тообанын калбылданганын айрым бир белгилерден билсе болот. Маселен тооба кылган адам:

  1. Кайсыдыр бир күнөөнү жасабоого сөз берип, тооба кылган болсо, ага мурункудай көңүлү тартпай калат.
  2. Кайсы жерде болбосун АллаТааланын көрүп, көзөмөлдөп турганын эстеп күнөө жасоодон уялат.
  3. Күнөөкөрлөр тобунан качып, ыймандуу, ахлактуу момундар жамаатына ыктайт.
  4. Дүнүйө-мүлккө ток пейил карайт. Акырет үчүн жасаган изги амалдарды дагы да көп орундаткысы келет.
  5. Парз ибадаттарды такыр аксатпайт.

Мурунку жасаган күнөөлөрүн эстеген сайын көңүлү чөгүп, Алладан кечирим тилейт. Дене-турпатындагы бардык мүчөлөрүн күнөөкөрлүктөн сактаганга болгон күчүн жумшайт».

Мына ушундай деңгээлге жеткен адамдардын тообасы кабылданган болуп эсептелет. Анткени Ыйык Куранда: «Албетте, Алла Таала тооба кылгандарды жана тазалангандарды сүйөт» (Бакара сүрөсү, 222-аят) деп маалымдалган.

Тообанын кабыл болгонун чагылдырган мындан башка дагы көптөгөн белгилер болот. Абдулкадир Гайланинин айтуусуна караганда, тообакердин тообасынын кабылданганын төмөнкү төрт белгиден билсе болот:

  1. Тооба кылган адам жалган айтпас, ушак ташыбас, пайдасыз сөздү сүйлөбөс болот.
  2. Кекчилдик жана көрө албастык такыр байкалбайт. Жүрөгүндө мындай жаман сапаттардын жок экендигин тооба кылган адам өзү да сезе баштайт.
  3. Жаман жоруктуу жоро-жолдоштон өзүнөн-өзү оолактай баштайт.
  4. Тообакер пенде ар убак Алланын Улуу ысымдарын оозунан түшүрбөй, Ага ибадат кылганга жан-үрөйт, өтүмүштөгү күнөөлөрүнө кайра-кайра кечирим тилейт.
  5. Өлүмгө ар дайым даяр болгусу келип, аны көп эстей баштай.

    Ибн Аббастын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Күнөөлөрүнө бушайман болгон пенде Алла Тааладан ырайым тилейт. Өзүн-өзү жактырган текебер пенде болсо Алланын каарына калат.

    Алланын пенделери! Ким эмне иш кылбасын (өлүм кокологон маалда) анын же жакшы, же жаман акыбетин көрмөйүн бул дүйнөдөн кете албайт. Амалдарынын нарктуу-нарксыз жыйынтыгын көрөт. Түн менен күндүз силер үчүн унаа. Акыретке карай бараткан жолдо түз жүргүлө, милдеттериңерди кечиктирбей аткаргыла. Анткени өлүм айттырбай келет. Андыктан, Алланын мээрими, ырайымы мол деп өзүңөрдү өзүңөр алдабагыла. Бейиш менен тозок силерге чокоюңардын боосунан да жакын турат» (Рамузул Ахадис: 1/237).

    Алла Элчиси муну айткандан кийин береги аятты окуган: «Кимде-ким күкүмдөй жакшылык кылса да, күкүмдөй жамандык кылса да сөзсүз анын акыбетин көрөт» (Зилзал сүрөсү, 7-8-аяттар).

    Тообанын шарттары кынтыксыз аткарылса, тооба сөзсүз кабыл болот. «Тообам кабыл болбой калабы?» деп шектенүү туура эмес. Акыл-эстүү мусулман үчүн тооба тууралуу бул маалыматтар жетиштүү деп ойлойбуз. Алла Таалам баарыбызга тооба кылууну насип этип, тообаларыбызды кабылдасын...

    Башына