Он алтынчы сан

Мазмуну
Орто Азия элдеринде түбү көөнө тарыхка таянган ар түрдүү каада-салттар, үрп-адаттар бар. Булардан айрымдары Ислам динине такалса, кээ бири элдин жашоого болгон аң-түшүнүгүнөн, ой-сезиминен, жашоо ыңгайынан келип чыгат.
Орто Азия элдеринин үйлөнүү үлпөттөрүндө сөзсүз түрдө өкүл ата, өкүл эне дайындалат. Өкүл эне негизинен өкүл атанын жубайы болот. Күйөө бала менен келиндин ортосунда кандайдыр бир түшүнбөстүктөр, анча-мынча көйгөйлөр жаралса, анда жубайлар алгач өкүл ата-энеге кайрылышат. Майда-чүйдө маселелер ата-энеге жеткирилбестен өкүл ата-эне тарабынан жөнгө салынат.
Өкүл ата келиндерге кээ бир учурларда кайната-кайненеден дагы жакын келет.
Түрк дүйнөсүндө «күйөө жолдош» салты азыр да уланып келет. Күйөө жолдош күйөө бала менен жаш курагы боюнча тең чамалуу болуп, той бүткөнчө күйөө баланын жанынан чыкпайт, тойго тиешелүү бардык шаан-шөкөттөрдү уюштурууда күйөө баланын оң колу болот.
Ата-эненин, чоң ата, чоң эненин аттары балдарга коюлбайт. Анткени ал ысымдар менен бала чакырылган кезде аты коюлган улуу кишиге ыңгайсыз абал жаратат.
Бала атасы жашаган чакта мурут кое албайт. Атасы көз жумгандан кийин гана балага мурут койуу укугу туулат. Үй-бүлөдө эки муруттуу болбойт. Анткени мурут башкаруучулуктун белгиси катары кабылданат. Мурут Орто Азиядагыдай эле Түркияда да эркектик белги катары эсептелет. Кээ бирөөлөр мурутту аялга окшобоо үчүн койо бергендигин да айтышат.
Келин кайнене-кайнатасы менен отуруп алып аркы-беркини сүйлөшпөйт, ал суроо суралганда гана жооп берет. Тамак же чайды оң колу менен сунат. Сол колун көкүрөгүнө же оң колунун алдына алып сунат. Бөлмөдөн аркасын салып чыкпайт.
Орто Азияда маркумдун жакындары кыркы чыкканга чейин сакалдарын алышпайт. Маркум кээ бир өлкөлөрдө үч күн үч түн кармалат. Кыргызстандын жана Казакстандын айрым бир аймактарында бул адат кеңири кулач жайган. Бул аймактарда маркум боз үйгө киргизилип, сүрөтү бозүйдүн оозуна илинип коюлат.
Маркум үчүн жылкы, уй же кой союлат. Эти эң этибарлуу жаныбар - бул жылкы. Үч күн бою келген эл союлган малдын этинен даам татышат. Өлүк чыккан үйдөн кээде тойго кеткен каражатчалык чыгым кетет.
Ислам дининде маркумду көпкө кармоого болбойт. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) маркумду жерге берүүдө шашылуу керектигин айткан.
Көз жумган адам үчүн кайыр-садага берүү, ага дуба кылуу Ислам дининде жылуу кабылданат. Бирок кайыр-садага маркум көз жумаары менен эмес, кийин берилет. Маркумду узатууда элге анын үй-бүлөсү эмес, кошуналарынын тамак бериши сүннөткө ылайык келет.
Орто Азия өлкөлөрүндө өкүрүп келген адамдар боз үйдүн оозуна чейин келип белин бүгүп өкүрүшөт.
Маркум үчүн өкүрүп-бакырып ыйлоо, жүзү-башын ургулап тытмалоо, чач жулуу сыяктуу адаттар Ислам динине туура келбейт. Бирок адамдын сүйүү-мээриминен улам ыйлашы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз да уулу Ибрахим көз жумганда аталык мээримге багынып көлкүлдөп ыйлаган.
Орто Азияда көр казуу өтө оор иш. Көр үч күндө араң казылып бүтөт. Жөнөкөй көр казылгандан кийин капталынан дагы бир бөлмө сыяктуу ойук казылат. Бул жер «казанак» деп аталат. Казанак орто бойлуу адам олтурганда башы тийбей турган таризде болот.
Кээ бир аймактарда маркум көмүлгөндөн үч күндөн кийин дагы бир мал-жандык союлуп элге тамак берилет. Маркумдун кыркы чыкканга чейин ар бейшемби күнү элге тамак берилип Куран окутулат.
Маркумдун карыз намаздарына байланыштуу бир учурларда Түркияда кеңири жүзөгө ашырылып келген «девир» деп аталган адат Орто Азиянын түштүк-батыш тарабында «девран» делет. Ал эми ырасында намаздын каффараты болбойт. Тагыраак айтканда, намаз окубаган адам үчүн анын ордуна башка адам намаз окуй албайт. Ажылык, орозо сыяктуу кээ бир ибадаттардын жана касамдын каффараты бар. Бирок намазда мындай жагдай жок.
Орто Азия өлкөлөрүндө дин башкармалыктары Ислам динине сыйбаган айрым бир адаттарды элге акырындык менен түшүндүрүп келет. Жатык тил, жылуу мамиле менен түшүндүрүлсө, эл аалым адамдарды түшүнөөрүнө ишенебиз.