Он алтынчы сан

Мазмуну
Икрима (Алла ага ыраазы болсун) күнү-түнү намаз окуп, Куранды колунан түшүрбөй башы-көзүнө сүртүп: «Раббимдин китеби» - деп урмат көрсөтүп, ар дайым тооба кылып жүргөн кутман сахабалардын бири. Ал болжол менен Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) 2-3 жыл кийин, б.а. 575- жылы Меккеде төрөлгөн.
Икрима мусулман болгонго чейин атасы Абу Жахл менен бирге Бадр, Ухуд салгылашууларына катышкан. Ал мусулмандарга эң көп коркунуч туудурган душмандардан болгон. Себеби, ал Курайш урусунун арасында согуш тактикаларын эң мыкты өздөштүргөн эрендердин катарынан орун алган. Алла Тааланын сүйүктүү элчиси
Пайгамбарыбыз Мухаммадга (с.а.в.) да өтө көп душмандык кылган. Алтургай
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын Ислам динине келтирген зыянынан, мусулмандарга көрсөткөн зордук-зомбулугунан улам өлтүрүүгө буйрук берген. Бирок, Мекке жеңиши күнү анын аялы Умму Хаким Пайгамбарыбыз Мухаммадга (с.а.в.) келип: «Икрима мени кармашса өлтүрүп салышат деп Йеменге качып кетти. Эгер ал Ислам динин кабыл алса аны кечиресиңби? Аны кечире көр! Алла да сени кечирсин» - дейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ал кечирилген» - деп жооп берет. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мындай сүйүнчү сөздөрүн угар замат Умму Хаким күйөөсү Икриманы кайра мекенине алып келүү үчүн Йеменге карай издеп чыгат. Умму Хаким Икриманы таап, ага Улуу Пайгамбардын (с.а.в.) сөздөрүн жеткирери менен кайра Меккеге карап жол тартат. Алыстан Икрима менен аялы Умму Хаким көрүнгөндө Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айланасындагы сахабаларына: «Икрима бин Абу Жахл момун-мусулман жана мухажир болуп келе жатат. Атасын тилдебегиле! Анткени, жаман сөз өлгөнгө эмес, тирүүгө зыян берет» - деп айтат. Икрима менен аялы отурган мусулмандарга жакындаганда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ордунан туруп аны тосуп алат. Аны отургузганда Икрима Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кайрылып: «Аялым мага сиздин мени кечиргендигиңизди айтты. Ошол себептен сиздин жаныңызга келдим» - дейт.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ооба, сен кечирилдиң» - деп айтат. Ошондо Икрима: «Йа Расулаллах! Мусулман болуу үчүн эмне кылышым керек» - дегенде: «Сени Алладан башка кудай жок, мен анын кулу жана элчиси экендигиме күбөлүк келтирүүгө, намаз окууга жана зекет берүүгө чакырам» - деп, Ислам дининин негиздерин айтат. Келмени айтып болгондон кийин: «Йа Расулаллах! Дагы эмнени айтайын» - дегенде: «Алла жана ушул жерде отургандар күбө, Мен мусулманмын, мужахидмин жана мухажирмин деп айт» - дейт. Икрима бул сөздү айтып болгон соң Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Икрима менден каалаган нерсеңди сура» - деп айтканда ал: «Сага кылган бардык душмандыктарым, сага каршы койгон ар бир кадамым, жүзүңө жана артыңан айткан ар бир гыйбат сөздөрүм үчүн кечирим сураймын» - дейт.
Анын мындай ыкластуулугун көргөн Пайгамбарыбыз (с.а.в.) алаканын жайып: «Оо, Жараткан! Мага жасаган жамандыктары жана сенин нуруңду өчүрүү үчүн кылган ар бир күнөөсүн кечире көр! Бетиме да, артыман да айткан ар бир сөзүн кечире көр!» - деп дуба кылат. Икрима бул дубадан кийин мурда кылган иштерине аябай бушайман болуп: «Аллага ант берем, Алланын нурун өчүрүү үчүн короткон малымдын эки эсесин Алланын дини үчүн жумшаймын» - дейт. Икрима (р.а.) мусулман болгон соң ыймандын берген күчү менен Ислам дининин нурун жайылтуу үчүн көптөгөн салгылашууларга катышат. Жан дили менен берилип күнү-түнү намаз окуп, Алла Тааланын ыйык китеби Курани Каримди колуна алганда оболу өбүп анан: «Раббимдин мага берген китеби. Раббимдин китеби» - деп мечитте, үйдө, ат үстүндө, жөө жүрсө да колунан түшүрбөй окуп, кайра-кайра тооба кылып жүрөт.
Азирети Абу Бакирдин (Алла ага ыраазы болсун) доорунда жалганчы пайгамбар Мусайламату-л-Каззабдын аскерине, Йеменде динден чыккандарга, Византиянын аскерлерине каршы согушат. Йармук согушунда мусулмандар кыйналып калган учурда атынан секирип түшүп кылычын кынынан сууруп алып византиялык аскерлер менен согушкан. Халид бин Валид ага антпе деп, анын бул жоругунан кайтарууга канчалык аракет кылса да, Икрима (Алла ага ыраазы болсун): «Мени кое бер, Халид! Сенин
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен чогуу өткөн өтө сонун жашооң бар. Ал эми мен атам менен ага эң көп зыян келтирген, зулумдук кылган кишилерден болчубуз. Кое бер! Мурдагы кылган күнөөлөрүмүн ордуна жакшы иштерди кылайын. Пайгамбарга каршы көп жерде согуштум. Эми бүгүн византиялыктарга каршы согушуудан баш тартайынбы?» - деп өзүнүн бушаймандыгын билдирет. Икрима (Алла ага ыраазы болсун) ушул Йармук согушунда 636-жылы шейит болот. Икрима (Алла ага ыраазы болсун) бул согушта жетимиш жеринен жаракат алат. Анын акыркы деми чыгып жаткандагы учурду Хузайфа (Алла ага ыраазы болсун) минтип айтат: «Ал күнү мен согуш майданына чоң агамдын уулу Харисти издеп чыккам. Жаракат алып оор абалда жаткан экен. Ага суу идишимди көрсөтүп суу ичесиңби деп айтсам, ал көзү менен «ооба» деди. Суу ичирейин деп суу идишимди анын оозуна жакындатканымда, бир эки чакырым жерден Икриманын (Алла ага ыраазы болсун) «Суу, суу» деген үнү угулду. Агам суу ичпей сууну ага алып бар дегендей ишарат кылды. Чуркап сууну Икримага алып барып сууну ага узатканымда бираз ары жактан Ийаш: «Суу, суу» деп суу сурап жатыптыр. Аны уккан Икрима колун суу идиштен тартып сууну Ийашка алып бар дегендей мага ошол жакты көрсөттү. Чуркаган бойдон сууну Ийашка алып барсам ал келме келтирип шейит болуп жан берди. Сууну Икримага алып келсем ал дагы шейит болгон экен. Икрима да шейит болуптур, сууну тезинен агама жеткирейин деп чуркап келсем агам да жан берген экен».
Мына, өзү үчүн жакшы көргөн нерсени бир тууганы үчүн ыраа көрүү. Ислам, ыйман нуру жүрөгүбүзгө толугу менен жайгашса, биздин жашоо да ушул бактылуу сахабалардын жашоосундай керемет болмок...
Алла Таала мына ошондой бактылуу, керемет жашоону бизге да насип кылсын! Омийин!