Он алтынчы сан

Журналдын он алтынчы саны

Мазмуну

Рамазан тууралуу Куран эмне дейт?

Баарыбызга маалым болгондой, арадан он бир ай өтүп кайрадан көптөн күткөн Ыйык Рамазан айына кирип келдик. Бул айды мусулмандар «он бир айдын султаны», «он бир айдын ыйыгы», «он бир айдын улуусу» деп билишет. Анткени он эки айдын ичинен жалгыз Рамазан айы гана Куранда баса белгиленген.

Бул багытта аятта төмөнкүчө буюрулат: «Адамдар үчүн ыйман булагы саналган Куран туура жолду көрсөтүүчү жана айкын далилдер аркылуу чындык менен бузукулукту кашкайта таанытуучу абалында Рамазан айында түшүрүлгөн» (Бакара сүрөсү, 185-аят). Аяттын мааниси Рамазан айынын канчалык деңгээлде улуу ай экендигин таасым чагылдырып турат.

Дагы жакшылап үңүлө турган болсок, «Куран», «Рамазан» деген сөздөр бири-бири менен тыгыз байланышы бардай бир сүйлөмдө келип жатат. А Курандын тарыхы болсо ортодогу кубаттуу байланыштын бар экендигин тастыктайт. Асыресе, Курандын Рамазан айында түшүрүлгөнү кашкайган чындык. Мына ушул байланыштан улам Куран менен Рамазан Ислам ааламында ар дайым чогуу аталып келет. Башкача айтканда, «Рамазан – Куран айы» деген түшүнүк калыптанган.

Куран менен Рамазан айынын ортосундагы байланыш башка бир аятта мындайча маалымдалган: «Хаа-м-миим. Ачык-айкын Китепке ант! Биз аны (Куранды) куттуу түнү түшүрдүк... Биз Эскертүүчүбүз. Бул түнү бардык даанышман иштер бөлүштүрүлөт. Бул Жараткандан келген ырайым. Шексиз Ал бүт нерсени Билүүчү жана бүт нерсени Угуучу» (Духан сүрөсү, 1-6-аяттар). Бул жерде куттуу түндүн кайсы түн экендиги ачык-айкын айтылбаса да, бул көпчүлүк аалымдардын көз карашында Рамазан айындагы Кадыр түн деп эсептелинет. Анткени бул Кадр сүрөсүндө таамай билдирилген: «Акыйкатта, Биз аны (Куранды) кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн – миң айдан да артыгыраак. Периштелер жана Рух ал түнү Алланын буйругун аткаруу үчүн жер жүзүнө түшүшөт. Таң агарганга чейин ал түндү бейпилдик коштойт» (Кадр сүрөсү, 1-5-аяттар).

Духан сүрөсү менен Кадр сүрөсүндөгү айтымдарга карек оодара турган болсок, экөөндө тең окшош маалыматтар камтылганы белгилүү болот. Аалымдар мына ушул себептен улам Духан сүрөсүндө айтылган «куттуу түн» Кадр сүрөсүндө «миң айдан артык» деп сыпатталган «кадыр түндүн» өзү экендигин ырасташкан.

Бул аяттар бизге Алланын Китеби саналган Куран-и Карим ыйык Рамазан айында, Рамазандын куттуу түнү саналган Кадыр түндө түшүрүлө баштаганын ачык билдирип турат.

Айрым булактарда айтылгандай, Арап эли Исламдан мурда деле Рамазан айын ыйык ай деп эсептешкен. Ошол доорлордо кандайдыр бир согуш чыгып кетип, ага улай Рамазан айы кирип келе турган болсо, согуш дароо токтотулуп эл кадыресе жай турмушун улантчу экен. Мындайча айтканда, ошол доорлордо Рамазан «тынчтык айы», «бейпилдиктин айы» катары адамдардын аң-сезимине кыттай уюган.

Ошентип арадан агылып жылдар өткөндөн кийин Жараткан Алланын буйругу менен Куран Рамазан айында түшүрүлө баштайт. Анын үстүнө Рамазандын кадыр-баркынын Куранда өзгөчө белгилениши анын зоболосун дагы да бийиктетип салат. Мурдагы «тынчтык айы», «бейпилдик айы» коомчулуктун мусулман болушунан тарта жана Куранга болгон ынтызарлык себептүү «ибадат айы», «Куран айы» катары улуу даңазага ээ болот.

Ошондон тарта бул айда эч ким зыян тартпас болот. Киши канын суудай агызган согуштар токтотулуп, азуу кайрашкан душмандар элдешет. Адамдар бир жерден бир жерге эч кимден коркпой бейгам бара баштайт. Күнөө, арам иштердин баары тыйылат. Бири-бирине колдоо көрсөткөн кайрымдуулар көбөйөт. Зекет, садака, үшүр дегендер такай таратылчу болот. Жакыр адамга жардам көрсөткөн бардар мусулман Рамазан айынын шарапатынан улам өзүн бактылуу сезсе, куттуу айдын мол берекесинен пайдаланган кембагал бүлөлөрдө күлкү жаңыра баштайт. Ошентип Рамазан айынын маанилүүлүгү калктын калың катмарына тез эле сиңип, бүткүл Ислам ааламы бейпилдиктин, бактылуулуктун кучагында өмүр кечирет.

Рамазан айы жакындап калганда мусулмандар руханий жактан өзгөчө даярдык көрө башташат. Азирети Пайгамбарыбыз баш болуп бул ыйык айда Куранды баштан аяк окуп чыккан. Окуганда да Жабраил периште менен маңдай-тескей олтуруп алып бири-бирине окуп, жатталган Куранды бышыктаган. Буга күбө болгон сахабалар да башка мезгилдерге караганда Рамазан айында Куранга өзгөчө көңүл бурушкан. Рамазан айында Мединанын көчөлөрүндө баскан адам ар бир үйдөн Курандын кубулжуган авазы жаңырып турганын уккан. Ошол кездерде Мединадагы ар бир үй «Куран медресесине» айланган. Мунун баарын бизге Исламдын белгилүү булактары маалымдайт.

Алла Элчиси менен Жабраилдин, андан кийин кутман сахабалардын өз ара бет маңдай олтуруп алып Куран окуу салты күнүбүзгө чейин уланып, «мукабала» деген аталыш менен мусулмандардын жүрөгүндөгү Куранды бышыктап келет. Айрыкча Ислам ааламынын маанилүү шаарларынан саналган Стамбулдун мечиттеринде Куранды жакшы окуган каарылар Рамазан айында багымдат, бешим же дигер намаздарынан кийин кезектешип жамаатка Куран окуп беришет. Мына ушундай усул менен күн сайын бирден пара-жүз окуган каарылар, отуз күндө Куранды баштан аяк окуп чыгышат.

Абдан пайдалуу, асыресе, Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтү саналган бул салтты бүтүндөй Ислам ааламы Рамазан айында кайрадан жандандырышы керек. Ыйык Рамазан айында жер жүзүнүн мусулмандар жашаган бардык аймактарында Курандын үнү жаңырып турса кандай сонун болор эле. Куранды тек гана кубулжутуп гана окубастан анын маани-маңызы да жумурай журтка түшүндүрүлсө нары сооптуу, нары пайдалуу иш болмок. Элдин динге болгон аң-сезими жогорулап, жаман жоруктар оңолмок. Ошондо көпчүлүктүн мээсине кадалган «согуш, терроризм фиолософиясы» өзүнөн өзү жоюлуп, «Ислам - тынчтыктын, бейпилдиктин дини!» деген түшүнүк жаралмак. Эң кейиштүү жагы бүгүнкү күндө Ыйык Рамазан айы киргенине карабастан Курандын үнү жаңырмак тургай, ракетанын, бомбанын коркунучтуу үнү Ислам ааламынын үшүн алып турат.

Мындай шартта мусулманга кайра эле мусулман кол сунушу керек. Бөтөндөр кол сунушу мүмкүн. Бирок алар кызыкчылык үчүн кол сунат. Ошондуктан Ыйык Рамазандын шарапаты менен мусулмандын дартын мусулман уксун. Мусулман мусулман бир тууганына мусулманча насаатын айтсын, айтылгандар мусулманча кабылдансын. Мусулмандар бул улук айдын шарапаты менен Курандагы буйруктарды аткарууга бел байлашсын. Куранда арам деп эсептелген нерселерди таштоодо бири- бирибизге жардам берели. Эселенип сооп жазыла турган айлардын султанын текке кетирбей колунда жок диндештерибиздин муктаждыгын колдон келишинче камсыздаганга аракет кылалы. Кайрымдуулук кылганга бири-бирибизди үгүттөйлү.

Азирети Аиша эненин айтуусуна караганда, Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Рамазан айы киргенде кайрымдуулук жаатында кудум ысык аптапта адамды сергиткен «салкын желаргыга» айланып, муктаж мусулмандарга колундагы мал-мүлкүн таратып бергенден ырахат алчу экен жарыктык Пайгамбарым.

Андыктан биз мусулман катары Ыйык Рамазандын аягына чейин күн сайын Курандан бир «пара-жүз» окуганга көнүшүбүз керек. Эгер бир күндө бир «жүз» окуй албасак, жарымын окуйлу. Башта айтып кеткендей, жөн гана окуп койбостон анын маани-маңызын түшүнгөнгө аракет кылалы. Аяттардын бизге эмнени буйруганын, бизге эмнелерди кабар берип жатканын билгенге кызыгалы. Арапча жазылган текстин окуй албасак, кыргызча котормосун окуп, маанисине терең ой жүгүртөлү. Куран Жараткан Алла Таала тарабынан бизге жиберилген жакшылык жарчысы, дүйнөдөгү эң Ыйык Китеп экенин унутпайлы. Андыктан ага аяр мамиле кылып, даарат менен гана кармап, Алланын ыраазылыгы үчүн гана окуйлу.

Эгер сиз бир бүлөнүн атасы болсоңуз, уул-кыздарыңызга Куран окуганды үйрөтүңүз. Бул сиздин аталык негизги милдетиңиз болуп эсептелет. Кудайга шүгүр дешибиз керек, учурда Куранды үйрөнүү үчүн өлкөдө эч кандай тоскоолдук жок. Жаңы үйрөнчүктөр үчүн кыргыз тилинде жарык көргөн китептер көбөйүп эле калды. Мечиттерде атайын Куран сабактары өтүлөт. Дүйнөгө түркүк болор эч ким жок. Ажал келген күнү дүйнө салабыз. Артыбыздан бизге Куран багыштай турган перзенттер калышы керек.

Мына ушундай изги иштерди баштай турган болсок, Рамазандын берекеси менен дагы да тез үйрөнүп, дагы да көп соопко эгедер болобуз. Айрыкча Ыйык Рамазанда Куранды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

Ардактуу мусулман диндештерим! Ак Башат аркылуу баарыңыздарды Ыйык Рамазан, миң айдан да артык саналган Кадыр түн жана айдын аягындагы айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Алла Таалам баарыбызга бекем сабыр, эл-журтубузга көөнөргүс адеп-ахлак, тынчтык, токчулук-молчулук жана береке берсин!

Башына