Он бешинчи сан

Мазмуну
Жайдын толукшуп турган күнүндө сиздер менен кайрадан жолуктурган Жараткан Алла Таалага чексиз мактоо айтабыз!
«Заманың келет закымдап, тайган иттей такымдап...» деп ак таңдай Арстанбек Буйлаш уулу айткандай, ааламдашуу жараяны адам баласынын ахлагына, турмушуна, жашоого болгон көз карашына, тутунган динине да таасирин тийгизип, тайган өңдөнүп такымдап турган чагы. Илимпоз иликтөөчүлөрдүн, интеллигенция өкүлдөрүнүн айтуусуна караганда «ааламдашуу» жараянынын башталышын дээрлик көпчүлүк ирээнжип сумсайыңкы маанайда кабыл алып, пессимиттик ойдон арыла албай, келечекке үмүтсүз карап калышты.
Бул жараяндын айрым бир өңүтү адампенденин напсине майдай жаккандыктан шылтоонун баарын базар экономикасына шылтап салып, «АРАМ» деп эсептелгенине карабастан ойго келбеген, ата-баба угуп-көрбөгөн жосунсуз жоруктарды өздөштүрүп, ал тургай анын мыйзамдаштырылышын талап кылууга өтүштү.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бир хадисинде: «Бир учурлар келет; менин үммөтүмө Исламды тутунуу колуна чок кармап жүргөнгө тете» деп айткан. Бул хадиске назар салсак, чындап эле азыр динди тутунуу көптөгөн мекендештерибиздин напсисине өтө эле оор келет. Анткени, бүт айлана-чөйрөнү ааламдашуу жараянынын кесепеттүү толкуну каптап баратат.
Ак Башат бул санда «ааламдашуу» жана «сойкулук» темаларына басым жасады. Анткени, учурдун бул өңдөнгөн эң актуалдуу темалары жана алардын жаман жагы көпчүлүк массалык маалымат каражаттарында айтылбай да, жазылбай да калып келет. Айтылса да тапткыр башка багытта болуп, карама каршы пикирлердин жаралуусуна себеп болуп келүүдө. Тактап айтканда, адам укугуна жамынып алган айрым мекендештерибиз «сойкулардын укуктары» деп ураан чакырып, аты жаман кесипти мыйзамдаштыруу тууралуу сөз козгой баштады.
Кандай гана болбосун, ар бир адам жашоодо өз максаты, өз аракети менен күн кечирип келет. Бирок, ошол эле учурда адамзат үчүн жашоонун эң сонун үлгүсү катары бардык майда-баратына чейин белгилүү бир тартипке салынган жашоо системасы-ыңгайы тартууланган. Албетте – бул ИСЛАМ. Себеби, Ислам дини ата-эне менен балдардын, улуулар менен кичүүлөрдүн, үй бүлө жана коом мүчөлөрүнүн ар биринин бири-бирине болгон бардык жааттагы мамилелерин, милдет жана укуктарын эң сонун таризде ачык айкын көрсөтүп берген.
Куран – бул бүт нерсенин көрүнөө жана көмүскө тарабын ийне-жибине чейин билген Алла Тааланын сөзү. Куранда «сойкулук» тууралуу «ЗИНАГА ЖАКЫНДАБАГЫЛА!» деп айтылышынын өзү эле анын зыяндуулугунан кабар берет.
Башта айтылгандай Ислам дини сойкулуктун, зинанын алдын алган чараларды, эрежелерди бекиткен. Жадагалса дарамети, күчү (темпараменти) ашып-ташкандар үчүн төрткө чейин үйлөнүү сыяктуу адал жолду сунуш кылат.
Акыркы мезгилдерде адамзааданын ахлактык жактан алсырап кетишинин негизги себеби – ыймансыздык...
Айрым адамдардын пикирлери менен гана чектелип калбастан элдин да пикирин билели деп «Сойкулуктун мыйзамдаштырылышына көз карашыңыз?» деген суроону ар кандай кесип ээлерине жана ар кандай жаштагы 1000 адамга узаттык. Миң адамдын ичинен 997 адам «Каршымын!» деген жоопту берди. Калган үчөө арсар көз караштагы адамдар болуп чыкты. Ошентип коомчулуктун да сойкулукту мыйзамдаштырууга караманча каршы экени маалым болду.
Ошондуктан Ак Башат журналы бул санда көйгөйлөр менен гана чектелип калбастан буларды чечүүнүн жолу, тактап айтканда, ыйман жана абийир темаларына да басым жасады.
Ошодой эле «Үркүн» окуясынын токсон эки жылдыгына карата, бул маселени кылдат иликтеп тарыхый роман жазган элибиздин белгилүү жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбеков менен болгон кызыктуу маекке орун бердик. Булардан башка дагы көптөгөн кызыктуу маалыматтар камтылды.
Кадырман калайык!
Ак төөнү карды жарылган берекелүү күздүн алгачы айында, Ыйык Рамазандын алдында жылуу маанайда көрүшкөнчө аман болуңуздар. Жайкы эс алууңуздар көңүлдүү өтсүн!
Терең урматтоо менен башкы редактор Акылбек Халбеков