Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Оо, Жараткан!

Оо, Жараткан Улуу Кудайым,
Мен өзүңө дилим бурайын.
Ал анткени сенден башка Кудай жок,
Келме айтып, тообо кылайын.

Асман, жерди алты күндө жаратып,
Жашасын деп, адам затын таратып.
Деңиз, дайра, Ысык-Көлдөй көп көлдү,
Суу түбүндө түркүн балык, түрдүү сонун чөптөрдү.
Жер бетинде жаныбарлар, жерди, тоону,
Сен койгонсуң бүт адамга каратып.

Жиндер жана адамзатты Кудайым,
Чын дилинен сыйынсын деп жараткан.
Нээтин түзөп, беш маал намаз оку деп,
Ыйык Кааба кыбыланы караткан.
Чындык дүйнө, ачык асман үстүндө,
Алла Таала бул дүйнөнү убактылуу жараткан!

Күндү бердиң, адамзаты иштеп жанын баксын деп,
Айды бердиң караңгыда барчу жолду тапсын деп.
Сансыз жылдыз көркүн ачып асмандын,
Түндү бердиң адамзатын тынч эс алып жатсын деп.
Бекер бердиң дем алсын деп абаны,
Бекер бердиң сууну жана баланы!

О, адамзат! Күн болбосо, түн болбосо не болмок?
Жан-жаныбар, адамзат да жашай албай жоголмок.
Суу болбосо, аба, жылдыз болбосо,
Элестетчи, жер жүзүндө не болмок?
Кудурети өтө күчтүү Алланы,
Эстебесек бизди Кудай урганы!

Ушулардын баарын берген Кудайым!
Мен диниме айныбастан турайын.
Күнү-түнү тикебизден тик туруп,
Жалынсак да, аздык кылат, Кудайым.

Жалган дүйнө, жалган буга алданба,
Жалган айтып, жаман айтып карганба.
Алла берген байлыгыңдан зекет бер,
Колунда жок, жесир, жетим балдарга.
Сен өлгөндө байлык калат артыңда,
Зекет сообу жардам берет акыретке барганда!

Оо, адамзат! Ойлонолу, ойгонолу тезирээк,
Өмүр өтөт билинбестен мемиреп,
Сыйынбастан өмүрүңдү өткөрсөң,
Анан аттиң... болуп калат кечирээк.

Башына