Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Жараткан Алланын ысым-сыпаттары

Ас-Салаам

«Салам» сөзү арап тилиндеги «са-ла-ма» деген уңгудан чыгып, «тынчтык, бейпилдик, амандык, эсендик, моюн сунуучулук, баш ийүүчүлүк» деген маанилерди туюнтат. «Ислам» сөзү да ушул уңгуга такалат. Ал эми «ас-Салаам» - бул Улуу Алла Таалага таандык ысым-сыпаттардын бири болуп, анын Затынын аруулугуна жана сыпаттарынын ар кандай кемчиликтерден алыс болгондугуна ишарат жасайт.

Куранда «ас-Салаам» сөзү Алланын сыпаты катары бир аятта өтөт. Анда төмөнкүчө буюрулат: «Ал – Аллах! Андан башка кудай жок. (Ал) Падыша, Ыйык, ас-Салаам, амандык ыроолоочу, Көзөмөлдөөчү, Үстөмдүк кылуучу, Каардуу жана чоңдук ээси. Алар шерик кошкон нерселерден Алла Таала аруу (таза)!» (Хашр сүрөсү, 25).

Ал-Мумин

«Мумин» сөзү «а-ми-на» этиши аркылуу «амн» уңгусуна такалат. «Амн» сөзү «ар кандай коркунучтардан, кооптуу жагдайлардан оолак болуу, коопсуздукта болуу, толук кандуу ишенимдүү болуу» деген маанилерге далалат кылат.

Ал эми «ал-Мумин» Алла Тааланын сыпаты катары «ишеним, бейпилдик, тынчтык тартуулоочу» деген маанини билдирет.

Ал-Мухаймин

«Хаймана» сөзү «теске салуу, күзөтүү, колдоо, назар салуу» деген маанилерди түшүндүрөт. Мына ушул сөзгө такалган Алла Тааланын «ал-Мухаймин» сыпаты «жаамы жандуу-жансызды күзөтүп туруучу, теске салуучу, аларды коргоп туруучу» деген маанилерди туюнтат.

Ал-Азиз

«Азиз» сөзү арап тилиндеги «азза» уңгусуна такалып, күчтүү, үстөм, улуу, эч убакта жеңилбеген деген маанилерди туюндурат. Терминологиялык мааниде болсо, Улуу Жараткан Алланын кескин үстөмдүгүн, кудуреттүүлүгүн, жогорулугун түшүндүрөт. Ал эч качан жана эч бир таризде жеңилбеген, кескин түрдө үстөмдүк кылуучу, каалаганын жүзөгө ашырууга кудуреттүү.

Алла Тааланын «ал-Азиз» сыпаты Кураны Каримдин токсон бир жеринде өтүп, жалгыз эскерилген эмес. Бул сыпат дайыма Алла Тааланын башка сыпаты менен жанаша келген. Ал-Азиз сыпаты эң көп «ал-Хаким» (Даанышман) сыпаты менен кырк жети жерде эскерилген. Мындан сырткары он беш жерде «ал-Алим» (Билүүчү), андан кийин «ал-Каавий» (Күчтүү), «ар-Рахиим» (Ырайымдуу), «ал-Хамид» (Мактоого татыктуу), «ал-Гофуур» (Кечиримдүү), «ал-Карим» (Жоомарт) ысым-сыпаттар менен чогуу айтылган.

Ал-Жаббар

Жаралган бардык жандуу-жансыздын муктаждыктарын камсыздоочу, ар тараптан күчтүү, кудуреттүү. Ошондой эле жаралгандардын бардыгын Өзүнүн эркине мажбур кылуучу, каалаганын жасатууга кудуреттүү. Алла Тааланын «ал-Жаббар» сыпатынан улам «андай болсо адамдын эрк-каалоосу, эркиндиги жок экен да» деген ойго келбөө зарыл. Себеби Алла Таала өзүнүн мыйзамына моюн сунуп-сунбоо өңүтүнөн адамды өз эркин койгон. Арийне, адамдын Алла тарабынан акыл-эстүү жана эрк-каалоого ээ болуп жаралышынын өзүнчө мааниси бар. Алла Таала адамды Өзүнүн өкүмдөрүн үйрөнүп-билүүгө жөндөмдүү, акыл-эстүү кылып жаратып, ага шарияттын негизинде жүрүп-жүрбөшү өңүтүнөн кыяматта суракка алууда адилеттүүлүк үчүн эркиндик берген.

Башына