Он бешинчи сан

Мазмуну
Тарыхка кылчая турган болсок, Кыргызстандын аймактарынан бир топ эшен (сопу) чыкканы маалым.
XI кылымда «Куттуу билим» аттуу даңазалуу чыгарманы жазган Жусуп Хас Хажиб Токмок шаарына жакын жайгашкан Баласагындан чыккан.
Аталган чыгармада көптөгөн ахлактык маселелер козголгону аны жазган адамдын тасаввуфка тиешеси бар экендигинен кабар берет.
Бирок, Жусуп Баласагындын таржымалы тууралуу маалыматыбыз аз болгондуктан, анын тасаввуф менен болгон алакасы белгисиз бойдон калып келет.
Кыргыз адабиятынын эң маанилүүсү деп саналган Манас эпосунда «чилтен» сөзү менен тасаввуфка тиешелүү «кайып», «кырк» деген маани айтылат1 .
Ошондой эле эпостогу «Баабедин» деген ысым көрүнүктүү сопу Бахауддин Накшибандинин ысмына ишаарат кылат2 .
Тарыхтан ушу күнгө чейин Ахмад Ясави, Ашкий жана Накшибандий сыяктуу сопулар жана алардын жамааттары Исламды жана тасаввуф ахлагын үйрөтүп, диний таалим-тарбияны кыргыздарга жеткирип келишкен.
Орто Азиядагы түрк тилдүү элдерге Исламды жайылтууда албан салымын кошкон Ахмад Ясавинин ой-пикирлерин жыйнактап, муриттери тарабынан сүрдүрүлгөн бул жаамаат кыргыздарга да жетип, бир топ таасирге ээ болгон. Булактар тастыктагандай Ясави жамаатынын көз карашын кыргыз элине эң алгач Ахмад Ясссавинин шакирти Хаким Ата деген каймана лакаптуу Сулайман Бакыргани (өл. 582/1186) алып келген3 .
Ошол учурдагы кыргыз аалымдары «Диван-ы хикмат» менен Хаким Атанын ырларын камтыган «Бакырган китебин» өспүрүмдөргө окуткан4 .
«Акыретте Мизан таразасынын башында жана Сырат көпүрөсүндө кыргыздарга
Ахмад Яссави жардамга келет» деген сыяктуу элдик ишеним Ясави сопулук жамаатынын эл ичиндеги таасиринин канчалык деңгээлде экендигин айгинелеп турат5 .
XIX кылымдын аяк жагында Кыргызстандын түштүгүндө пайда болгон Лачилер менен 1920-жылдары Орус баскынчылыгына каршы чыккан Чачтуу Эшендер да Ясавиден таасирленген тасаввуфтук топтор экендиги айтылып жүрөт6 .
XIV кылымда Фергананын Ширкент аймагында жашаган жана Ашкийя (Ышкия) сопулук жамаатынан саналган Мавлана-и Аазам деген каймана лакабы бар Саййид Мир Жалилдин медреседе дарс берип, ошол эле учурда жамаатка тасаввуф жаатынан дилмаек кургандыгы булактарда айтылган.
Көптөгөн адамдар жана кыргыз урууларынын бийлери Өзгөндүк сопу Бурханиддин Кылычка кол бергендигин анын шакирти (Аксылык) Сайпидин Аксыкентий «Мажмуат-таварих» аттуу парс тилинде жазган эмгегинде баяндаган. Ошондой эле көптөгөн мусулмандардын Саййид Мир Жалилге кол берип, ага шакирт-мурид болушу, анын эл ичинде кадыр-баркынын өсүшү Тимурдун тынчын алган.
Ошол себептен аны Самарканга чакыртып соттогонго чейин барган.
Бирок Тимурдун таасирлүү казыларынын бири саналган Салахиддиндин киришүүсү жана ачыктан-ачык жан тартуусунун натыйжасында атактуу сопу эркин койо берилген7 .
Тарыхчы Сайпидин Аксыкентинин урпагы саналган атактуу Нурмолдо кыргыз тарыхынын алдыңкы сабындагы аалымы жана акыны болуп эсептелет8 .
«Кадирилик» жамааты XIV кылымда Абдулкадир Гейлани тарабынан түптөлгөн. 1218-жылы Чыңгыз хан Бухараны басып алат да, андагы Кадири шейхи
Мавлана Хажы Ахмадды бийлик борбору жайгашкан Алмалыкка алып келет. Мына ошондон тарта Кадирий тасаввуф жамаатынын көз караштары Теңир-Тоолук кыргыздарга чейин жеткен. Бир топ убакыттан кийин бул жерден качкан шейх Чыгыш Түркстандагы
Аксуунун Кетиг шаарына жайгашат. Өзүнө көмөк көрсөтө турган жамаатка ээ болгондон кийин алардын жардамы менен Исламды жайып, тасаввуфтук иш-аракеттерин жүргүзөт.
Мавлана Хажы Ахмаддын неберелеринен Шейх Жамалиддин Кетги жана уулунун аракети менен кыргыздарды да башкарып турган Чагатай Ханы Туглук Темир мусулман болуп, Кадирий жамаатына киргенден кийин, аймакта аталган жамааттын таасири дагы да күчөйт. Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин, аймакка Накшибандий жамааты келгенден тарта Кадирий жамаатынын таасири азайат9 .
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Кадирий тасаввуфтук жамаатын тутунган айрым чечендердин түштүк Казакстанга сүрүлүшүнүн натыйжасында аймакта «Кунта хажы сопулар», «Зикирчилер» жана «Вайис хажылар» сыяктуу аталыш менен кайрадан жайыла баштаган Кадирий жамааты Кыргызстандын түндүгүндө жашаган кыргыздарга да тасаввуфтук иш-аракеттерди жайылткан10 .
XII кылымда Орто Азияда жашаган Хажы Абдулхалик Гуждувани (өл.1218) тарабынан түптөлгөн Хажеган тасаввуфтук жамааты кийинчерээк Бухаралык Бахауддин
Накшибандинин ысмын алып «Накшибандийлик» болуп өзгөрөт да Маварахуннахр, Хорасан аймактарынан өтүп Чыгыш Түркстандын Кашкарына чейин жайылат.
Кожо Исхак олуя деп аталган Накшибанди жамаатынын өкүлү Теңир-Тоонун түштүк батышындагы кыргыздарга Исламды жеткирүүдө албан салым кошкон. Ошентип, Кокон хандыгынын тушунда Накшибанди тасаввуф жамаатынын таасири арткан.
XX кылымдын алгачкы чейрегинде Советтер Союзунун Орто Азияга бийлик орнотушунан тарта диний жана айрыкча тасаввуфтук иш-аракеттерге катуу тыю салынып, басмырланган. Натыйжада, тасаввуфтук жамааттар эл ичиндеги таасирин жоготуп, кай бирлери биротоло жок болуп кеткен.
Кыргыздардын мусулман болушуна, Исламдын ахлактык маселелерин үйрөнүшүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап калышына тасаввуфтук жамааттар эбегейсиз чоң салым кошкон. Тасаввуфтук иш-аракеттерди каралап рапорт жазган Орусиянын Түркстандагы губернаторлору Н. С. Ликошиндин береги сөздөрү жогорудагы маалыматты тастыктап турат:
«Жергиликтүү калктын ичинде эшендердин (шейхтердин) таасири күч. Мына ушул себептен эшендерге тийиштүү бүт нерсени жакындан таанып-билүү биздин негизги милдетибиз деп эсептейм.
Тасаввуф (суфизм) көчмөн кыргыздарды мусулмандаштыруу менен бирге саясий өңүттөн да башка элдер менен бириктирип, күчтөндүрүп жатат. «Биздин заманда тасаввуфчулуктун жайылышы мүмкүн эмес!» деп кайдыгер мамиле жасабайлы. Бул караңгы калктын арасындагы эшендердин таасирин азайтуунун зарылдыгын эстен чыгарбашыбыз керек!11 »
Жогорудагы айтылгандардан эки нерсени унутпоо керек. Биринчиси; тарыхта кыргыздардын Ислам динин кабыл алуусунда тасаввуф чоң рол ойногон. Экинчиси болсо, кыргыз калкы тасаввуфтун арты менен Орто Азиядагы башка түрк элдери менен диний, саясий жана башка карым-катнаштарын күчөйткөн.
Тасаввуфтук жамааттар бүтүндөй Орто Азияда болгону сыңары Кыргызстандын аймагында да улуттук боштондук кыймылдарында, тактап айтканда мекенди баскынчылардан коргоодо чоң салым кошкону кашкайган чындык. Атап айтсак, XVII кылымда калмактарга жана XIX кылымдын аяк чениндеги Орус баскынчылыгына каршы турган улуттук боштондук кыймылында сопулар, эшендер албан жүктү аркалаганы тарыхый чындык.
Маселен, 1898-жылдагы Андижандагы орустарга каршы кыймылды Накшибанди тасаввуфтук жамаатынын таасирлүү адамы Миңтөбөлүк Мухаммед Али (Дүкчү эшен) уюштурган. А орустардын айтууларына караганда бул боштондук кыймылын Осмон мамлекетинин султандары колдогон.
Көпчүлүккө маалым болгондой орустар аскерий жана курал-жарак жагынан күчтүүлүк кылып көптөгөн кыймылдарды басып, бүтүндөй Орто Азияны басып алган. 1930-жылынан тарта дин жаатына ашкере катуу кысым башталып, молдолор, сопу-эшендердин көпчүлүгү өлүм жазасына кесилип, айрымдары Сибирге сүргүнгө айдалган12 .
1 Bk. Wilhelm Radloff (derleyen), Manas Destanı (hazırlayan: Emine Gürsoy Naskali),
Ankara 1995, s. 19 (satır: 130).
2 Bk. Wilhelm Radloff, age, s. 172 (satır: 978).
3 Fuat Köprülü, Türk Edebiyatında İlk Mutasavvıflar, Ankara 1981, s. 56; a.mlf, “Ahmed
Yesevî”, İA, I, 211.
4 Хусаин Карасаев, Камус наама, Бишкек-1996. шам басмасы, 150, 429-б.
5 Хусаин Карасаев, Камус наама, Бишкек-1996. шам басмасы, 429-б; Seyfettin Erşahin,
age, s. 56.
6 Alexandre Bennigsen, “Orta Asya’da Tarîkatlar”, İslâm Dünyasında Tarîkatlar
(ed. A. Popovic, G. Veinstein; trc. Osman Türer), Ankara 2004, s. 59;
http://www.everyculture.com/Russia-Eurasia-China/Kyrgyz-Religion-and-Expressive-Culture.html (20 Nisan 2007)
7 Seyfeddin Ahsîkentî, Mecmûu’t-tevârîh, Bişkek, Kırgız İlimder Uluttuk Akademiyası,
Kol Yazmalar Fondu, nr. 167a (277), vr. 47b-51a, 57b-61a.
8 Кубаныч Айдарбеков, “Молдо Кыргыз медресеси жана Нурмолдо”, Акбашат, 7-сан
(Бишкек, март-апрель 2007), 20-21-б.
9 A. Bennigsen- Chantal Lemercier Quelquejay, Sufi ve Komiser (trc. Osman Türer),
Ankara 1988, s. 83; Enver Baytur, Kırgız Tarihinin Leksiyaları,
Bişkek 1992, II, 81-82; T.W. Arnold, İntişâr-ı İslâm Tarihi, trc. Hasan Gündüzler, Ankara 1971, s. 238; Erşahin, age, s. 59-60.
10 Alexandre Bennigsen, agm, s. 60, 63-64.
11 Н. С. Ликошин, Пол жизни в Туркестане, Петроград 1916, 156-б.; Мамбеталиев, Суфизм жана
анын Кыргызстандагы агымдары, Фрунзе 1972, 33-б.
12 Süleyman Derin, “Tasavvufun Orta Asya’da Yakın Geçmişteki Rolü: Kırgızistan Örneği”, Tasavvuf:
İlmî ve Akademik Araştırma Dergisi, sy. 16 (2006), s. 18-20.