Он бешинчи сан

Мазмуну
Ак Башат казынасынан
Куран-ы Каримдин 43 жеринде аты аталган Нух пайгамабар “улул-азим” пайгамбарлардан болуп саналат. Анын чыныгы аты Яшкур, Сакин, же болбосо
Абдулгаффар деп айтылат. Лакап аты “Нажиюллах” жана “Шайхул-Анбия”
болгон. Азирети Нух миң жылга жакын жашаган.
Бул пайгамбар мал багып, кээде соода-сатык менен алектенип тиричилик өткөргөн.
Азирети Идрис пайгамбардан кийин элдер туура жолдон адашып, буттарга жана айкелдерге табына башташат. Ошентсе да аны ээрчиген Вадд, Сува, Ягус, Яук жана Наср сыяктуу ыймандуулар анын шарияты менен жашап, элдерди ошого чакырышат.
Ыймандуу пенделер бу дүйнөдөн өткөндөн кийин кийинки муундар эки жүздүү мунафыктардын сунушу боюнча жана өздөрү да эскерип туруу үчүн алардын айкелдерин жасашат. Убакыт зымырап куштай сызып, улам жыл өткөн сайын ал коом өз колдору менен жасаган айкелдерди “Кудай” дешип, бутпарас болуп калышат.
Азирети Нухка пайгамбарлык берилгенде перзенттери Хам, Сам, Яфас башында болгон бир ууч адам ага ыйман келтирип, чакырыгына ишеним беришет. Канан аттуу уулу гана анын пайгамбарлыгына ишенбеген топко кошулуп кетет.
Баяндамаларга караганда, Нух пайгамбардын уулдары Самдан арап жана перс, Хамдын тукумунан индус, эфиоп жана африка элдери, ал эми Яфастан болсо азия элдери жана болжол менен Беринг кысыгынан өтүп, Америкага жайгашкан жергиликтүү калк көбөйүп олтуруп дүйнөгө тараган.
- .Буттарды (идолдорду) Кудай деп эсептешкен.
Учурунда жөн гана эстелик жана урмат-сый үчүн тургузулган айкелдер бир топ убакыт өткөндөн кийин табыныла турган буттарга айланган. Бутпарастык деген ишеним адамзат тарыхында доордун агымына, өзгөрүшүнө жараша ар кандай формага кубулуп адамзааданы ак жолунан адаштырып азгырып кеген.
Нух коому: “Мындай дешти: Эсиңерде болсун! Кудайыңарды эч качан таштай көрбөгүлө! Айрыкча Вадди, Суваны, Ягусту, Яукту жана Насрды эч тана көрбөгүлө!” (Нух, 23)
Аты аталган буттардан: Вад эркек, Сува аял, Ягус арстан, Яук ат жана Наср бүркүт түрүндө жасалган айкел эле.
(Е. Хамди Языр, 8/5378) - .Заалымдыктын жана адашуунун туңгуюгуна батышкан эле. «Алар эң заалым жана эң бузукулардын накта өзү эле.» (Нажм, 52)
- .Алар ар кандай күнөөлөрдү жасоодон баш тартышпайт эле. «Алар күнөөкөр, (жолдон) адашкан коом эле» (Зарият, 46).
- .Бардык баалуу сапат, жакшы мүнөздөрдөн айрылып, жамандык атынан ураан чакырып калышкан эле. «Чынында эле алар абдан начар калк эле» (Анбия, 77).
- . Шайтанга, напсиге азгырылып, айбандан да төмөн абалга жетип, куру намыс үчүн жашап калышкан (Араф, 64).
Чакырыктагы узак жылдар Нух элүү жашка чыкканда Жабраил (алейхиссалам) келип, ага пайгамбарлык деген ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү озуйпаны милдеттендирет. Нух пайгамбар өмүрүнүн соңуна чейин тавхит ишенимине үгүт жүргүзөрүнө убада берет.
Бул жагдай туурулуу Курандын көптөгөн аяттарында айтылып келет: “Чындыгында Биз, Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. (Нух) аларга: «Мен, албетте жалаң гана Аллага ибадат кылууңарды калыс эскертүүчүмүн. Алладан башкага табынбагыла! Мен келечекте силердин башыңарга жан чыдагыс азаптын келишинен корком!» деди” (Худ, 25, 26).
Пайгамбарлык келгенден тартып Нух (алейхиссалам) озуйпасын жашыруун түрдө жүргүзгөнгө мажбур болот. Кийинчерээк чакырыгын ачык-айкын баштайт. Жаш кезинде көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө татыктуу болгонуна карабастан учуру келип, Жараткандын Ак динине чакырууга милдеттендирилгенден кийин аны аз гана адам ээрчийт.
Нух пайгамбарды ээрчигендердин көпчүлүгү кедей-кембагалдар болгондуктан, падыша баш болгон ишенимден тайган акылы тайкылар аны маскаралап күлүшчү. Каапырлар анын дымагын өчүрүү үчүн:
“Бүт шерменде бетпактар ээрчип алган ушу сага ишеним арталыбы?!” (Шуара, 111) деп өчүккөндөн өчүгө беришет.
Коомдун көз карашында ал куру эле убара тартып, азап чегип жүргөн бир байкуш эле. А аныгында алар ойлогондой эмес эле. Ал толгон-токой машакаттарга карабастан жалаң гана сабырдуулук менен алга карай кадам таштагандан тажаган эмес. Жараткандын жароокерлиги менен Жабраил периште кээде келип анын жараланган жерлерин дарылап кетчү.
Мушриктер: – Нух абалың кейиштүү! Ушунчалык акаарат кылып, токмоктогонубузга карабастан чакырыгыңдан дагы эле баш тарткың жокпу?
– Мен али акылымдан адаша элекмин. Ата-бабаларыңар мына азыр азап тартышууда. Эсиңерге келгиле!
Силер менин чакырыгымдан миң жолу жүз үйрүсөңөр да мага кыпындай дагы зыян келтире албайсыңар! Айтып койоюн, өзүмө зыяны тийип калат деп силерден эч убакта коркпоймун! Мен жалгыз Аллага гана тобокел кыламын!.. А, чакырыгым үчүн силерден эч нерсе доолабаймын!.. деп эр жүрөктүүлүгүн ачык айтып, аларды ойго салат.
Каапыр коомдун кордугу чектен ашат. Акырында алар Кудайы азапты талап кылганга чейин барышат. “Алар: «Эй, Нух, мына биз менен талашып-тартыштың. Эми чындап ыраскөйлөрдөн болсоң, бизге убада кылып жаткан нерсеңди (азапты) алып кел” дешти (Худ, 32).
Дагы да чектен ашканына карабастан, Азирети Нух аларга Жараткандын буйругун жана бере турган мүмкүнчүлүгүн эскертти: “Жалгыз Алла Өзү каалаган чакта гана ал нерсени силерге келтирет. Ошондо силер эч кайда качып кутула албайсыңар. Эгерде Алла силерди жолдон тайдырууну кааласа, мен насаат кылууга аракет кылганым менен силерге ал пайда бербейт. Ал силердин Раббиңер жана Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар” (Худ, 33, 34).
Оңолууга, пейлин түздөөгө ниеттенбеген бул коомго алгачкы азабынын кабарчысы кылып, Алла Таала аларга кырк жыл жамгыр жаадырбай, кургакчылыкта кууратат. Ошондой эле алар кырк жыл бою балалуу боло алышпайт, мал-жаны кыргынга учурайт. Айласы кеткенде аргасыздан Нух пайгамбарга кайрылышат.
“Буттарга табынуудан баш тарткыла, мен силер үчүн дуба кылайын!” дейт да, Жаратканга кайрылат:
“Оо, Жараткан, мен коомума:“Раббиңерден кечирим сурагыла, албетте, Ал Кечиримдүү!» дедим.” (Нух, 10)
“(Кечирим тилегиле) Ал үстүңөргө көнөктөтүп жамгыр жаадырсын. Жана силерге мал-дүйнө, бала-бакыра, бак-дарактарды ыроолоп, дарыяларды агызсын” (Нух, 11, 12).
Тилекке каршы, терсаяк бутпарастар пайдалуу насаатарга кулак салбай коюшат.
“Нух айтты: Раббим, чындыгында алар мага тоң моюндук кылышты, дагы (тапкан) мал-дүйнөсү жана бала-чакасы өзүнө зыянды гана көбөйткөн адамдарды (өздөрүнүн дөөлөттүү башчыларын) ээрчип кетишти” (Нух, 23).
Жүрөгү кулпулуу каапырлар өчүгүшкөндөн өчүгүшүп, азаптын сан түрүн көрсөтүп, Нух пайгамбарды кордукка куйкалап жиберишет. Акырында чындап эле сабыры түгөнүп, күйүттөн түтөй:
“Ошондо ал Раббисине: Мен (ал каапыр коомумдан) жеңилип калдым. Өзүң жардам кылгын! деп жалбарган эле” (Камар, 10).
Жолдон азган коомунун кордугун жүздөгөн жылдар бою армансыз тарткан Нух пайгамбарды жубатуу үчүн Алла Тааладан мындай кабар келет:
“Ошентип Нухка: «Элиңдин ыйман келтиргендеринен башкалары (эч качан) ишенишпейт. Эми алардын жасаган иштерине кейибе», деген кабар түшүрдүк.
«(Биздин) көз алдыбызда кеме жаса. Зулумдук кылгандарды (каапырлар) даттанып Мага кайрылба! Эми, алар (топон сууга)чөктүрүлөт», дедик” (Худ, 36, 37).
Кеме куруу иши башталгандан тартып, бутпарастар кутургандай кайра тоскоол кыла башташат.
“Кемени жасап жатканда өз коомунун бийлери жанынан өткөн сайын аны келекелеп жатышты. Нух аларга: «Эгер (бүгүн) силер бизге күлсөңөр, билип койгула, жакында куду силер күлгөндөй биз да силерди келеке кылабыз!” деди» (Худ, 38).
“Демек, жакында шерменде кылуучу азаптын кимге келишин жана кимдин башына түбөлүк азап түшө турганын билесиңер” (Худ, 39).
Кылымдар бою жасаган карөзгөйлүктөрүнө канааттанбаган каапырлар түнү кемени өрттөп жиберүүгө келишет. Тилекке каршы, Кудайдын Кудурети менен кеме күйбөй койот. Каапырлар ушуну менен эле жөн калбастан, дагы башка душмандыктын түрлөрүн ойлоп табууга киришет.