Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

«Адам ыйманы менен инсан катары жашайт!»

Үркүн окуясына токсон эки жыл болгонуна байланыштуу, бул жаатта атайын тарыхый роман жазган элибиздин көрүнүктүү жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбеков менен маектештик. Төлөгөн аба жетимиш сегизге чыгып улгайса да карылыкка моюн сунбай дале болсо чыгарма жаратуунун үстүндө иштеп жатыптыр. Сукбат куруп жатып Төлөгөн абанын сөзүндө угуттуу тереңдик да, бийиктик да бардай сезилди мага. Кээде тыңсынган көп пенделердин сөзүн бир күн кечке тыңдасаң да, баягы ышпалдасы чыккан жалпы Добуштун тааныш кайрыктарын угуп, кур десе тырнакчалык сезимге жугар сөз таппай чыгасың.

Мага... Төлөгөн абанын ар бир айткан сөзү ушул жалпы Добуштун арасындагы өзгөчө үндөй, өзгөчө акыйкат көз караштай туюлду.

Жылдыздай бийик сөздөргө чаң жукпасын билерсиң, окурман. Анда, бүгүнкү төрмаекке назар салыңыз...

-Ассаламу алейкум. Агай маегибизди чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктар менен баштасак. «Кыргын» аттуу китебиңизден кийин учурда кайсы чыгарма менен алектенип жатасыз?

-Мен башынан баштайын. Сынган кылычты 26 жашымда баштагам. 1966-жылы биринчи жолу 80 миң тираж менен жарыкка чыгардык. Сынган кылычты улантып олтуруп 2005-жылы 74 жашымда «Кыргын» деген роман менен аяктадым. Кыргын деген роман 1916-жылдагы каргаша жөнүндө жазылган. Учурда Кыргындан кийин 7 томдук жыйнактын үстүндө иштеп жатам. Бул жыйнакта «Сынган кылыч» эки томдон турат. Андан кийинкиси «Келкел», «Баскын», анан майда чыгармалар; «Адам болгум келет», «Кичинекей жылкычы», эң акыркысы «Кыргын». Кудай буюрса сентябрда колубузга тийип калат деген жакшы үмүтүбүз бар. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө «Өткөн өмүр, көргөн күн» деген өздүк мемуарым, тактап айтканда, мемуардык роман бышып, чыгары жакындап калды. Бул эмгек эки томдон турат.

-Сиздин оюңузча ошол учурда «Үркүн» каргашасын болтурбоого кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр бар беле?

-Бул каргашаны болтурбай койууга эч кандай мүмкүн эмес болгон. Кыргыздын далайынын башын жуткан бул кыргын атайын мамлекет тарабынан уюштурулган. Муну жалаң эле орус жасаган эмес, ошол оруска ыктаган, жашоосунун жыргалын көздөгөн кыргыздын айрым бир «тың чыкмалары» көмөк болгон.

Анан эми биз үркүн тууралуу айта турган болсок, «Үркүн» деген сөз - бул өтө жеңилдетилген сөз. Дал ошол мезгилде биздин эл карышкырдан үрккөн койлордой болуп үркүп эле бир тоону ашып, анан таланып калган эмес. Биздин эл өкүлдөрү бир мерте ошону «үркүн» деп аташты. Бул окуя үркүн эмес, кыргын болгон. Ошондуктан мен муну атайын «Кыргын» деп жаздым. Кыргын башталганда дагы тетиги Аксыда башталган. Андан кийин өтө жаманы мына ошол Боом капчыгайынын ичинде болгон.

16-жылкы кыргында элди мынабу Чүй боорунан кубалап барып, Боомдун оозунан киргизип тиги башына чыккыча, кыргыз атпайды ат менен тебелетип, мылтык менен атып, таш менен уруп сөөккө толтуруп таштаган. Тайгак ашуу, тар кечүүлөрдө да кайран кыргыздын далайы кырылып кетти.

Бир жолу биз ошол жакка барып чогулуш өткөздүк. Ошол жерден көп адамдын сөөгүн көрдүк. Кыргыздар сөөктөрдү ыйлап жүрүп чогултуп ошол жерге көмүштү. Бул үркүн эмес, эч кимге эч кандай жамандык кылбаган элди бала-чака, катын-калач дебей бүт баарын атайылап уюштурулган кыргын. Менин иликтөөм боюнча, анда атайын туш-тушунан аскер менен башынан этегинен тороп туруп кырган.

Ошентип «Кыргын» менин эң акыркы чыгармам болду. Ошол, мен канча күн көрбөйүн, канчага чыкпайын, канча иш кылбайын, менин көңүлүмдө Алла Таала, Анын жардамы, жакшы адамдардын, жакшы элдин деми деген нерсе жашап келет. Канчалаган тоскоолдуктарга карабастан мен эч убакта өз элимдин, өз журтумдун дининен, аны сактап турган ыйманынан кайткан жокмун.

-Үркүн окуясынан биз кыргыз эли сабак ала алдыкпы? Эгер сабак ала албаган болсок, анын күчтүү таасирин азыркы муун эмнеден улам сезе албай калдык? «Кыргын» окуясына 92 жыл болду. Бүгүнкү күндө бул окуя тарыхый баасын ала алдыбы?

-Бул окуя тарыхый баасын ала элек. Алмак түгүл ошолорго боор тартып жүргөн кишилер бар. Кыргыз тилинде сүйлөп жүрүп кыргызга душман кишилер бар. Бул окуяга азыркы жаштардын кайдыгер карашына биздин басып өткөн саясий, тарыхый жолубуз бөгөт болду. Ал кездеги көзөмөлдү, кысымды өзүңөр жакшы билесиңер. Андан кийинкилер коркок билиштик кылып кыргынды жеңилдетип, бас-бас кылып олтурса бул каргашанын чымын чакканчалык таасири калбай калат. Бул жосунга абдан зээним кейийт.

-Төлөгөн аба, ыйман маселесине кандай карайсыз?

-Эми кыргыздарда ар кандай эл жашайт. Ар кандай жашта, ар кандай ой-санаада. Мен өзүмүн атамдан алган таалимим боюнча, жазган китептеримде эч убакта ыйманга шек келтирген эмесмин, Алла Таалага, ыйманга, башкача айтканда дин маселесине келгенде ошол атамдан алган таалимди бекем кармадым. Себеби адамда ыйман болбосо, анда эч кандай адилеттик, же болбосо мындай бир тазалык болбой калат. Адам ошол ыйманы менен, дини менен инсан катары жашайт.

-Жетимиш жылдык Совет доорунан кийин кыргыз эли эркиндикке жетишти. Өзүңүз билгендей бул улуу эркиндик менен кошо кыргызга көптөгөн жакшы-жаман өзгөрүүлөр келди. Мына ошол өзгөрүүлөрдүн ичинен кыргыздын нарк-насилине, эркиндигине балта чаба турган кандай терс көрүнүштөр сизди кейитет?

-Мына ушу кезге чейин кыргыздын экиге, үчкө бөлүнүшү, мындайча айтканда бөлүнүү дарты мени абдан кейитет. Бул баланча жерлик, түкүнчө жерлик деп кыргыздын жаман эски адаты калбай келе жатат. Эми менин оюмча, Кудай буйруса, муну калтырыш үчүн дагы кыргызга мусулманчылык керек, ыйман керек. Эгер биз ыйманды бекем сактабасак, анда элди экиге, үчкө бөлүү, бөлүнүп-жарылуучулук, ит арка тартып ырылдашуулар, уруучулдук басылбайт. Уруучулдук болгон жерге ынтымак уялабайт. Ынтымак уялабаган жерде өнүгүп-өсүү болбойт.

Бизди, улууларды кейиткен, коркуткан дагы бир нерсени айта кетейин – ал жакшы-жаманды, арам-адалды ылгабагандык. Баарын жаңы заманга, ааламдашууга шылтап коюу түркөйлүк. Жаңынын жакшысын алып, жаманын жээрий албай, тескерисинче жаманына кол созуп жатышат азыркы жаштар. Анткени, азыркы жаш муун эртеңки биздин келечегибиз. Келечегибиздин ушундай алаамат жамандыкты, арамдыкты ылгабашы кыргыздын келечегинин кооптуулугунан кабар берет.

-Өзүңүз билгендей ааламдашуу жараяны албууттанган селдей ыкчам каптап келатат. Айрым бир дүйнөлүк серепчилердин айтымында, бул жараяндын кесепети кээ бир майда элдерди алардын тили-дили менен кошо жок кылып жиберүү коркунучу бар экен. Кылымдарды карыткан кыргыз эли мына ушул коркунучка туруштук бере алабы? Туруштук берүү үчүн кандай өзгөчөлүктөрүбүздү сактап, өнүктүрүшүбүз керек?

-Туруштук бере алат деп ойлойм. Себеби кыргыз элине 16- жыл, 37-жыл кандай гана оор ачарчылык, кандай коогалаң турмуш алып келген. Кыргызым ошонун баарын башынан кечирип келген эл. Андан мурункуларын айтпай эле койолу. Кыргыз ошондо да жапатырмак тик турган. Ыйманын сактаган, дилин таза туткан, беш убак намаз окуган, мына тазалык. Анан кийин ачарчылыкта, эркектин дээрлик көпчүлүгү согушка кетип бүт кыз-келин, аялдар машак терип, кыргыздын тукумун сактаган. Анан согуштан курман болгондордун жубайын кайын агасына же кайнисине баш байлады кылып, тукумду тепсетпейли деп акылмандык менен чечишкен. Мына ушундай ажайып улуулук кыргызды сактап, кыргыздын өмүрүн ушуга чейин сак-саламат алып келген. Кудайга шүгүр, балдар моминтип чоңойуп, өсүп, доктор, профессор, академик болуп атат. Бул деген жакшы жетишкендик да.

Мындай кырдаалда биз эки нерсени сакташыбыз керек. Биринчиси –мусулманчылык, ыйманыбыз, экинчиси – Манасыбыз. Анткени мусулманчылык – Ислам дини илгертен бери мына майда урууларды бириктирип келе жаткан биримдиктин, өнүгүп-өсүүнүн, дегеле жакшылык атпайдын бешиги. Мына ушул нерсе аман турса, анан жанагы кылымдарды карыткан кыргыздын тарыхы – Манас аман турса, кыргыз эли жаман болбойт, өркүндөйт, өсөт.

-Кыргыз элиңизге, асыресе жаңыдан гана там-туң басып келаткан Ак Башатка ак батаңызды бере кетсеңиз?

-Эми кагылайындар, журналыңардын атын Ак Башат коюп алыпсыңар. Башат деген жанагы булактын көзү, башталышы да. Ак Башатыңар соолбосун! Жалпы журтчулуктун чаңкап турган рухун сугарган, жүрөктөрдөн түнөк тапкан мыкты журнал болсун! Жылдан жылга өнүккүлө, өскүлө! Өзүңөр жаш экенсиңер акылыңар, ой-санааңар дагы өйдөлөп, ата-бабаңардын, эл-журтуңардын ак кызматын өтөп, анан тиги-бул мезгилде жазылган нерселерди түп тамырынан бери кайрадан карап, кайрадан изилдеп, ошонун баарын калыс жеткирген жакшылыктын жарчысы болгула, айланайындар!

-Сизге да бекем ден-соолук, бакубат карылык каалайбыз. Аман болуңуз.

Маектешкен Акылбек Халбеков

Башына